Проза

Биймамат кызы Гаухар, жазуучу:

КӨЧМӨНДӨР

Шаарда ижаралап, түндүгүнөн түштүгүнө, чыгышынан батышына, борборунан четине, аягы бүтпөөчүдөй тыгындарда  көчүп, конуп жүрүп. Бала кезинде журттан журт которуп, конуштан, конуш которуп ак жаан майдалап жаап, мойнунан суу кирип, мал айдап көчүп, конгон кездерин сагынып кетет.

ПАТИРИОТТОР

Жүзүнөн караганда эле башка рассанын өкүлү экенин билгизип турган, белгилүү улуттук курама команданын оюнчусун;  башында ак калпак кийип алышкан, денелерине өлкөнүн желегинин сүрөттү тартылган футболка кийип алган жигиттер тегеректеп алып, мындан кийин калпак кийип жүрүүсүн, анан кыргызча сүйлөөсүн талап кылышты.

Оюнчу “okey” деп гана кутулду.

Бирок чет элдик курама командалар менен кездешкенде, дайыма улуттук оюм-чийимдер түшүрүлгөн, кийимдерди кийип чыгат.

ЖОЛ БАШЧЫЛАР

Жогорку окуу жайда “Дүйнөдөгү апаат кыргын согуштар” жөнүндө лекция окуп жаткан лекторго, студент суроо салды.

-Эжей эмнеге дүйнөдөгү согуштардын баштоочулары анан согушкандардын көпчүлүгү жалаң эркек кишилер!

-Анткени алар, толготуп төрөп көрүшпөгөн да, –  деди лектор муңайым.

Динозаврлар

-Апа..? Телевизордон “Менин ажыдарым”мультфильмин көрүп отурган бала апасына суроо салды.

Оозунан от чачыраткан динозаврлар азыр эмнеге жок?

Балам азыр деле бар.

-Алар кайда?  Азыр деле алар менен согушушабы? Бала кызыгуу менен апасына карады.

-Азыр адамзаттын өздөрү жасаган динозаврлары кээ бир жайкын турмуштагы адамдардын, тиричилигин, өмүрүн талкалап, кыйноо, азап-тозок, жан дүйнөлөрүн жабыркатуу менен согушат.

-Чындап элеби? Алар эмнелер?! Бала ички дүйнөсү дүрбөлөңгө түшө, апасын тынчсыздануу менен карады.

-Ооба алар согуш самолёттору, курал-жарактары.

Картаюу

Жадыраган жаз күндөрү билинбей өтүп, толукшуган жай бүтпөөчүдөй жүргөн кезде, жалбырактар саргайып күз келип баштаптыр.

 

КАЙЫРМАК

“Сизди абдан урматтайм” эшигинин алдына коюлуп кеткен гүлдүн ичиндеги баракты окуп шуу этти жүрөгү.​ Менден дагы кайсы кызматты сурайт экен  аа. Санаа баса түштү.

АРГАСЫЗДЫК

– Эч өлкөдөн кеткенсиңби? – кыз жигиттен сурады.​

– Дайыма кетким келет, – деди жигит өктөм

– Ушундай кооз жерди таштаппы? – кыз таңданып сурады.

– Сиздей атасы жогорку кызматта, туугандарынын баарынын бизнеси бар кыз үчүн, кооз болушу мүмкүн, бирок мага окшош колунда материалдык байлыгы жок, мекендин жараны үчүн кетүү арзуу ….

КАПАСТА КУШ

Ушундай мукам үндүү булбул болгуча, жердеги бир таш болуп калганда… көзүнөн жашы келип, муңкана кыңылдап ырдап жатып ойлонду келин. ​

​ ЖУБАЙЛАР

Көз караш, пикирлери, максаттары, саналаары эч бири-биринен кол жеткистей алыстыкта.​ Бирок денелери оодарылса жетчүүдөй жакындыкта уктап жатышат.​

ТОЙ

​ Тойго эки жарым миллион кетти. Тойдон кийин, келин күйөө үй алганы мигрант болуп кетишти.

ПАРАЗИТТЕР

– Артыңдан ушунча жигит аарыдай ээрчип жатышат. Бирөөсүнө да эмнеге көңүл бөлүп карабайсың, –  деди эжеси турмушка чыга элек, 35тен өткөн ишкердик менен алектенген сиңдисине. ​

– Кызыксыз буларга азыр менин чырайым керек беле… булар болгону чиркейлер, – деди үшкүрө .

АКЫРКЫ САПАР

– Балалыгымдын баары кыргыз элинин материалдык байлыгы боз үйдө жашап, түнкү жылдыздарды түндүктөн тиктеп өттү,- деди жигит шаардык досуна.

– Мен эч качан боз үйгө кирбепмин, уктап да көрбөпмүн,-  деди досу кайдыгер гана.

– Анда сөзсүз бир күнү өзүн билбеген учурда  боз үйдө болосуң, – деди жигит досуна ойлуу.

ЖАМАН АЯЛ КАЙДАН ЧЫГАТ

Эки балалуу болгондон кийин, келин жаман чыкты. Ажыраштырышты, Балдар энеси менен кетти. Күйөөгө жакшы жаш аял алып беришти.

УНУТУЛГАН АЙМАК

Алыскы айылда кызуу тиргилик башталды. Небереси чоң энесине:

– Жол тандабас машиналарды минип, элге чогулуш кылганы шаардан чоңдор келиптир.

– Аа, шайлоо болот тура жакында, – деди чоң энеси үшкүрө.

-Кантип билдиңиз?, -деди  небереси таңданып.

– Бизди шайлоодо гана эстешет, – деди чоң эне.

ӨНДҮРҮШ  

Көчөдө машине көптүгүнөн кадам сайын тыгын, а өлкөдө машине тетигин чыгарган бир да завод жок.

ШТРАФ

Аңгек болуп оюлган жолго машинеси тыгылып калды. Андан күү менен айдап чыгам деп, эреже бузулду.

УЛУТТУК ИДЕНТТҮҮЛҮК

Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча тегерек үстөл уюшулуп, орус тилинде өттү.

ПАРАДОКС

Улуттун мыкты баалуулугу чагылдырылган макаласын расмий тилде жактабаганы үчүн колдоо таппады…

ТУФЛИ

– Апа, бул туфли мага жарашпайт экен, караңызчы?! Бутумду талпайтып көрсөтүп…

– Кызым, бул туфлиге мен жарашпайт экемин, карачы, – кара жумуштан калжыйган келбетин жашыра бүшүркөдү…

КЕСИП

– Өзүм каалаган кесипкке өтпөй калдым!

– Кандай кесипти кааладың эле?

– Котормочу!

– Ээ, баш оорутуп эмне кыласың? Мугалимдикке заочный тапшыр да, бүткөнчө Россияда иштеп кел, бүткөн соң мектепке ишке киресиң, иш даяр болот.

Ошондой кылды.

ЭРТЕ КЕЛГЕН ТУРНАЛАР 2

Калың карлуу кышта аттын омуросунан келген карды жиретип, бээ жетелеген тестиер балдар сүйлөшүп барат:

– Ээ, бизде кыш дайыма катаал, эжеке айткандай чын куран же бугу айында жаз келет…

– Ооба, бизде эле ошондой, түндүк уюл тараптагы мамлекеттерде бизден да катаал дейт ко!

– Бизден катаал болсо, аталарыбыз эмнеге ошол жакка иштегени кетишти…

ТУУЛГАН ЖЕР

Ал суусу шаркырап аккан дарыядан бакандап суу ташычу. Суусу өзгөчө даамдуу, көпкө жетчү. Азыр башка жакта суу үйдүн ичинен чыгат, бирок даамы жок.

КОРКУУ

Ал өлөм деп дайыма коркутчу: бирде бычак алып, бирде жип алып. Аны бирөө муунтуп өлтүрмөкчү болгондо, аябай тырмышып өлбөскө аракет кылды. Бирок аракети текке кетти.

ЧЫНЫГЫ УУРУ

Уурунун уй уурдап кетип жатканын көрүп, милицияга айтканы үчүн түрмөгө түштү.

БОЗАЛА БОЛУУ

– Эжеке, 2000-жылы эле бешинчи океан картага түшүптүр, – окуучу ошол океанды өзү ачкандай сүйүнүп айтты.

– Сен жомокчу окшойсуң, былжырап… – заочный бүткөн мугалим заар чача сүйлөдү.

– Аа… мен телевизордон көрдүм, – деп классташтарынын күлкүсүнө калганына бозоруп туруп калды окуучу.

                                                                                                                                 КӨЙНӨК

Менин тоюмда да, социалдык тармактарда да ал сыймыктанып сүйлөп жатты. Көйнөгүмө суктанбаган адам калган эмес, бирок анын турмушун билген адамдын баарынын боору ооруйт.

МОСКВА

– О Москва! Менин баруу кыялымда гана калды го, уулум… – Ата көздөрү жайнап, энергиялуу сүйлөдү.

– А менин ден соолугум калды го Москвада! – Бала алсыз, кайдыгер сүйлөдү…

КАЙТАРУУ

Мен берип жаткан билимди туура кабыл алгыла, болбосо кайтарасыңар, – деди окутуучу.

Айткандай эле сессияда студенттер дааратканага киргенге тыйыны жок калышты.

КЫЗЫЛ ДИПЛОМ

Ал: “Иш жок”, – деп айткан. Заочный бүткөн деректирдин колунан кызыл дипломун алганда: “Өнүгөбүз”, – деп койду үмүтсүз…

КОШУНАЛАР

Ал жаңы үйгө көчүп келди. Бирок анын сол тарабындагы кошуналары абдан чыр, кычы кошуналар эле. Алар урушуп, тартышып, сөгүшүп жатканда да, ал ажыратпады. Барыбир менин оң тараптагы кошуналарымдай бир күнү тынчтанышат деди оюнда.

Анын оң тарабындагы кошуналар “бейиттер, мүрзөлөр” эле.

ӨЛТҮРГҮЧ

– Алоо апа, курал-жарак заводуна ишке кирдим.

– Балам, ал жерден чык!!! Мен сени адам өлтүрсүн деп асырап чоңойтумбу?!

КЕЛГИН КУШ

– Аа сен ошончо жыл окуп-чокуп, иштеп-тиштеген, өнүккөн шаарды эмнеге таштап келе бердиң? – деди курбусу.

– Бул жакты өнүктүрөйүн деди, – ал.

ТУМАН

Өңү өчүп, көз нуру начар адамга билинбей калган, “зебра” менен өтүп кетип жатканда: “ви-иип!” эттирип жол тандабас машина минген чиновниктин айдоочусунун ачуу кыйкырыгы жаңырды.

– Эй мал! Зебрадан өтпөйсүңбү?!

Ал болсо “көз тумандап, зебраны эмес адамды зорго көрүп атса эмне кылайын” деди ичинен.

АТА КОНУШ

Жыйырма жылдан кийин жайлоодогу ата конушка келди. Бирок каңырыгы түтөп ыйлап жиберди.

Карагай, арчалуу конушта түбүнөн кыйылган дүмүрлөрү калыптыр.

САКТОО

Бүргөн баскан талаада жаратылышты коргоо үчүн баннер илинип турат: “Мурда ушундай болгон”.

Ага ажайып токойдун экосистемасы тартылыптыр…

МУКТАЖДЫК

Бала чагында телевизордон кечиндеси көрсөтүлөр жети мүнөттүк мультфильм үчүн өзүнө буюрулган жумуштун баарын аткарчу. Азыр баласына тамак берүү үчүн телефондон мультфильмдин түрүн көрсөтүп тамак берүүгө даяр.

САМЫНДАН УЧКАН КӨБҮКТӨР

– Спорттук иш-чарада да стадиондо мынчалык көп эл болбойт ко…

– Ээ дос, ырчы-чоорчусу, даңкылдак-дуңкулдагы менен булар кимдер?..

– Ээ буларбы?.. Булар шайлоого жакын калганда учурулган “самындын көбүктөрү”. Шайлоо бүткөндөн кийин таппайсың.

ДОЛЛАР $

Аябай чоң баннерге доллардын сүрөтүн чыгарып, ал жөнүндө түшүнүк берди.

Түшүнгөн адам колуна чыныгы доллар кармаган соң, “кантип ушундай кичине болсун” деп таштап салды.

ЧЫРАЙЛУУ БОЛУУ

Социалдык тармактагы аябай керемет, кооз, ишенимдүү тартылган косметологдун рекламасынан улам ага барып, сокур болуп калды.

ДҮКӨНЧҮ

Карыз алган адамга WhatsApp аркылуу жазды: Саламатсызбы? Ден-соолук, иштериңиз жакшыбы?

– Ким экен?! Жакшы.

– Неме… тамак-ашты абдан кыйын жасайт экенсиз ээ?

– Кайдан билдиң?! – “бурк” эткен аудиосу келди тигинин. Андан соң: – Ооба, – деген бир топ мактанычтары, жасаган тамактарынын сүрөтү келди.

– Ии… аябай жакшы жасайт экенсиз, неме… ошо… алгандарыңыздын акчасын бериңизчи?

– Өлүп баратасыңбы? Берем! Жаз бар, күз бар. Айлык келгенде.

Кыпкызыл жинденген быйтыкча менен каардуу сүйлөгөн, жинденген аудиосу келди.

АЙЫРМА: ЖАПОН & КЫРГЫЗ

Жапон айтат: «Ата-энелер эмгектенген учурда балдары жыргалчылыктан башка эч нерсе билбесе, анда неберелери кайырчы болот!»

Кыргыз айтат: «Улам-улам алдоо жолу менен бийликке барган саясатчылар жөнүндө ата-энелер балдарына айтышы керек: сөзгө турбастар ким экенин бүгүн түшүнбөсөк, неберелерибиздин тагдыры тайкы болот».

ЖООП

Психолог: Демек, көйгөйдүн баары качан башталган деп ойлойсуз?..

Кардар: – «Ооба» деп жооп бергенде!

– Качан «ооба» дегенсиз…

– Нике кыйылган түнү.

ВИЗА

Англияга жумушка чакыруу келип, бирок виза алыш үчүн алты ай убарагерчилик менен борборго каттады.

Мурдагы саясатчы түрмөдөн чыгып эле, эртеси чет өлкөгө чыгып кеткенде, ыйлап ийди.

ЫСЫРАП

Айланада баары кымбатчылык. Дасторкону жайнаган укмуш даамдуу ресторанда “Жар-жар” айтылып, фонограмма жаңырууда.

ЖАРДАМ

Биргелешкен союздук Өнүктүрүү банкы түшүмүңөрдү сатып алабыз деп, жазында дыйкандарга каржы насыяны көмөккө берди.

Бирок бышкан түшүм лабораториядан текшелилбеген деп, күзүндө чегара өтмөгүндө чирип жатты.

ТОПУРАК ЧАҢ

Топурак болуп же чаң басып калган кийим-кечеден мурдун чүйрүчү, чаңдаган жерди чаңсоргуч менен абдан тазалачу, чаңды абдан жек көрчү.

Бирок акыры чаң топуракка көмүлдү.

СЫЙМЫК

Согуш майданына көптөгөн эр азаматтар тартылды. Согуш бүткөн соң көбү ден-соолугун, кээси өмүрүн жоготту. А согуш башкарган адамдардын көгүрөгү темир-тезекке толду.

ЖӨРГӨМҮШТӨР

Биринчи жолку лекциясы юридикалык окуу жайдын студенттерине болду. Бирок алардын окуу канасында төмөнкү жазуу эсин эңгиретип, жүрөгүн жаралады.

“Мыйзам, жөргөмүш желеси сыяктуу, кээси тутулат, кээси кутулат!”

СҮРӨТ

Ал кызыл жүздүү күнгө тотуккан бетин косметика менен болушунча агартты да, сүрөткө түштү.

Оорудан улам кубарган, өңдөн азган жүзүн косметикалап алып кызыл жүздүү көрүнүп, сүрөткө түштү.

ӨЗГӨЧӨ БАЛДАР

– Бул мектепте өзгөчө таланттуу балдар окуучу. Эгерде аларга кам көрбөсөк, алар коомдун өгөй балдарына айланат. Мектепти жабылат десе жүрөгүм ооруп турат…

Көркөм сүрөт өнөрү мектебинин деректири абдан кейиди.

– Эмне себептен жабылып жатат?! – деди комиссия мүчөсү болуп келгендердин бирөөсү (Кандай максатта келгенин ал өзү деле билбейт, шерик болуп эле келген).

– ЖРТнын сыноо тестинен өтпөй калды.

“Чакчайып тийген күндөн, какыраган чөл калат”. (Араб элинин макалы)

“Акчасы көп инвесторлорлодон, оюлган тоолор калат”. (Кыргыз экономикасы)

ӨСҮҮ

– Биз калктын санын өстүрүүбүз керек! – деди социалдык коргоо министри теледен.

Суукта от жакканга отуну жок, күйөөсү жакында миграцияга кеткен эмчекте баласы бар келин телевизорду өчүрүп койду.

ЖОМОК

– Оо, ал мезгилде кой жүнүнөн ден-соолукка пайдалуу эмнелер гана жасалчу, – синтафон курткасын үшүгөндөн кымтыланып алган чоң ата сүйлөдү. – Ээ бул жомок да. – Эми гана кырккан койлордун жүнүн отко салып жатып сүйлөдү

СҮНӨТТҮН КАНАТЫ

– Апасы, бол тез! Тоокканадан тооктун канатын таап кел.

– Эмнеге?

– Иниңди канат менен кесип, сүннөткө отургузат.

Ал таап келди, канат кандай гана назик…

– Иним ыйлабайт, – деди кыз.

Күйөөсү:

– Бол тез! Курч устараны алып кел.

– Эмнеге?! – Аялы көзү чакчая таң калып карады. Анын оюна канаттан бөлөк эч нерсе келбеген үчүн үлбүрөк-назик канатты гана даярдап койгон. – Устара курч да, – деди бүшүркөп. – Балам ыйлайт эми, – жүрөгү зырылдады.

ЧӨККӨН КЕМЕ

Атасы ылжып мас. Алынын жетишинче илмеңдеп сүйөгөн тестиер кызынын көзүнө жол четиндеги бөтөлкө көрүндү. Бөтөлкө сыртындагы деңизге чөгүп бараткан кеменин сүрөтү көңүлүн бурду. “Атам байкуш чоң эле болуп туруп кичинекей бөтөлкөгө чөккөнүн кара” деди жашын агызган кыз.

МОТИВАЦИЯ

Ал баарынан түңүлдү, баардык тапкан-ташыганынан айрылды. Кеч күздө жалбырагы түшкөн мулуйган дарактын түбүндө көпкө отурду капалуу. Анан ордунан сүйүнүчтүү турду да, даракты сылап койду.

Ал дарак жылыга жалбырагы күбүлүп, кайра жазында көрктөнүп чыгат.

КАЙТАР ДҮЙНӨ

Үчүнчү кызы туулганда төрөт үйүнүн алдында бакырды:

– Үйгө барчу болбо!

Үчүнчү кызынын тою болуп жаткан, ресторанга кире албай бүжүрөп турду.

ЖАРООКЕРЛИК

– Балам, дүкөндү ачасың, тиги эски көйнөгүңдү кийбей эле койчу, – боор ооруп сүйлөдү кайнене.

– Эч нерсе эмес, энеке! Айылда байпакка жетпеген келиндер бар. Мени көрүп өздөрүн кем сезишпесин алар, – ойлуу сүйлөдү келин.

КҮНӨӨ

Ай-күнүнө жетип калганда ичкич күйөөсү экөө жаңжалдашып, наристе куш болду. Бирок акушерка күнөөлүү болуп калды.

ЭНЕ

Кызы телефон албаса коркуп турат. “Күйөөсү менен урушпады бекен”…

ЗАМАН АГЫМЫ

– Апа, тоолор агып баратат ээ? – деди жети жашар кыз машинеде көңүлү айланып баратып.

– Жок кызым, биз агабыз, булар калат, – деди апасы бешенесинен сылап.

 

About the author

Жазуучулар Союзу