Ырысбай Абдыраимов: КИЙИЛБЕЙ КАЛГАН ИЧИК
Эки көшөгөлүү, төрт сүрөттүү тарыхый драма
Катышуучулар:
Жусуп Абдракманов – Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы 19- 22-36 жашта
Гүлмайрам (Гүлбахрам)- Жусуптун аялы. Баяндамачы, 17-34-45 жашта
В. И. Ленин – совет өлкөсүнүн негиздөөчүсү, 50 жашта.
Абдыкадыр Орозбеков – Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу комитетинин (БАКтын) төрагасы
Абдыкерим, Баялы,Ыманалы -Жусуп менен чогуу иштешкендер
Касым Тыныстанов — агартуу министри
Алексей Шахрай — ВКП (б) кыргыз обкомунун 1-секретары
Зеликман — башкы саясий башкарманын (ГПУнун) уполдомочону, тергөөчү, майор. 50 жашта.
Юрий Климов — ыктыярдуу отряддын командири – 25 жашта
Гүлмайрамдын атасы – 70 жашта.
Мындан тышкары комсомолдордун Москвада болгон курултайынын делегаттары, кызыл аскерлер катышат. Драма Жусуптун күндөлүгүнөн алынган үзүндүлөр жана ал башынан өткөргөн окуялар менен коштолду.
1 – көшөгө
1920-жыл. Москва. Комсомолдун Бүткүл россиялык үчүнчү курултайы. Арыкчырай Жусуп президиумда олтурат. Ленин трибунаданбольшевиктер өлкөсүнүн милдеттери тууралуу баяндамасын жасап бүтүп, Жусуптун маңдайынан жай алды. Делегаттар өз ара чурулдашып, танаписке тарашууда. Залдын ар кайсы тушуна: “Бүткүл бийлик-Советтерге! Жашасын Кеңеш бийлиги! Элге – тынчтык! Жер-дыйкандарга! Завод-фабрикалар-жумушчуларга! Эркиндик. Теңдик” деп,орусча жазылган кызыл тасмаларилинген. Жусуп маңдайында кызыл жылдыздын сүрөтү бадырайта түшүрүлгөн кызыл аскердин төбөсү шуңшугуй, кулакчындары жогору кайрылган жука ушанкасын кийип алган.
ЛЕНИН (Жусупка ынтаа коюп, тигилип) :
-Ко-ош, кызыл аскер! Таанышып алалы! Сиздин аты-жөнүңүз ким?
ЖУСУП ( толкунданып, Ильичке түз карап, орусча):
-Менин ысымым – Жусуп, фамилиям Абдракманов…
ЛЕНИН: -Жакшы, Юсуф… Улутуңуз?
ЖУСУП: -Кечиресиз, Владимир Ильич, атым Юсуф эмес, Жусуп… Жу-суп… Улутум – кыргыз…
ЛЕНИН: -Сиз кайдан келдиңиз?
ЖУСУП: -Жети-Суу облусу… Каракол уездиненделегат болуп шайлангам.
ЛЕНИН (алдына жайылган картага үңүлүп, бармагы менен Уралдан ылдый Түркестан крайын издейт). – Кана, кана, Верный…Каракол калаасы кай жерде ?
ЖУСУП (картадан Верный шаарын таап, аны колу менен көрсөтөт): -Мына, мына… Верный… Андан чыгыш жакта… Менин оюмча мобу жерде биздин Ак чий болуштугу. Бирок, биздин болуштук картага түшпөптүр. Чек араларды тактаган соң, келечекте картаны өзүбүз чиебиз !
ЛЕНИН: — Албетте. Жаңы мамлекет жаралгандан кийин бардык жумуш жаңыдан башталат. Жашыңыз эчеде?
ЖУСУП: —Он тогузда…
ЛЕНИН (Жусуптун бети-башына суроолуу тиктеп): — Демек, казаксыз?..
ЖУСУП (баш чайкап): -Не, не, нет, Владимир Ильич, дагы адаштыңыз. Кыргызмын… Кыргыз менен казак — бир тууган… Россиялыктар, бизди “кара кыргыз” деп, натуура айтышат. Чыныгы кыргыз — биз болобуз. Ошондуктан улутум- кыргыз. Падыша заманында… Октябрь төңкөрүшүнө чейин биз орус империясына баш ийгенбиз.
ЛЕНИН: -Ээ анда, Түркестан крайынан келипсиз да. Дурус, дурус…
ЖУСУП: -Эми жакындадыңыз. Ошо аймактын Жети-Суу облусу, Каракол уездинен болом…
ЛЕНИН: —Бай-манаптын балдары советтергесиздей кызмат кылганы чоң бурулуш… (Өзүнчө) – Баракелде! Көмүрдөй кара чач, буудай ыраң жүздөнгөнү менен кара көздөрү оттой жанганын кара. Киши жалтанат. Бирок, тээ түпкүрдөн болсо да, бул жигиттин бир да жаңылбай, орусча так сүйлөгөнүн кара! (Жусупка) Сабатыңыз кантип, кайдан жоюлду?
ЖУСУП: – Муну окуп, көрсөңүз (Ленинге өмүр баяны жана сулуу кол менен жазылган мүнөздөмөнү сунат).
ЛЕНИН: — Та-ак…( кагаздарды карап). Мүнөздөмө комсомолдук жана парт уюм тарабынан жазылыптыр. Өмүр баян… Жусуп Абдракманов –1901-жылы көп балалуу, болуштун үйүндө төрөлгөн. Атасы манап болгон. Жусуп Кара-Колго чукул Сазановка айылындагы орус-тузем мектебин окуп бүтүргөн… (Жусупка) А сиз , кыргызга чет тилдерди кайдан билесиз?
ЖУСУП: — Караколдо орус, казак, татар, уйгур балдар менен чогуу ойночубуз. Тилдерди ошолордон үйрөнгөм.
ЛЕНИН (мүнөздөмөнү андан ары окуйт): — Энеси менен жети бир тууганы Нарында чыккан көтөрүлүштө окко учкан…
(Жусуптун көз алдына көтөрүлүштө эл менен чогуу жүргөн апасы жана бир туугандары тартылат. Коогалаңда энеси менен ага-инилерине ок жаңылат. Алар биринин артынан бири жерге жыгылат. Курман болгон апасы менен бир туугандарын элестетип, Жусуптун көзүнө жаш айланды. Мөлт этип, бетинен ылдый жылжыган көз жашын Ленинге байкатпай, аарчыйт).
ЛЕНИН (кагаздагыларды күбүрөп, окуп): — 1916-жылы өздөрү мылтыкчан, аттары замбирек сүйрөгөн падышалык аскерлер жөө-жалаң кедей кыргыздарды кууп жөнөштү… Жусуптун атасы Балапан жана анын жолдоштору изине түшкөн желдеттердин бир тобуна колундагы күрөк, кетмендери менен айбат кылып, душманды качырышты….
ГҮЛМАЙРАМ (четте туруп): — Жусуп а кезде он беште болчу. Качып баратканда атасына келте оору жукту. Балапан катуу ысытмалап, баш көтөрбөй, сыз алачыкта жатып, жан берди….
ЛЕНИН (окууну улантат): — Балапан эс-учунан танаарда үстүнө үйрүлгөн эки уулуна: “Качкыла! Үңкүр-токой, жылга-жыбыттарга, тоолорго жашынгыла! Ак падышанын желдеттери соо койбойт,” – деп эскертет… Чалкасынан жаткан абалында Күн чыгышты көздөй кол сермеди… Анан башы шылк этип, көзү жумулду.
ГҮЛМАЙРАМ ( бир четте): — Жусуп көрпө тебетейчен, жука чапанын белинен бек бууп алган. Иниси Токо экөө буурчактап аккан жашын тыйбай, далдаа жактан жер казат. Атасынын сөөгүн жерге жашырат.Падыша аскерлеринин улам жакындаган жышааны угулат. Ага-ини ыйлаган бойдон Ак чий айылынан ары Караколду беттеп, жүгүрүп баратышты…Үркүндөн жан сактаган элди ээрчип, ашуу ашып, Ысык-Көлдүн Жууку суусун өрдөп-кечип, Кытайга жетет…
ЛЕНИН (кагаздагыларды окуп):- “Жолдо нечен азап-тозокту тарткан бозгундар Кытайда кор болот. Ачкалыктын айынан эркектер мал багып, кыз-келин, аялдар ханзу менен уйгур байларга сатылат. Өктөбүр төңкөрүшү ак падышаны тактан кулатканда кыргыздар эл-жерине кайтат. Кытайга барып-келгенче жүз элүү миңден ашык киши ач бел, куу жон менен ок атышта жайран болду”…Мына, трагедия, чыныгы геноцид…
ЖУСУП ( Үркүндө тарткан азап-тозокторун эстеп, оор үшкүрдү): -Кытайдан кайра Караколго кайттык. Токо экөөбүз ат бактык. (Атканада жылкылардын жаткан жайларын тазалап, сыртка жетелеп,ары-бери бастырат…. Токулгасы жок, жүрүп бараткан атка жандай жүгүрүп барып, ыргып мингени, кылычты шайма-шай чапканы көрсөтүлөт).
ЛЕНИН: (окуп) – “Жусуп 1918-жылы кызыл аскерге өтөт. Катардагы жоокерден атчандар эскадронуна командирликке дайындалган”… Ой, бали! “ Атчан аскерлердин башында кылычын булгалап, атын удургута чаап, казак жериндеги ак казактарды чымын-куюн түшүрө кууйт. Анан комсомолго кирет. Бир жылдан кийин ВКП (б) нын мүчөсү болот. Верныйда командирлик курста окуйт. Ал жерде Гүлбахрам аттуу кыз менен таанышат”.
ГҮЛМАЙРАМ (бир четте, күлүмсүрөп): — Таанышканыбыз да унутулгус… А кезде атчан аскерлер жолдон өтүп баратышкан. Мен эки колума эки чака суу көтөрүп, үйгө келаткам. Бет маңдайымдан келаткан атчан кызыл аскер көз айырбай мени тиктеп, улам жакындады. Утурлай келгенде маңдайы жарык, мүчөлөрү келишкен, сымбаттуу жана айбаттуу жигитти учураттым(кетет).
ЖУСУП (жылмая): — Бетиме маңкая тиктегенинен карасам, татынакай, сулуу кыз экен. Жылмайганы өңүнө жарашып, тим эле жагымдуу. Чаңкабасам да, шылтоолоп суу сурадым. (Чакаларын жерге коё салган Гүлбахрам чаканын бирин көтөрүп,ээрдеги Жусупка узатат).
ЛЕНИН (Жусупка): — Гүлбахрамга жолукканыңыз кызыктуу экен. Ал да кыргызбы?
ЖУСУП (күлүп): — Жо-ок, Владимир Ильич!Гүлбахрам – казак кызы. Мен ага Гүлмайрам деп ат койгом.
ЛЕНИН— Бул жагын сизден угалы?
ЖУСУП: -Эңкейип, чаканы дароо эки колум менен илип алдым. Ээрден түшпөй, сууну кере жуттум. Ыракмат айтып, жайын сурасам, биздин командирдин кызы болуп чыкты. Күлүп-жайнап турат. Кийин мени издеп, биз орношкон казармагабарып жүрдү. Ошентип, бири-бирибизди жактырдык. Ташкендеги жогорку аскер мектебинде окуп жүргөнүмдө да кат жазышып, кол үзбөдүк.
ГҮЛМАЙРАМ (бир четте): — Бирок, каскакты кара! Жусупту ден-соолугуна байланыштуу аскерден бошотушту. Эгер аскерде кызмат өтөсө, эмдигиче Суворов, Кутузов, Чапаевдей көрүнүктүү полководец болмок. Жусуптун комсомолдук курултайга жиберилгени жана орусча шурудай тизип жазганы -Ильичти суктантты (кетет).
ЛЕНИН (Жусуптун кол жазмасын окуп жатып, шыпшынат. Өзүнчө): — Да-а…Бизге дал ушундай билимдүү, эр жүрөктөр жана чыныгы патриоттор… Аба менен суудай керек! (Паузадан соң, Абдракмановго бурулуп): -Да-а… 1916-жыл… Биринчи дүйнөлүк согуш…Элиңиз ошондо Кытайга эмнеге үрктү?
ЖУСУП: -Владимир Ильич, биринчи дүйнөлүк согушта орус империясы Түркстан крайындагыларга салык салды. Ат-көлүк, мал-салды бүтүндөй айдап кетти. Согушта жеңилээрде элеттегилерди аскерге алды. Бай-манаптар өз балдарын аскерге жибербей, жалаң кедей-кембагалдын эркектерин согушка мажбурлап жөнөттү. Эл кыйналды. Империялык саясатка каршы чыкканда Жети-Суу, Верныйдагы жазалоочу армия Чүй боору менен Токмок жана Кеминге, Көл жээгине жетип келди. Кыргыздардын күлүн көккө сапырды. Келгин көпөс, бай орустар жерди гана эмес, мал-мүлктү, сууну да басып алды.
ЛЕНИН (ойлуу): — Ээ, анда “ак падышаны”кулатканыбыз туура болгон экен… Калктын канын соруп, элди эзгендерди сөзсүз жазалаш керек. Каждая нация имеет право на самоопределение. Ар бир элге эркиндик-теңдик беребиз.
ЖУСУП(тамшанып): — Азаттыкка чыгып, эркин өлкө болсок кана? А кайда-ан?Орус империясы бизди колонияга айлантып, 1844-жылдан тарта орус кыштактарын көбөйттү. Жер-малыбызды тартып алып, эгин сууусун кыргыз дыйкандарга аптасына бир берет. Орус келгиндер жерин жумалап сугарат.
ЛЕНИН(ойлонуп): — Жеткен ач көздөр го! Айтмакчы, Юсуф… Кечиресиз Жусуп Балапанович, сиздерде орус калкы канча процент?
ЖУСУП: -Болжолдо беш пайыз, Владимир Ильич…
ЛЕНИН: — Калгандары кимдер?
ЖУСУП: -Кыргыздар… Казактар…
ЛЕНИН: —Алардын сабаттуулары канча?
ЖУСУП: — Эки пайыздай...
ЛЕНИН (чекесин тырыштыра): — Башкалары эмне, билимсизби? Аппаратчы?..Советтик аппарат кайсы тилде иштейт?
ЖУСУП: — Орус тилинде…(Бул маалда танапистенкайткан делегаттар экөөнү курчап алышты)
ЛЕНИН (өңү өзгөрүп, ордунан туруп , бардыгына):
-Жолдоштор! Силер социалисттик революциянын алдында кечирилгис кылмыш жасап жатасыңар. Калктын көбү түшүнбөгөн тилде иш алпарган аппарат…Ошол элдин күнүмдүк көйгөйүнө, маселесине көңүл буруп, аларды чече албаган аппарат…Мындайда совет биримдиги калың калк менен тыгыз байланыша албайт. (Жусупка) А билимдүү парт активчи?…
ЖУСУП: — Алар да беш-алты пайыз… Анткени менен Владимир Ильич, Октябрь төңкөрүшү эчак бүтсө деле кызматтарга жалаң Россиядан сүрүлүп келгендер коюлган. Дан-эгин менен малдын көбүн ошо келгиндер ээледи. Үркүнгө чейин жерин кеңейтем деген орус империясы элге алымын ашырды. Согушка жалаң кембагалдардын балдарын айдады. Ошентип, кыргыздардын каарына калды. Жети-Суудагы атчандар полкун замбирек- пулеметтору менен кыргыздарга каршы жиберди.Жазыксыз калкты чилдей кырды. Чал-кемпир, аял-баланы аяган жок… Ошон үчүн жан соогалап, кыргыздар Кытайга качтык… “Падыша кулады” дегенди угуп, кайра үйгө кайттык…Совет өкмөтү андай зордукчул жолго түшпөй, талап-тонобой, биздин элди да коргосун! Бир чети өзүбүздүн улуттук кадрларыбыз аз. Аларды да телчиктирүү, тарбиялоо керек.
ГҮЛМАЙРАМ (бир четте ) – Жусуптун бул кеби тарыхта кыргыз баласы менен эң алгач эки саат кобурашкан Ленинди да баш чайкаттырып, ойго салды. Тыныгуу бүтүп, башка делегаттар курултайдын кийинки бөлүгүн улантуу үчүн жыйын залына топурап кире баштады.
ЛЕНИН (Жусупту далыга таптап)
-Өмүрүмдө кыргызды биринчи көрүшүм. Мени менен сүйлөшкөн биринчи кыргыз сиз болдуңуз. Бай-манаптын баласы болсоңуз да, совет бийлигине берилген кызыл аскер экенсиз… Сизди Борбордук Комитетте калтыруу керек. Мамлекеттик кызматтарга тартып, бышыралы. Жетекчиликке толук көнгөнүңүздө, балким бир крайды башкарууга жөнөтөөрбүз!
1 – сүрөт
Гүлмайрам: — Кыргыз мамлекетин түптөө аракети 1922-жылдын март айында башталган. Жусуп Абдракманов, Абдыкерим Сыдыков, Ыманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев Тоолуу Кара — Кыргыз облусун түзүү маселесин козгошту. Анткени, 1920-жылы 25-августта РСФСРдин курамында кыргыз өлкөсүн түзүү декрети чыккан. Анда кыргыз эли Казак АССРине кошулуп калган.Советтердин бүткүл Түркстандык 13-курултайында Абдыкерим Сыдыков Тоолуу кыргыз облусу маселесин кайра көтөрдү.
Жусуп (капалуу): — Ошо жылы бийликте отурган Каменский, Кудайкулов жана Бабаханов өңдүү жетекчилер биздин идеяга каршы чыгышты.Москвага тоголок кат жиберишти.
Абдыкерим: — Өз алдынча өлкө… Ошол күн кана?… (Тыным).
Жусуп (шаңдуу): — Айтпадым беле!? Менин оюм баарына жагат..
Баялы: -Анда эмне, Россиядан бөлүнүп чыгабызбы?
Жусуп: -Жок, РСФСРдин ичинде эле калабыз…Сыдыковго “бай-манапчыл,полицей” деген жарлык тагылды. Ал партиядан үч жолу чыгарылып, калыбына кайра үч ирет келтирилди. Ичибизди ириткен трио бизди ЦКга утуру каралап жазышты. Ага байланыштуу Түркстан АССРинин атайын сьездинин иши Сталиндин буйругу менен токтотулду.
Гүлмайрам: — Уюштуруу тобунун башчысы Абдыкерим Сыдыковдун өжөрлүгү менен 1924-жылдын 14-октябрында РСФСРге баш ийген Кара-Кыргыз автономиялуу облусу жөнүндө чечим чыкты. Автономиялуу обулус башчылыгына – революциялык комитеттин төрагасы Ыманалы Айдарбеков дайындалды.
Жусуп (кубанып):- Оо, айттым го! Мына, эңсеген тилегибиз ишке ашууда...
Гүлмайрам: — Бирок, Жусуптун кийинки идеясы тоодой урады.
Үн: -Кандайча?
1922-жыл. Жусуп бөлмөсүнө жоро-жолдоштору менен кара калпак жаштарын чогултту.
Жусуп :-Достор! Силерди чакырганымдын себеби... Келгиле, башыбызды бириктирели!Түркстан АССРинин курамында Тоолуу Кара-Кыргыз автономдуу облус уюштуралы.
Абдыкерим: — Абдан сонун идея… Өз алдынча өлкө болсок, ээ?… Туурасы — автономиясыз Тоолуу Кыргыз республикасы дейли! (Тым-тырстык).
Жусуп (ордунан тура алакан чаап): — Айтпадым беле!? Бул ойду көпчүлүк кубаттайт… Кайсы улут болсо да, өз өкмөтүн кураганы – Кеңеш өкмөтүнө тирек болот…
Баялы: —Анда эмне, Россиядан тышкары болобузбу?
Жусуп: -Жок, ошонун ичинде эле калабыз. Бөлүнүп чыгаар күн да келет. Эмесе, Ысык-Көлдөн тартып, Арал деңизине чейинки аймакта Кара Кыргыз-Кара калпак автономиясын орнотолу. Кандай дейсиздер? Борбору — Жалал-Абад калаасы болсун,ээ?!(Көздөрү жайнап, активисттерге алмак-салмак тиктейт. Жыйналгандар чуру-чуу).
Үндөр: — Эмне үчүн байтакты Жалал-Абадга орнотосуң?
-Эмнеге тоолуу облус?
Абдыкерим —Ай жолдоштор, Жусуп туура айтат. Акылын угалы…
Үндөр (Жусупка):-Ой, сен кайдан чыккан кыйынсың?
—Айтканыңа көнөөр акмак жок!
-Жериң ким, элиң ким? Чамасы аялың ошол жактык…
-Урууң ким? Сен өз урууңа тартып атасың…
Жусуп (күлүп): -Ай достор, ай туугандар! Жубайым –казак кызы… Ал дегеле Жалал-Абадды көргөн эмес. Менде уруу-улут, жер сүрүштүрүү деген ой жок. Большевиктер партиясынынмүчөлөрү үчүн бардык киши бирдей…Ким ак жүрөк, эл-мекен-жерибиз үчүн жанын аябас, таза, кайраттуу болсо, ал менин досум жана бир тууганым…
Үндөр:
-Токтот, аныңды…
-Кереги жок…
-Борбор шаарга Пишпек гана жарайт…
Гүлмайрам (четте): -Ошентип, активисттер бир чечимге келише албады. Оң-солго бөлүнүшүп, мушташа да кетишти.
Жусуп (капаланып): — Эмнеге мындай бөлүнүп-жарылабыз,ыя?.. Эмнеге беш манжадай бир миңдик боло албайбыз?..Ынтымак менен бирибизди башкабыз угуп, бир кишиге баш ийсек, тоону да томкоробуз. Макул, достор, макул!Силерге жакпаса, кебимди кайра алдым. Бирок, өз өкмөтүбүз жаралчу күн алыс эмес.
Гүлмайрам (өзүнчө): — Жусуп ВКП (б) Борбордук Комитетинин жооптуу инструкторлугуна жана БКнын партиялык баштапкы уюмунун секретарлыгына дайындалды. Кийин көк дептерден күндөлүк ачты. Күндөлүгүнө өзүн толкундаткан окуяларды, орусча ырларын, кыргыз өлкөсүнүн келечек планын жазып жүрдү. Ошо көгүш күндөлүгү кийин өз өмүрүнө айгак болуп, балтадай чабылаарын мен да, ал да билбептирбиз.
(1926-жылдын март айы. Пишпек. Кара-Кыргыз автоном облусунун курултайы. Курултай уюштуруу маселесинде Абдыкадыр Орозбековду автономдуу облустун Борбордук Аткаруу комитетинин төрагалыгына бекитти).
Орозбеков ( кийгени тебетей. Жакасы жок, көкүрөгү ачык чапанчан.Анын оң ийнинен сол жамбашына түшүрүлгөн боолуу тапанча): – Урматтуу депутаттар! Жусуп Абдракманов БАКка кайрылуу жазган. Ошо кайрылууга көңүл буралы!?
Үндөр: — Жарайт,Аксакал!.
-Ал эмне деген кайрылуу?
— Жолдоштор! Жусуп да курултайда олтурган соң, анын өзүнөн сурайлы! Эмне деген өтүнүч?
Абдыкадыр (Жусупка): — Кана, Жусуп иним?! Кандай маселени ортого саласың? Урматтуу депутаттар! Сөз- Жусуп Абдракман уулунда! Каршылык жокпу?
Жусуп (сөөмөйү менен Орто Азиянын картасын көрсөтүп): — Аксакал! Боордоштор! Мекенибиздин аймагына жараша чек араларды тактайлы. Андан да башкысы – мына, биздин өлкө эки жылдан бери Кара-Кыргыз автономиялуу облусу деп аталууда. Биринчиден — облусубуздун атынан “кара” деген сөздү өчүрөлү! Экинчиси – өкмөтүбүз автономдуу республика аталууга түгөл даяр. Анын талаптарына дал келет. Мен ушул демилгени курултайдын кароосуна коюуну туура таптым.
Абдыкадыр: — Оюңузда ашепке жок, Жусуке! Туура, биздин облус Чыгышта Кытай менен, Түштүктө өзбек, тажиктер менен чектеш.Түндүгүндө казактар… Эне тилибиз, жетиштүү сандагы калкыбыз, борборубуз, базарыбыз менен улуттук тарых, маданиятыбыз бар. Менимче, Абдракмановдун ушул көз карашын Курултай кубаттайт. Аны менен бирге Кыргыз автономиялуу облусу — Кыргыз АССРи болсун деген тилекти да добушка коёмун! Кана, ким макул, ким каршы? ( Өзү менен башка депутаттар да кол көтөрүшөт) Ыракмат, делегаттар! Анда Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагалыгына Жусуп Балапановичти дайындаймын!
Жусуп (ордунан туруп): — Урматтуу Абдыкадыр аксакал!..(Абдыкадыр Орозбеков суроолуу кыязда башын Жусуп тарапка бурат) :- Бул кызматка мен али быша элекмин. Эми гана жашым 25ке баратат… Биздин республиканын башчылыгына Абдыкерим Сыдыков, же Ыманалы Айдарбеков татыктуу.Экөөнүн бирин шайлайлы!
Ыманалы: — Жусуп Балапанович! Бизден жашы улуу Орозбеков аксакал сизди өзү тандаган соң, кебиңизди кайра алыңыз.
Абдыкерим: -Жусуп!Жаш болсоң да, баш болуп бер!
Абдыкадыр (Жусупка күлүмсүрөп): — Көрдүңбү? Курултай сизди жактаган соң, мен да буйругумду өзгөртө албаймын! Сенде тажрыйба толтура! Москвада ВКП (б)нын Борбордук Комитетинде иштедиң…(Күлүп) Ленин менен сүйлөшкөн биринчи кыргызсың. Партжыйналышка кечиккен Сталинге эскертүү берип, коркпой-үркпөй аны бурчка тургуздуң. Ак гвардия менен салгылаштың…(Жусуптун маңдайына келип, анын колун кысат) Сендей эр жүрөк гана Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагалыгына татыктуу…Ал эми Касым Тыныстановду агартуу министрлигине, Төрөкул Айтматовду Жалал-Абад кантонунун 2-секретарлыгына дайындоо токтомуна кол койдум. Төрөке, Жалал-Абадда жер-суу реформасын жүргүзүп, колхоздоштурууну күчөтсүн! Жаңы кызматыңыздар кут болсун, калкыбыздын кыраандары… (Депутаттар ордунан түгөл турушуп, кол чабышат).
2 – сүрөт
Жусуп туңгуч кыргыз өкмөтүндөгү кызматташтары менен акылдашууну чечти. Кеңешке Абдыкерим Сыдыков, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, партиянын кыргыз обкомунун биринчи секретары Алексей Шахрай жана башка кызматташтары катышат.
Жусуп: -Урматтуу боордоштор! Биздин мамлекет келечекте кандай өлкө болот? Маселенин ушул жагын бир жаңсыл бүтүрөлү. Өзүбүз умтулмайын сырттан келгендер биздин мамлекетти курап бербейт.
Абдыкерим: — Туура,кайсы багыт менен өлкө курабыз?
Баялы:— Өкмөтүбүздө кандай кызматтар болот?Ким кайсы милдетти аткарат?
Шахрай тура калат): -Бардык маселени ВКП (б) нын Борбордук Комитети чечет. Кызматтарды да партия бекитет. Москванын чийген жолу, коммунисттик багыт менен иштейбиз.
Абдыкерим(мурутун чыйратып) — Биз ал жолдон тайган жокпуз. Ошо нук менен баратабыз го!.
Жусуп: — Мамлекеттүүлүктүн чыйырын туура салганыбыз —өнүгүүбүздүн компасы. Ленин көрсөткөн жол менен алгалайбыз… ( Касым кол көтөрөт) Билим министрибиз Тыныстанов сөзсурап атат. Касымды угалы.
Касым (кыркма мурут,ак көйнөкчөн): — Башкы көңүл — билим берүүгө, окууга бурулса. Билимсиз адам караңгы. Улуттук интеллигент жаштарды даярдап, ар бир айылда мугалимдерди көбөйтөлү. Мектептерди козу карындай жайнатып, окуу жайларды ачалы. Китептерди, газета-журналдарды чыгаралы. Басма иши, китеп чыгаруу, илимпоздорду даярдоо унутулбас…
Баялы: — Ооба, сиз чыгарган “Эркин Тоо” газетасын окудук. “Алиппе” баш болгон китептер жана “Кызыл Кыргызстан” газетасындагы ырлар менен тааныштык. Орусча окуп жазганды баарыбыз үйрөнсөк,союзга бат таанылабыз…
Шахрай (жандуу) : — Вот, туура айтат. (Касымга карап) Адегенде орусча гезит-журналдарды күн сайын чыгар…Бул сага – партиялык тапшырма!..Кыргызча, татарча жазууну токтот!
Жусуп: —Анда республиканын айыл чарба министрлигине Баялыны коёлу! Өнөр жай министрлигин Абдыкеримге тапшыралы!Жогорку Кеңешти Абдыкадыр Орозбеков башкарсын!..Китеп, гезит-журналдар бизге Москва, Ташкенден күргүштөп келүүдө. Бирок, кыргызчасы аз. Өлкө болгондон кийин … улуттук тилге, кыргызча сабактарга дал келген окуу жана адабий китептерди көбөйтөлү!
Шахрай (баш чайкап, ачуулуу): —Нет дорогой, сен антип, саясатты бурмалаба! Орус тили – билесиңби, комсомолдун 3-сьездинде, 1920-жылы…Сенин мурда болуш-манаптын уулу экениңе карабай,Москвада сени менен эки сат сүйлөшкөн …
Касым (Шахрайга): — Жусупту өткөндөгү тагдыры менен басынтпа. Ооба, ал 1918-жылы кызыл аскерге кирген. Катардагы жоокерден атчандар эскадронуна командирликке дайындалган. Анан комсомолго, дагы бир жылдан кийин ВКП (б) нын мүчөлүгүнө өткөн. Верныйда командирлик курста окуган.
Шахрай: -Партиянын сөзүн бузбай, шүк олтур, Касым! (Жусупка)… Кайра эстетейин. Орус тили —Москвада сени менен эки саат баарлашкан, пролетариаттын улуу жолбашчысы Лениндин тили. Кала берсе, сенин акын досуң— Маяковскийдин тили. Ошондуктан кеңешме, сьезд, конференция, талкуулар….Иш-чаралар орусча өтсүн!Иш-кагаздар орусча жазылсын!!!
Жусуп ( чыдабай): -Алеша, буйрукчул саясатыңды токтот! Адам ата, Обо эне жаралгандан бери ар бир киши өз эне тилинде сүйлөйт. Партлидер болсоң, биздин тилди да сыйла. Орусчаны да үйрөтөбүз.
Шахрай (кызыраңдап): — Значить, ты против русского языка…Партия за это твою голову сметет…
Касым:— Алеша, үстөмдүк кылба! Мамлекеттин улуттук тили болот. Сен да, биз да кыргыз жеринде төрөлүп, өсүп-чоңойдук. Өкмөттүк кызматка жеттик. Демек, бөлүнүп-жарылбайлы! Азыр латын ариби менен кат-сабат жоюлууда. Орус мектептерин Москва колдойт. Биринчи иретте кыргыз мектеп-институттарды ачалы.
Шахрай (сөөмөйүн шилтегилеп): — Бириң да кың дебей, орусча сүйлө…
Жусуп (толкунданып):—Албетте, бардык тармакты, өлкөнүн курулушу менен өнүгүшүнөМосква жол көрсөтөт. Сөзүмдү бузбай, уккула! Биз – буйруса, айыл жана мал чарбалуу агрардык, өнөр жайы өөрчүгөн индустриялуу өлкө болобуз. Себеби, мал багууну, жер иштетип, эгин жыйноону мыкты өздөштүргөн биздин калктан өткөн башка эл жок. Эт-сүт, майды, тери менен жүндү кайра иштетип, темир өндүрүп, андан түрдүү техника жасайбыз. Тоо-кен, техника жагы.. Аэропорт, темир жол, аба жана кашка жолду курабыз. Чырак менен караңгы үйдө отурбай,ГЭС куруп, Ильичтин шамын жагабыз. Аскерлер, врачтар, окумуштуулар керек. Сот, прокуратура, милицияны уюштурабыз. Мектептерди, жогорку окуу жайларды айттык.Колхоздоштурууну бүтүрөбүз. Мага жогорку бийликтин элди күчтөп отурукташтыруусу жана орто байларга жасаган мамилеси жакпайт. Эң башкы идеябыз — Кыргыз автономиялуу республикасын союздук республикага айлантуу. Өлкөбүз үч жакка – ВКП БКнын Орто Азия бюросу менен союздук борборго, РСФСРге баш ийдирилгени — чеки,достор. Биз бир гана борборго баш иели. Ал жөнүндө Борбордук Комитеттин Саясий бюросуна кайрыламын.
Абдыкерим: -Эң туура!
ОРОЗБЕКОВ: — Кубаттайбыз…
Ыманалы: —-Маселе мына эми өз нугуна түштү…
Жусуп: —Өлкөбүздүн эртеңки келегегин өзүбүз тандайбыз. Былтыр Кыргыз АССРи болдук. Автономиядан көрө өз алдынча өлкө болгонубуз келечектүү. Жогоруда айтылгандардын баарын тизмектеп жазып, биздин сунуш-пикирлерди жактоону ВКП (б) нын саясий бюросунан өтүнөм!
Баялы: — Бул сунушту ВКП (б), анын башчысы да кубаттаар.
Жусуп: — Сиздер айткандар кошумчалары менен Борбордук Комитетке кат даярдалат. (Өзүнчө) Ленин: “Ар бир улут — өз тагдырын өзү аныктоого укуктуу” деп, убагында таамай айткан.
3 – сүрөт
Жусуп ( бөлмөсүндө олтурган Шахрайга): — Бөрк ал десе, баш алган заман бүттү. Зордук-зомбулук, мажбурлоо дегенге жол жок. Байларды мал-мүлкүн өз ыктыяры менен калхозго өткөрүүгө көндүрөлү. Мамлекетибиз эгин, мал-мүлк, тамак-аш, техника, ирригация… Жана башка байлыксыз өнүкпөйт. Муну да бай-манаптардын кулагына кумдай куялы. Кыргыз жеринде төрөлүп-өсүп, адам болуп, байыгандан кийин – алар да өлкөбүзгө үлүш кошсун! Жогортон аларды куугунтуктоо тууралуу келип жаткан буйруктар – туура эмес. Андай сокур саясат бизге жат. Бирок мен, орто чарбалардын мүлкүн тартып алууга каршымын.
Шахрай ( Жусуптун сөздөрүн кагазына жазат): -Эмне үчүн?.(Өзүнчө) Смотри, партияга тил кайрыганын…
Жусуп: — Себеби…Кедейлер менен иштөөнүн ыкмаларын тактай элекбиз. Кеңеш Өкмөтү – эл бийлиги. Муну оокаттуу адамдарга түшүндүрүп, алардын советтерге болгон каршылыгын жоёлу. Көчүрүү саясаты опурталдуу. Орто чарбалардынмал-жанын, жерин, мүлктөрүн тартып алсак, алар бай-манаптарды ээрчийт.Бийликке каршы чыгып,басмачыларга кошулат. Ошондуктан орто чарбалар менен кедей-дыйкандарды кысымга албайлы.
Шахрай (калемин стол үстүнө таштап, каардуу): — ВКП(б) БКнын буйрук-токтомдору жокко чыгарылбайт! Жолдош Жусуп Балапанович!Бул сөзүң менен сен Москванын чечимдерин бойкоттодуң. Бизден башка республикалар ЦКнын буйруктарын ашыгы менен аткарууда. Бул үчүн сен экөөбүз жооп тартабыз. (Тыным) — Бул маселе боюнча мен башкарган партиянын кыргыз обкому тиешелүү токтом кабыл алат. Москвадан сага байлар жөнүндө баяндама жасоо тапшырмасы берилген. БКнын ал буйругу күчүндө.Аны унутпа!
Жусуп: — Мен ал баяндамадан баш тартам. Ал тууралуу БКга билдирме жибергем. Москвада бирге иштеген жолдоштор менен БКда жолукканда азыркы учур жана Борбордук Комитеттин саясаты тууралуу сүйлөшкөнбүз. Эч ким бараткан багытыбыздын тууралыгына жана алынган курстун көпкө жашаарына көзү жетпейт. Байкап атасыңарбы?.. Мамаппарат — төрөчүл, активдин ичинде үмүтсүздүк өкүм сүрүүдө…
Шахрай: —Жусуп Балапанович! Дагы айтам. Сенин көз карашың менен Борбордук Комитеттин саясаты үзгүлтүккө учурайт. Сен жетектеген Эл Комиссарлар кеңеши ишеничтен чыгат. Мындай учурда демилгени обком партия өз колуна алат. ЦКга каяша айтпа! (Сөөмөйү менен зекип, бакырат) Сени адам кылган…Жерден бооруңду көтөртүп, Совнарком кызматына койгон,.. Бытыранды, көчмөн эл-журтуңду мамлекет кылган — ким,ыя?
Жусуп: — Мен алдыда күтүлүп жаткан кырдаалды болжоп атам. Мал-мүлктөрүн зордуктап тартып алганыбызга орто байлар каршы. Совет бийлиги жаман аттуу болот. Оокаттуулар Кытайга качат. Антисоветтик куралдуу топтор чыгып, колхоздоштуруу ойрондолот. Мына, жакында, Каракол районунан бир дыйкан жана Ысык-Көл райаткомдун төрагасы, жаз алды менен кыргыздар Кытайга жапырт качаарынкабарлашты.
Шахрай (баш чайкап): — Андай ээнбаштарга, шашпа, күч жетет. НКВД бар, ГПУ турат. Сен айткандай болбойт. Мен бул маселеде оптимистмин. Совет заманында кыргыздар Кытайга барбайт.Все, сөз бүттү. (Чыгат.)
Жусуп (жалгыз. Күндөлүгүнө жазат): — Бүгүн аткаруу комиссиясынын жыйынында да болдум. Байлардын чарбаларын тартып алууга каршы чыктым. Бул жумуш көчмөн райондордун чарбатурмушун чечүүдөгү ыкмаларын тапмайынча, оң натыйжа бербейт. Байлыкты тартып алганда маселе чечилбес. Жазгы айдоо менен мал кыштатууга, совхоздорду курууга даярдык жок…Мунун баары ойлонуштурулбай, курулай жүргүзүлдү. Колхоздордо бай кулактык кысым көрсөтүү. Пахта жана эгин жыйноо ташбака жүрүштө. Кысым күчөдү. Пахта жана эгинди алдык. Бирок, ошол эле учурда басмачылар баш көтөрдү…
Гүлмайрам ( четте): 1929-жыл, 4-февраль. Кыргыз АССР Борбордук Комитети менен Эл Комиссарлар Кеңеши “Ири бай-манаптарды Кыргыз АССРинин аймагынан көчүрүү” жөнүндө токтом чыгарды. Токтомдун күчү менен бай-манаптарды кулакка тартуу — күчөдү. Алардын ороого бекитилген эгиндери арабага жүктөлүп, ортого кошулду. Жерлери тартып алынып, кой-эчки, бодо мал, жылкылары айдалды. Байлыгын жашыргандар камчы менен сабалды. Нарын, Талас, Каракол, Ошто бай-манаптардын мүлктөрү мамлекетке өткөрүлдү. Кулакка тартуу тездик менен жүргөнгө Жусуп макул болбоду.
Жусуп: — 1931-жылдын 12 – февралында КырБАКтын уюштуруу сессиясы болуп өттү. Бардык төрөлөр, анын ичинде мен да өз ордубузда калдык. Оюм — жаздагы кыйынчылыктарда.Дыйкандардын көпчүлүгү үрөнсүз . Көбү акыркы саан уйларынан ажырады. Кээ бирлери пахта ордуна жууркан-төшөктөрүн сөгүп, анын ичиндеги эски жүнүн сууруп беришти. Өлкөбүздөн 40 чарба Кытайга качты. Кырсык, алардын качуусунда эмес. Жумуш боюнча кесиптештеримди ынанта албаганымда жана качкындарды токтото албаганымда. Бул үчүн Шахрай экөөбүз дагы кагыштык.
Гүлмайрам: — Жусуп колхоздоштуруу маалында өлкөбүздү коштоочуларсыз, ат араба менен кыдырды. Башында кызыл аскердин шлему, үстүндө аскер шинели, бутунда кара өтүк… 1931-жылы басмачыларды эл жактап жатканын укту. Анын чындыгын өз көзү менен көрүү үчүн Ош менен Жалал-Абаддын айыл-кыштактарын, базарлары менен чайканаларын жалгыз аралады.Ош округунун Сузак кыштагына бараарда Жусупту андагы ыктыярдуу отряддын командири Климов тосуп алды.
Климов ( честь берип, өзүн тааныштырат): — ГПУнун опер уполноменныйы Юрий Климов! Кош келиңиз, Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы!
Жусуп(кол сунуп): — Саламатсызбы, Юра! Акыбал кандай?
Климов (капалуу): — Жагдай жакшы эмес, урматтуу Жусуп Балапанович! Жергиликтүү калк ыктыярдуу отрядга жан тартпай атат. Кеңеш Өкмөтүнө көздөрү жаман. ( Тапанчасы курунда. Отряддын тизилген жоокерлери куралчан. Алар кызыл аскерлердей кийинип, Кызыл Тууну кармап алышкан).
Жусуп ( ыктыярчы жоокерлер менен Климовго жылмая карап): — Көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө, кызыл аскерлер! Көпчүлүк эл биз тарапта. Бар тапканын ортого кошуп, өкмөтүбүздү колдоп атышат. Бул жакта басмачылардын майда-чүйдө кошуундары болушу мүмкүн. Силер – күчтүүсүңөр! Алардын устуканын упат, сөөгүн-сөпөт, ташын талкан кыласыңар. Эч кимди коштотпой, Нарын, Таласты, Чүй менен Ошту араладым. Өткөн аптада Кызыл-Кыя, Ноокатка бардым. Оштун Кызыл-Кыя жана Кызыл-Жар райондорунда советтерге нааразы болгон куралдуу топторго катуу сокку урдук. Демек, сиздерди да күчтөндүрөлү. Силер азырынча эс алгыла! Сузакка өзүм кирейин. Мага мингенге ат берсеңер жетиштүү. (Айланага көз жиберет. Жоокерлердин мингичтеринин арасынан өзүнө ылайык көлүк издейт).
Климов ( Жусуптун алдын тороп): -Жок, жок, жолдош Совнарком! Сизди эч качан ал жакка жалгыз жибербеймин. Сузакка барбаңыз.
Жусуп: — Эмнеге ?..
Климов: — Себеби, ал жак кооптуу. Басмачылар буктурмага жашынган. Биз ал жактан 40 мүнөт мурда келдик. Ага дейре басмачылар менен согуштук. Төрт басмачы менен бир жылкы окко учту. Калгандары Сузактын адырларына кире качты. Тынчтыкка кепилдик жок. Алар кайрале үйлөргө жашынып, түнүчүндө кол салуусу мүмкүн.
Жусуп: — Силер… Азаматтар!.. Басмачыларды кууп качырсаңар, демек ал жак тынч. Бирок, эл ичин өзүм аралап, көрбөсөм болбойт. Бул жакка Кеңеш Өкмөтүнө кан-жаны менен берилген күчтүү кадрлар жетишпей жатыптыр! Элдик отряддарды көбөйтөлү. Куралдуу күчтөр чыккан райондорго өзгөчө көңүл бурулсун.
Климов: — Жусуп Балапанович! Сизди жалгыз жиберип, Аскер трибуналына тартылууну каалабайм. Сизди отрядсыз, жалгыз коё бербеймин. Дыйкандардан сураштырсак, Сузакта жети адам басмачыларга кошулуптур.
Жусуп –Макул,Юра! Анда, жоокерлерди кошуп бериңиз!
Климов ( кызыл аскерлерге) – Алейченко, Пархоменко, Грименко… Акматов, Сакматов….катардан алдыга чыккыла! ( Климов он эки атчан жоокерге Жусупту коштоп жүрүүгө буйрук берди. Ат арабаны чакырып, Жусуптун арабадан орун алуусун өтүндү. Абдракманов арабага олтураары менен алты-алтыдан экиге бөлүнгөн ыктыярдуу отряддын жоокерлери анын соңунан күлүктөрүн теминишти. Алдыда атчан Климов баратты).
Жусуп: — Сузакта башкармалар менен эгин себүү боюнча жыйын өткөрдүм. Кызыктуусу, чыгып сүйлөгөндөрдүн бири да басмачылар менен күрөшүүнүн жол-жобосун козгободу. А бирок, Сузактан алты адам, анын ичинде бир колхозчу басмачыларга кошулуптур. Кызык. “Кеңеш бийлиги кандай?”- деп, эмнеге сурадым десең? Активдегилер “жаман, жаман”- деп кыйкырышты! Жактырбагандар бар экен.
Гүлмайрам:- Жусуп 1931-жылдын кыш чилдесинде Жалал-Абад жана Кара-Суунун базар-чайканаларын кыдырды. Базар — чайканаларда өз ара сүйлөшкөндөр аларга ийиндеш олтурган өкмөт башчыны таанышпайт. Кызыл аскердин баш кийими менен кыска тону Жусупту тааныткан жок. Ал өзүн жергиликтүү тилди билбеген кызыласкер деп тааныштырып, орусча сүйлөдү. Пахта менен жүндүн планын толтуруу үчүн дыйкандар төшөгүндөгү пахтаны сууруп чыгып, кийиз-килчелеринин жүнүн чубаганга аргасызболгондугуна нааразы болду.
(Абдракманов учак менен Ошко барат. Кашкар—кыштак, Коргон дөбө, Отуз адыр, Савай, Араван буура, Сузак, Өзгөн, Базар коргон, Жалал-Абад, Алай, Гүлчө айылдарын жөө аралайт. Кеңеш бийлигине каршы чыккандарга жана ачарчылыкка каршы түшүндүрүү иштерин уюштурат. Кызыл аскерлер басмачы катары өлтүргөндөргө кейиди).
Гүлмайрам:— Борбордук Комитет дан эгиндерин ортого төктүрттү. Аны экспортко сатып, оор өнөр жайды курууга сырттан зарыл жабдууларды сатып алууну көздөдү. Бул тапшырманын эсеси караламан калктын башына түштү: 1931-1932-жылдары Украина, Казакстан.Урал жана Волга боюндагы эл данды ортого төгүп берди. Анын айынан бул аймактарда миллиондогон адамдар ачка калып, каза тапкандар боо-боо түштү.
Жусуп: — Былтыр Кыргыз АССРи дан планын ашыра орундаттык. Быйылкы эгиндин жарымын элибиз үчүн өзүбүзгө калтырабыз. Калганын борборго тапшырабыз. Биздин калк ач калбасын. Ачкалыктын айынан миңдеген казактар кыргыз жерине ооп келип, отурукташып, аман калышты. (Ойлонуп) Москванын буйругуна баш ийип, боордош казак элимди ач калтырбаймын. Бул сунушумду республиканын башка жетекчилери да кубатташты. “Эл ачарчылыктан кырылбасын” деп, үрөн фондусун иштетүүгө уруксат беришти.1932-жылы жазында казактар Кыргызстанга күтүрөп, көчүп келе баштады. Алардын арасы ачарчылыктын айынан кыйла сээлдеди. План аткаруу кыйынчылыгын Кыробкомдун катчысы Шахрай, Абдыкерим, Абдыкадыр, Биялы болуп, талкууладык. Мени жогорку жак “План аткарбады” деп, кызматтан алса – алсын. Атса – атсын! Бирок, өлкөмдү Казакстандагыдай ачкачылыкка жеткирбеймин. Кыргыз өлкөсү дандын жарымын ортого төккөндүктөн калк ачарчылыктан азат болду. Дан тапшыруу планын аткаруу үчүн жер-жерлердежапайы чаралар көрүлдү. Мисалы, Таласта дыйкандарды аял эркегине карабай, дырдай чечиндирип, айылды жылаңач кыдырткан. Нарында планды аткарбагандардын колдорун аркан менен бурап, кыйнашкан.
4 — сүрөт
Гүлмайрам: — 1932- жылдын сентябры. ВКП(б) Кыргыз обкомунун катчысы Алексей Шахрай жана Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы Жусуп Абдракманов кызматтан алынды. Бул ортодо кыргыз жерине ооп келген жүз отуз миңдей казак аман калды. Тагдырына өзү олуялык кылган Абдракмановдун чүкөсү таа түшпөй, эми чик түшүп, ташы ылдый кулады: 1933-жылы октябрда ал партиядан чыгарылды. Самара жана Оренбург шаарларына кызматтык сүргүнгө айдалды.
( 1937-жыл ноябрь. Көз байланып, эл орунга жайланышкан кез. Жусуп аялы жана беш баласы болуп, үйүндө олтурган. Күтүүсүздөн калга ачылып, НКВДнын беш адамы кирип келет. Аларды баштаган опер уполномоченный Зеликман. Түрү суук кишилерден чоочуп, Гүлмайрамдын колундагы кенже баласы ыйлап ийди. Гүлмайрам бөбөктүсооротмок болуп, баланы бооруна тартат. Жусуп тигилердин кара ниет менен келгенин боолгосо да,сыр алдырбай, Зеликманга суроолуу тигилди).
Зеликман: -Жусуп Балапанович сиз болосузбу?
Жусуп: — Ооба, мен. Эмне жумуш? Сиз кимсиз?
Зеликман ( күбөлүгүн ачып көрсөтүп): — ГПУнун опер уполдомочуну,майор Зеликман. Сизди камакка алуу тууралу чечим бар.(Ал Абдракмановдун жообун күтпөй, босогону тоскон желдеттерге бурулду. Башын бөлмөлөрдү көздөй экчеп): -Үйдү тинтип чыккыла! Шектүү буюм, куралдын баарын алгыла!
Жусуп: — Коё тургула! Балдар чоочубасын! Аларды коркутпагыла! (Аялына) Гүлмайрам!.. Балдарды далдаага тарт! (Зеликман менен желдеттерге) Бул жакка, бош бөлмөгө киргиле. Эмне кебиңер болсо, ичкериде, балдардан четте сүйлөшөлү (ичкери кирет).
Гүлмайрам (бөбөгүн колуна көтөрүп, чүрпөлөрүнө): — Жүргүлө, мени ээрчигиле! Баса гой, уулум (Бир уулун колдон жетелеп, өзү алдыга түшөт. Балдары артынан жөнөйт).
Зеликман (жанынан өтүп бараткан Гүлмайрамга суктанып ) — Ты, смотри... Сулуу аял экен, ээ?Прям Афродита!..Абдракманов мындай чүрөктү кайдан тапкан? (Гүлмайрамга аттап жетет. Анын жамбашын кармалап, кулагына шыбырайт) : -Мени менен жатсаң, күйөөң жаныңда калат.
Гүлмайрам (бир колун бошото калып, кайрыла берип, Зеликманды бетке чабат). – Акмак!..
Зеликман(жаагын ушалап): -Ты смотри, ди--кая!..Скоро подо мной попляшишь…
Жусуп (ичкериден чыгып, Зеликманга): — Абайла, дос! Гүлмайрам да аскер. Командирдин кызы…Катылгандын катыгын берет.
Зеликман (Жусупка): Шашпа… Катының да колго түшөт! (Желдеттерге бакырат) Силер эмне карап турасыңар! Тинткиле! (Желдеттер сандык, төшөнчү-жууркандардан өйдө тытышты. Буюмдарды чачып, идиш-аяктарды калдыратышты. Зеликман китептер тизилген шкафты аңтарып, көк дептерди таап алды). Эх-ей,мынакей күндөлүк!.. Ушунда жазылгандар күбө. (Жусупка сөөмөй нускап, желдеттерге): -Кармагыла муну! Колуна кишен салгыла! (Желдеттер Жусуптун эки колун артка кайрышат).
Жусуп (бир силкип, колун бошотот. Зеликманга): — Адегенде айыбымды айт!
Зеликман:— Аны биз менен гаутвахтка барганда билесиң! Азырынча алдыга түш. (Курундагы тапанчасын кармалап) Качсаң, эскертүүсүсүзатып саламын!
Жусуп: — Жарайт. Бирок, ызы-чуу салба… Балдарды коркутпай, өзүмө айтсаң болмок. (Астананын жанында карап турган аялы менен балдарын бирден кучактап, өбөт) — Гүлмайрам, камыраба! Бул түшүнбөстүк. Буйруса, мен кайрале келем. Мени камай турган жүйөө жок. (Желдеттер аны айдап келип, кармоо жайына камашат).
Зеликман: — Сени өзүм тергеймин, контр! (Жусуптун күндөлүгүн ачып) Мына, өзүң жазгансың. Эгинди ортого толук кошпой, кайда жумшадың?
Жусуп: — Биздин республика эгин планын ашыра аткарган. Ачарчылык башталганда дандык үрөндү элге таркаттык. Украина, Волга бою менен Казакстан эгинди толук төккөндө ачарчылык каптап, эли кырылды. Биз өз калкыбыз менен казактарды да сактадык.
Зеликман: -Мунуң- ЦКанын буйругун аткарбаган чыккынчылык… Сен саботаж кылгансың!
Жусуп: — Мен өз элимдида, кошуналарымды да коргодум. Саботаждыкка далил жок.
Зеликман: — Мына далил! (Муштуму менен бетке урат. Жусуп жүзүн калкалаганда аны күч менен тескери каратып, желкесинен түртүп барып, дубалды сүздүртөт) Көрдүңбү, мына вещдок!.. (Зеликман күн сайын ошентип, Жусупту суракка алат. Өзү каалагандай жооп албаса, Жусупту муунтуп, манжаларын эшикке кыпчытат).
Гүлмайрам (четте): Жусуптан бөлөк анын башка кызматташтары, Касым, Ишеналы, Баялы, Абдыкерим,Төрөкул ага дейре эле түрмөгө түшкөн болчу. Жубайымдан кабар алганы түрмөгө бардым. (Колунда тамак-аш салынган түйүнчөк жана аскердик калың ичик, суусар тебетей). Кийимдерди Жусуп түрмөдө үшүбөсүн деп ала баргам.
Зеликман: (Гүлмайрамга жылмайып,какшыктайт): — Куш келипсиз, Афродита! (Саламдашмак болуп, аялга колун сунду).
Гүлмайрам ( кол бербей, олуттуу):
-Мен күйөөм менен учурашканы келдим. Жусупту көрсөт, кийим-кечесин алмаштырайын. Жуунтайын…
Зеликман (баш ийкеп): — Албетте, эриң менен жүздөштүрөм. Бирок, бир шарт менен…Кулак тоссоң…Жусуп Москвада иштегенде жөн жүрбөптүр, сулуум!
Гүлмайрам:- Тапкан экенсиң жомокту!
Зеликман:— Кайдагы бир… “Мария Натансон деген жүүт аял менен ойногон.Экөөнүн уулу да бар”- дешет.
Гүлмайрам: — Ал өтүрүк. Жусуп экөөбүз борбордо чогуу жашаганбыз. Бүрккөн сууңа ишенеер кемпай жок.
Зеликман:- О-хоо, эркекти эс тандырган гөзөл... Мени да элжиретип салдың. Келчи, бери…(Гүлмайрамды билектен алып, зордук менен бөлмөдөгү керебетке жетелейт).
Гүлмайрам (эңкейип, Зеликмандын капталындагы тапанчаны сууруп алат. Тапанча менен Зеликмандын кийим илгичте турган шапкесин теше атат): — Мени менен тамашалашпа! Душманга кылыч чабам да, канжар саямын. Дөөрүбөй, Жусупту көрсөт! Болбосо...(Тапанчаны Зеликмандын маңдайына такайт).
Зеликман (колу менен калкаланып, кетенчиктеп): — Койдум, койдум. Кечир… Бүгүн уруксат берилбей турган күн. Андан көрө алып келгениңди таштап кет. Жусупка карматайын! Тапанча менен ойношпо, тапанча октолуу! Мага кол тийгизсең, сен да эриңе окшоп, камаласың. Анда балдарыңды ким карайт?
Гүлмайрам (тапанчаны мээлеп): — “Сага экинчи катылбайм” деп убада бер!
Зеликман (бүжүрөп: — Куп болот, царевна!
Гүлмайрам: -Эркектин сөзүбү?
Зеликман (баш ийкеп) – Ооба!
Гүлмайрам (тапанчаны столго коёт. Түйүнчөктү узатып): – Ме, тамак-ашты анын колуна тапшыр! Нечен ирет келдим, Жусупту бир ирет да көрсөтпөдүң, палач!
Зеликман: — Аны менден сураба. Жогортон ошондой буйрук алгам.
Гүлмайрам: — Акыры бир күнү адилеттикорноор..Ме, мобереки ичик менен тебетейди Жусупка кийгиз! (Тергөөчүгө тебетей менен тонду карматат). Азыр алып кирип бер! Эмне десе, жообун билип чык!
Зеликман(тамак-аштуу идишти жыттап): – О-хоо, үндүктүн эти… Тим эле жыты оборуңду ачат. Торопой кууруп келсең болмок!
Гүлмайрам (жөн-жай ) – Жусуп менен учураштырсаң, чочкоңду деле табам. (Зеликман аны укпай, түйүнчөк менен ичик жана суусар тебетейди кармап, конвойлордун бөлмөсүнө кирет. Тебетей менен ичикти кийип көрөт да, өзүнө калтырат. Үндүк менен оокаттын этин конвойлор менен чогуу жеп, сорпосун ичишет. Тамактын жугундусуна суу куйат).
Зеликман (кырт кекирет. Жугундуну Жусупка жеткирет):- Ичип ал! Аялың келди.
ЖУСУП (сүйүнүп, өзүнчө ): — Ох, Гүкүшүм… ушул жерде тура! Балбал көзүм, ай чырайым! Нечен ирет келип, бирок, көрүшө албай, жылдызыңтүшкөндүр. Жаным десе! Балдар менен кантип жашап аттың экен? Ай тергөөчү ( Зеликманга жалдырай тиктеп), камалганыма жылдан ашты. Бир ирет да жолуктурбадың. Бу жолу, бир эле мүнөт жүздөштүрүп койчу?! Жүзүн көрүп, үнүн угайын!
Зеликман – Сага болбойт. Сен – саясий бузуку!
Жусуп (көңүлү чөгүп) Макул, анда! Бул катты аялыма тапшыр! Москвага… Борбордук Комитетке, Сталиндин өз колуна жиберсин! (Камеранын каалгасы жабылат).
Зеликман ( камерадан чыгып, коридордо катты ачат. Окуйт) “Урматтуу Иосиф Виссарионович!Сизге ушуну менен үчүнчү жолу кат жазып атам. Мени жалган айып менен уруп-согуп, жок нерсени мойнума алдырып жатышат. Менин колум коюлган сурак протоколдоруна ишенбегиле! Жанымды коргоо үчүн кол койгом. Кайра тергөөнү өтүнөмүн! Саламым менен Жусуп Абдракманов. 1937-жыл”. Ох ты, стукач! ( Катты окуп бүтүп, майдалап жыртат. Бош идиш-аякты көтөрүп чыгып, түйүнчөгү менен Гүлмайрамга берет).
Гүлмайрам: — Жусуп эмне деди?
Зеликман ( тамашалай ырсаңдап): — Мага тие берсин деди
Гүлмайрам (ачуулуу): — Чыныңды айт!
Зекликман (чоочуркап): — Мындан ары келбесин дейт.
(Гүлмайрам капалуу кетет).
2-көшөгө
Гүлмайрам: — 1938-жыл, ноябрдын төртү. Таш-Дөбө айылы. Колуң сынгыр тергөөчү ичик менен тебетейди Жусупка бербептир. Суусарлардын терисин Талас менен Чүйдөн тапкам. Ичик менен тебетейди ага чак келет деп, Нарын менен Ысык-Көлдөгү чеберлерге тиктиргем. Алар Жусупканасип этпегенин кара! (Оор үшкүрөт, жашыйт. Саамдан кийин кайраттанып) Түрмө. Кезектеги сурак. Жарыгы күңүрт бөлмөдө колу артынабайланган эки туткун. НКВДнын адамдары экөөнүтең аёосуз сабашты. Алар – Жусуп менен чогууиштешкендер эле…
Зеликман (башы жерге салынган 1-туткундуналдына Жусупту каралаган жазуусу бар кагазды коюп, ага калемсап сунат): — Ме, кол кой! (2-туткунду түркткүлөп) сен дагы… (Туткундар сөз кайырбай, тергөөчүнүн буйругун аткарышты. Экөөнө). — Ушул колуңар менен некий Абдракмановдун совет бийлигине каршы экенин далилдедиңер. Анын чыккынчы, диверсант экенине күбөсүңөр ! Уктуңарбы?
1-туткун (баш көтөрбөй) — Макул! Жаным сыздап, алсырап турам. Эмне десең, ошо дечи, урбасаң болду. (Өзүнчө) Кечир Жусуп! Айласыздан жалган жалаага кол койдум.
2-туткун (бүжүрөп) – Болуптур тергөөчү мырза! Сиз айткандай болот. Ох, бөйрөгүм ий!..
Зеликман (кыйкырат): — Конво-ой, Жусупту айдап кел. (Саамдан кийин камералардын каалгасы карс –курс ачылат. Конвойлор колу артына байланган Жусупту эки туткундун үстүнө алып киришет).
Жусуп (1-туткундун башынан бет ылдый жылжып аккан канды көрөт. Ийиле калып анын башын жөлөп, чөөгүндөгү суу менен бети- колун жууйт. Туткундун канжалаган башы менен сынган колун таңат.)
Зеликман (какшыктап, Жусупка): — Эй, Абдракманов! Боорукер экенсиң. Ага жан тартпай, өз арабаңды сүйрө. Силерде эмне дейт эле?… “Эчки тууй албай жатып, койго аначы болуптур”. Анын сыңарындай …( Үстөлдөгү бөтөлкөдөн ром куюп ичет. Тамекисин өйдөгө бурулдата үйлөйт. Өкүмдүү): — Жолдош Абдракманов! Сен Кыргыз ССРин совет өлкөсүнөн бөлүп алгың келген.
Жусуп: — Андай эмес. Союздук республика болсун дедим. Мен совет өлкөсүн чыпалактайыман колдоп келатам. Айтканыңдын баары калп!
Зеликман (тура калып, Жусупту бет талаштыра муштайт. Столдун үстүнө көгүш дептерди таштап): -Бул эмне?
Жусуп (жаагын колу менен ушалап):
-Ал — менин үйүмдөн сен тартып алган күндөлүк…
Зеликман (күндөлүктү силкилдетип): -Ушу дептердеги жазуулар сенин ким экениңе далил. Мына, (күндөлүктү барактап, жазууларды сөөмөйү менен сая көрсөттү). – Москванын буйругун аткарбай, байларды коргогонсуң. “Кыргызча билгиле” деп, орусчага каршы чыккансың. Өз кол жазмаң — өзүңө балта…
Жусуп:— Күндөлүктө мен бай-манаптарды эмес,орто чарбаны сактоо керек дегем. Алар колхоздоштурууга арка-жөлөк болуучу.
Зеликман: — Оозуңду жап, контр! Актанба! Мен айттым, бүттү. менин сөзүм — закон. Ага кошумча, мына, өз партиялаштарың… Советке душмандыгыңа (сөөмөйү менен туткундарды көрсөтүп) бул досторуң күбө… Сен аяган, сен башын таңган досуң сени каралап, кол коюп беришти. (Сурак протоколун көрсөтүп) Мына, колдору…Күнөөңдү ырастап, бул жерге эми сен да кол кой! Мойнуңа ал!
Жусуп (мурдунан тамылжыган канды колу менен сүртүп):
-Ишенбейм. Булар да мен сыяктуу мамлекетимдинөз алдынчалыгын каалаган азаматтар. Экөөнүн мага каршы экенине көзүм жетпейт. Уруп-согуп, кыйнаганыңда мени каралоого аргасыз болушкандыр. Протоколуңа кол коё албаймын.
1-туткун ( башын көтөрөт. Жусупка) – Так ошондой! Кечир Жусуке!…
Зеликман (Жусупка ызырынып): — Ошондойбу контрразведчик!!! Улутчул буржуй… Англиянын тыңчысы! (Туткун менен алек болгон Жусупту күү менен жыга муштайт. Жусуп күтүүсүз соккудан жерге кулайт. Тергөөчү менен конвойлор анын башы-көзүнө карабай, тепкилейт. Зеликман Жусуптун колун кармап токтомго мажбурлап, кол чиймелетет. Табаасы канып). — Абалың ушул экен го! Башында кержеңдебей, кол койсоң, токмок жебейт элең!
Жусуп ( ордунан туруп, кан түкүрөт):
— Зордук-зомбулук менен жалган айыпты койгонуңду Сталинге жазамын! Мен токтомуңа ыктыярым менен кол койгон жокмун.
Зеликман (какшыктап) — Жаз!..Ленин менен Маркска да жаз!.. Кимиси бешенеңден сылаар экен? Сен Сталинге шек келтирбегин.. Уктуңбу? Өз жазаң өзүңдө. Сага да Советтер союзунун атынан өкүм чыгарамын! Баарыңды азыр итке окшотуп, сүйрөп барып, көмүп салабыз. Сенин кайыр дооң, коргоп алаар өлкөң жок! О дүйнөгө Төрөкул Айтматовдун, Касым Тыныстановдун, Баялы Исакеевдин, Абдыкерим Сыдыков жана Абдыкадыр Орозбековуңдун артынан силер да барасыңар! ( Конвойлорго) Желдеттер, айдагыла! (Өзү алдыга түшүп): — Адегенде эки туткундуалып чыккыла! Абдракмановду кийинкиге калтыргыла! Хе-хе… Сталинге арызданат имиш...
Гүлмайрам (четте) – Бозоргон адыр. Алтын күздүн ортосу, сырт жым- жырт. Бир аз шамал согот. Узун этек боз шинель, кара өтүк кийген конвойлор адегенде жылаңбаш, колдору артына байлануу туткундарды түрткүлөп жөнөштү. Эч ким жок, ээн талаага жетишти. Экөөнү тескери каратып тургузушту. (Кетет).
Зеликман ( Өкүмдү окуйт):
-Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун атынан….өкүм! Түкүнчө Баланчаев менен Баланча Түкүнчөев өлүм жазасына тартылсын! Жаза ок атуу менен аткарылсын! (Желдеттерге кол булгоо менен буйрук берет) — Раз, два, три.. Аткыла!
Гүлмайрам (бир четте кайгыруу менен):- Удаа-удаа атылган мылтыктын үнү жаңырды. Конвойлорго далысын салып турган эки туткун баштарына ок тиери менен жүзтөмөнүнөн жалп-жалп этип, кулап түштү. Аларга чейин бул жерде бир жүз отуз беш адам ушундай өкүм менен атылган болчу. Бир кыйладан кийин жука көйнөкчөн, жылаңаяк Жусупту айдап келишти. Мен “камерада олтурганда кийгиз” деп берген суусар тебетей менен ичиктен дайын жок. Таш дөбөгө келээрден мурда Жусуп бир аз тыныгып калган. Сталинге: “ Тергөөчү протоколго күчтөп кол койдурду. Жалган айыпты мойнума албаймын! Кайрадан тергөөнү сураймын!” – деп, кат жазууга да үлгүрдү. Ал камеранын темир каалгасын тыкылдатты. Кирип келген конвойго катты карматып, андан почта аркылуу Москвага жиберүүнү өтүнөт. Түрмө эшигин жаап, мыскылдай күлгөн желдет кагазды жаңы эле сырттан кирген көк шапкечен Зеликманга берет. Зеликман катты окуп бүтүп, ширеңке жагып, катты өрттөйт. Тончон тергөөчү “Жусупту алып чыккыла!”- дегенди туюндуруп, баш экчеди. Куралчан желдеттер Абдракмановду айдап жөнөштү. Жусуп Зеликман менен конвойлорго бет маңдай туруп, оттуу көздөрү менен аларга тикекарайт.
Зеликман (Жусупту эки ийинден кармап, тескери бурултат) – Дубалды карап тур!!
Жусуп ( булкунуп, кайра оңдонуп, конвойлорго тике карайт): — Көз жашыраар күнөөм жок. Каратып туруп, маңдайыма ата бер!
Зеликман: — Ну герой!… Азыр эле жалынасың. (Сумкасынан өкүм жазылган кагаздарды сууруп чыгып, окумак болот).
Жусуп: — Желдеттер! Бир аз сабыр эткиле. Менин катым Сталинге жеткен эмес окшойт. Жооп келбеди. Мен колуңарда турамын. Эч кайда качпаймын. Мени да атууга ар убак үлгүрөсүңөр! (Жерде көмкөрөсүнөн сулап жаткан курбалдаштарына сөөмөй жаңсап) — Мобереки шордуулардын канын жазыксыз төктүңөр. Кур дегенде экөөнүн сөөгүн адамга окшоп, көмүп коёлу…
Зеликман (ачуулуу): — Аны менен сенин ишиң болбосун! Иттерге —ит өлүм. Тескери кара!
Жусуп: — Айбан экенсиң, Зеликман! Калтырабай ат. Маңдайымды тосуп берем. Баса, уруксат бер! Тигилердин сөөгүн көмөйүн! (Зеликман тетири бурулат) Анда, ак жеринен атылгандардын арбагына атап, куран окуюн! Желдеттер! Куралыңарды кезебей, төмөн түшүрүп тургула!!!
( Желдеттер не кылаарын билишпей, Жусуп менен тергөөчүнү алмак-салмак карашат. Жусуптун теше тиктеген айбатынан жазганып, селдейишет. Мылтыктарынын оозун жер каратышат. Жусуп чөгөлөй олтуруп, куран окуйт. Анан өйдө турат. Конвойлорго тик карап): — Желдеттер! Эми өз милдетиңерди өтөй бергиле!
1-Конвой ( мылтыгын ыргытып): – Мен ак кишини ата албаймын. (Экинчи конвой менен Зеликман ага суроолуу тиктешет)
Зеликман: – Ой, эмне, жин тийдиби? Бул- буйрук!!!
1-Конвой: — Ак кишиге жаза жок. Жусуп кыргындан миңдеген адамды сактады.Чек арабызды кеңейтти. Ал Абдыкерим Сыдыков, Ыманаалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Төрөкул Айтматов менен кошо тарыхта жок кыргыз Өкмөттү жаратты. Абдыкадыр Орозбеков Конституцияны иштеп чыгуунун башында турду. Ал БАКты башкарган 12 жылда Пишпекте кыргыз,орус драма театрлары, филармония, ондогон ишканалар, окуу жайлар, мектептер курулду. Калктын сабаттуулугу 68 пайызга барып, өнөр жай өндүрүшү 7 эсеге, пахта жыйноо да 7 эсеге, дан өндүрүү 4 эсеге көбөйгөн. Миңдеген чакырым жол курулуп, миңдеген техникалар келди.
Зеликман (ойлуу, кашын кере): — Ии де… Анда сен да кыргызсыңбы?
1-Конвой: — Так ошондой.Кыргыз кыргызды атпайт да, сатпайт…Ээн жолго таштабайт.
Зеликман (Жусупка): — Кыргыздар бири-бирине душман дешчү эле… Мунун чыккынчыга жан тартканын кара…Силерди каралап жазгандар араңардан чыкты. (Желдетке) Эй,буйрукту аткарбасаң, камаласың!
1-Конвой: — Башка түшсө… Жусуптай эр жигиттер баталгадан качкан жок…
Зеликман (желдеттерге):- Ну ладно,отставить! Күүгүм кирип калды. Оставим его на завтра. (Жусупка ээк кагып) Бу байкуш эртеңки жарык күндү көрүп алсын! До утра его еще добьем!
Гүлмайрам — Сурак түнү менен кайра уланды. Жусуп кечээ сурак токтомдоруна толук кол койгон эмес эле. Зеликман калган токтомдорду бышыктоо үчүн түккө турбас суроолорду берип, тажатат. Мажбурлап кол койдурууга тырышты.
Зеликман (эки бутун үстөл үстүнө чыгарып, чалкалай олтурду. Үч-төрт ыстакан ромду удаа-удаа жутат. Марттыгы туттубу, Жусупту мыскылдап, шарап сунат. Жусуп ичимдикти колуна албайт. Зеликман ордунан туруп, ром куюлган темир курушкени Жусуптун бетине түртүп);
— Ичпесең да, протоколго кол койбосоң да, мейли. Сен баары бир – советтин душманы…социал- туранчы, пантюркист. Компартиянын чыккынчысы…. Булар сага коюлган кинелер. Сволочь, черномазый республикаңды көз каранды эмес өлкө кылгың келет, ээ! Ме сага… (Сөөмөйү менен ортончу манжасынын арасынан баш бармагынын учун чычая көрсөтөт) – Өз алдынча болот имиш…Чурбан…
Жусуп: — Мен дагы кайталайм. Айтканыңдын бирөөсү да туура эмес. Менин өлкөм эки жыл мурун Кыргыз ССРи болду. Келечекте Москвага баш ийбеген, өз алдынча, көз каранды эмес мамлекет болот. Сенин ашмалтай сөздөрүң суу кечпейт. Кыргызды өлүм менен эч ким коркута албайт. (Муштумун түйүп, кыжырданат.) Ушунчалык тажаттың, сен..
Зеликман: — Акыркы күнүңдө шакылдап кал, сагызган! (Курушкеге ром куюп, ичет)
Гүлмайрам ( бир четте):- Абдракмановго кайрат бүттү. Ал өзү олтурган отургучту бекем кармады да, ордунан ыргып турду. (Тергөөчү чылым тутантмакчы болуп, ширеңке күйгүзүп аткан).
Жусуп ( Зеликманды как башка отургуч менен согот): — Мыкаачы… садист, варвар!…
Зеликман ( отургуч урулаарда башын эки колу менен калкалап, ала качат. Бакырат): Карау-ул! Конвой-й… Расстрелять…(Коридордон өтүктөрүн тарпылдатып, конвойлор жүгүрүп келишет. Алар камеранын каалгасын ачаар замат босогодо туруп, Жусупка жарыша ок чыгарышат. Зеликман датапанчадан кайра-кайра ок атат. Жусуп жыгылат).
Гүлмайрам (жашып): — Ошентип, Жусуп 1938- жылдын 5-ноябрында курман болду. Ал отуз жети жашка жыл этегинде, 28-декабрда толмок. Мен беш балам менен жесир калдым. Жусуп шейит болгондон кийин бизди үйдөн да кууп чыгышты. Ар кимдердикинде күн көрдүк. Жадесе, нан алууга көк карточка да беришпей, нанга турган кезектен да сүрүп чыгарышты. Аргасыздан атамкына, Казакстанга көчүп кеттим. Бир күнү Алматынын көчөсүнөн Зеликманды учураттым. Мен аны тааныдым. Ал да мени тааныды. “Өлүгүңдү көрөйүн, варвар. Адам өлтүргүч” деп каргап шилеп, артынан кууп жөнөдүм. Ал качып жөнөдү, мен ага жете албай калдым. Ызаланып, ыйлап атама келдим. Атамдын сыйлыкка алган тапанчасы бар болчу.
Атасы: — Эмнега жашып атасың, кызым?
Гүлмайрам(көз жашын аарчып): — Жусупту аткан тергөөчүнү таптым, ата. Кууп жүрүп, жетпей калдым.
Атасы: — Аны кантип тааныдың? Башка бирөө менен адаштырып жүрбө!
Гүлмайрам: — Дал өзү. Мени жалт бир карап, тааныды.Артына шарт бурулуп, качып жөнөдү. Башында Жусупка мен тиктирген суусар тебетей, үстүндө тармал, ак жакалуу, офицердик агыш тон. Эки ийнинде майордун жылдызы. Колунда портфель. Эми кууп жетээримде таксиге качып кирип, кутулуп кетти. Командир кезиңизде сыйлыкка алган имменной тапанчаңыз бар эле. Ошону бериңиз, ата!
Атасы: — Аны эмне кыласың?
Гүлмайрам: — Зеликмандан Жусуптун өчүн аламын.
Атасы: — Ал оюңдан кайт, кызым! Атыш – оңой, кийинкилигин ойло! “Органдын адамын өлтүрдү”- дешип, сени да камайт. Жусуптан ажырагандай, сенден да кол жуугум келбейт. Жээн тайларымдын жетим өсүүсүн каалабайм, кызым! Токтот, оюңду (Кетет)
Гүлмайрам: — Ошентип, атам ачуумду басты. Аңгыча, 1956-жылы Жусуптун акталганын уктум. 1991-жылы анын сөөгү да Таш дөбөдөн табылды.Табыты репрессияда курман болгон кыргыздын баатырлары менен кошо Ата Бейитке коюлду.