Бешболуш Матисаков: Бүгүн мени төрөгөн асыл апам, ЖАРАТКАНдан кийинки Жаратканым

Бүгүн adabiyat.kg сайтыбыздын демөөрчүсү, ишкер, калемгер Бешболуш Матисаковдун туулган күнү. Урматтуу Бешболуш Жоробаевич, туулган күнүңүз кут болсун! Сизге бекем ден-соолук, узак өмүр, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз. Ишиңизде ар дайым ийгиликтер арбын болсун! Адабият өкүлдөрүнүн алкышына арзып, аман жүрүңүз. Көп жашаңыз!

Урматтоо менен,

КРУЖС Башкармалыгы, редколлегия.

*****

Мен жашоодон жоготконду табалбайм.
Мезгил өктөм, каршы чыгып баралбайм.
Кусалыктан жүрөгүмдө так калат,
кубанычка, сүйүүсүнө каналбайм.
Ар бир күндү шүгүр менен өткөрөм,
ал анткени, мен кайрадан жаралбайм.

Улуу көчтү менин жашоом улаган,
учуп бийик, кээде төмөн кулаган.
Жашын төгөт, жараланат жан дүйнө,
жакшысына жаш баладай кубанам.
Жалгыз гана өзүмө эмес, жалпыга
Жараткандан жарык жашоо суранам.

Жалын чачып, жакшылыкка ыктаган,
Жалаң гана жакшы адамдар курчаган.
Жаным кейийт жардам бере албасам,
жанды көрсөм жан дүйнөсү “уктаган”.
Жаңы гана тааныгандай дүйнөнү,
жашоодо ар көз ирмемге суктанам.

Өмүр чиркин… Өкчөлөнгөн тагдырлар…
Өтүп келген, өтөт дагы сан жылдар…
Өлчөмүбү? Азбы, көппү ким билет?
Өмүр ширин, өзөгүндө бар жыргал.
Өнүп – өсүп өзгөрбөсө өз дүйнөм,
Өкүнүчтүү… Өтүп кетет ай – жылдар.

 

*****

Галактика. Күн нуру. Ай, жылдызы,
Гармония. Тең салмак. Аалам сыры.
Мемиретип дүйнөнү сактап турат,
Мээрими күч Энелер бешик ыры.

Көздөрүнөн сүйүүлөр жанып турат,
Жүрөктөрү “бала”-деп кагып турат.
Адамзаттын асылы Энелер бар,
Өз нугунда тирүүлүк агып турат.

Мен жаралган дүйнөдө ай, асманым,
Жүрөгүмдө тамырлап агат каның.
Бүгүн мени төрөгөн асыл апам,
ЖАРАТКАНдан кийинки Жаратканым.

Куттуктаймын, жарабас кечигишим,
Бүгүн айтпай койгонум – кесир ишим.
Көзүң барда көрбөсөң жыргалымды,
Кыйын болот өзүмдү кечиришим.

Бейиш сурап, жанчылып, жабыркадым,
Дуба, тилек Атама багыштадым.
Ак дил менен айтылган каалоолорду,
Апа бүгүн өзүңө багыттадым.

 

Жан дүйнө дарысы

Кыйналат, кыя жолдо жүгүргөнү,
кыйлага чыгып турчу дүбүрттөрү.
Кыр ашып кеткен беле кылчайбастан,
кыл куйрук кыялымдын күлүктөрү.

Учурбай, томогодо бүркүттөрү,
убара болгусу жок мүнүшкөрү.
Уланбай уяң тартып бараткансыйт,
Уяда үмүттөрдүн үзүктөрү.

Демек мен, сезээр кезим мунун баарын,
деним сак, кырчын кырктын кырындамын.
Дегдетип жан дүйнөмдү дарыласаң,
дем менен токсон ашып ыр ырдайын.

 

Эх, дүйнө…

Көр дүйнө, уч-кыйырсыз керең дүйнө,
буулуккан бугун салып жанкөйгөйгө.
Капкагын ачып жабык көкүрөктүн,
жылуу нур чачсаң боло жүрөктөргө.

Чындыкты бетке айтса “кол көтөрүп”,
жалгандан мактап койсо бой көтөрүп.
Сен дүйнө ушунчалык жүзүң көппү?
Актыктын азабынан ойго чөгүп…

Өтмүшүн кеткендердин шылдың кылып,
өзүнүн эртеңдерин билбей туруп.
Шайтандар оюн курат. Көңүлүнө
көөдөнү көр экенин илбей туруп.

Артыңдан ар түрдүү сөз кылар дүйнө,
арт жакта жүрө берип тынар дүйнө.
Жалганы, жасалмасы ботко болсо,
чындыкты чырайына чыгар дүйнө.

Калп сөздөн бороон-шамал согуп турса,
казаны кайнабаган куру дүйнө.
Жүрөктөр ыйман нурга толуп турса…
Эх дүйнө, сулуу дүйнө, улуу дүйнө.

 

******

Ошол жайлоо, ошол тоо, ошол булак…
Ошол кезге бүт баары окшоп турат.
Омкорулган дүмүрдөй отун болуп,
ойлорумду суз обон коштоп турат.

Жата калып жаш бала суу жутканы…
Жашыл шибер, жаз өмүр унут калды…
Жашын төгөт көнөктөп жамгыр сымал,
жан дүйнөмдүн буулуккан булуттары.

Кел-кел, кет-кет… кылымдар кыйырынан,
кезек келип жакындап, жылып улам…
Оюк – тилик мээтаман ооруп турат,
ойлорумдун оркойгон сыныгынан.

Бай дүнүйөм балалык кылыктарга,
батып кеткен жүздөгү бырыштарга…
Эт жүрөктү дегдеген алып келдим,
эң бактылуу дем менен жылытканга…

Жапжаш бойдон жүрөктү алып келдим,
жазгы көктөм жылдарга жылытканга…