Бридж Котхари: Кичинекей пианист

Кичинекей пианист

Бир кезде Азул аттуу кичинекей бала жашаган экен. Ал пианинодо ойногонду абдан жакшы көрчү жана келечекте мыкты пианист болууну эңсечү. Ар жекшемби күндөрү ал пианинодон атайын сабак алып, тажрыйба топтоп, күнүгө кечинде жатар алдында пианино ойночу. Азул күндөн-күнгө пианинону жакшы өздөштүрө баштады, анткени жан дили менен берилип ойночу эле. Кээде кечкисин жатарда тиш жууганды унутуп калса калгандыр, бирок пианинодо ойногонду эч качан унутчу эмес!

Күндөрдүн биринде, анын пианинодон сабак берген эжеси Вики, ага мындай деди:

-“Азул, эртең сен сахнада чоң аудиториянын астына чыгасың, анык, чыныгы пианист болосуң. Сенин колуңдун манжалары пианинонун клавишаларында тыйын чычкандай эле чуркайт”-деди. Бирок, менимче сага бир нерсе жетишпегендей эле сезилет.

-Эмне жетишпейт?- деп сурады Азул, анткени ал эмне жетишсиздигин билгиси келди. Ал, чындыгында жан дили менен мыкты гана пианист болбостон, атактуу пианист болууну каалоочу. Вики жылмайып карап турду да, анын кулагына пианино мугалими катары өзүнүн купуя сырын шыбырады.

-“Колуңдун манжалары менен гана ойнобой, жүрөгүң менен ойногонду үйрөн”. Адаттагыдай эле Вика өзүнүн наклейка салынган кутучасын алып чыкты. Азул колун сунду эле, Вика анын колуна кооз көпөлөктүү чаптаманы жабыштырды.

-“Мына, эгер сен жүрөгүң менен пианино ойногуң келсе, так ушул көпөлөк жөнүндө ойлон”,- деп айтты.

Ошол күнү бардык балдар паркта ойноп жатышкан, ал эми Азул көпөлөгүн гана карап турду. Ал ойго чөмүлүп: “Колумдун манжалары менен ойной алам, клавишаларды басып, башкарам. Бирок мен кантип жүрөгүм менен ойной алам? Мен өзүмдүң жүрөгүмдү көрө албайм да”. Ошентип, биринчи жолу пианинодо ойнобой туруп уктаганы жатты. Эл алдына чыгардын астындагы түнү ал жада калса пианинодо ойногон да жок. Жүрөгү менен кантип ойнош керектигин билбей турду.

Азул эртең менен ойгонду да, дароо көпөлөгүн карады.

-Оо, шумдук, жок! – чаптамасы жок болуп чыкты. Эми чыдамы кетти, чыны менен чыдамы кетти. Ал пианино ойноюн деди, бирок анын манжалары жөн гана селейип калгандай сезилди. Убакытка эч чек жок эмеспи, тыкылдап сааттын жебеси токтобойт. Концерт башталар убак да жакындап калды.

Тегерек сценанын ортосунда пианино турду, тегереги көрүүчүлөр менен курчалган. Азул сценага чыгып, роялга отурду да, бир паска көздөрүн жумду. Вики айткан сөздөрдү эстеди, көпөлөктү ойлоду. Тынчтыкта Азул канаттарын каккылаган үндү укту. Көпөлөк учуп келип далысына конуп, мелодияны ойной баштады. Анын манжалары клавишаларда өзүнөн өзү ойноп, жүрөгү чындап көпөлөктүн ырын ырдап жатты.

Которгон: Айдай Бекбоева