Турусбек Мадылбай: «ДЕҢИЗГЕ КАРАЙ ЖОЛ»
Өзүмдүн туулганым жөнүндө мен көп деле эч нерсе айта албайм. Эл катары эле туулган окшойм го, анан туулгандан кийин мен төрөтканада бир топ чыр чыгарсам керек. «Мен төрөлдүм! Сүйүнбөйсүңөрбү! Куттуктагыла тезирээк!» – деп, чыркырап жар салгандаймын. “Жеткен өжөр болчусуң!” – дейт апам ошондон бери. “Иттей кежир элең!” – дейт атам, бирок анан башыман сылап коёт.
Ымыркай бала кезимдеги жоруктарымдан эч нерсе эсимде жок, бирок балалыктан бирин-экин окуя эсимде калыптыр. Ал жоруктардын бирине күлөсүң, бирине… өкүнөсүң. Ооба, демейде бала чакты эң бактылуу мезгилдей гана сезишет, бирок, менимче, ал кездин деле өз жыргалы менен өз кайгысы бар, өз кубанычы менен өз муңу дагы толо болчу. Мына, ошолордон азыноолак кеп.
Алгач шайыр-шайкелең, тамашалуу окуялардан баштайын, кантсе дагы жамандыкка караганда турмушта жакшылык көбүрөөк болот эмеспи.
Атам менен апамдар мени чабал жана оорукчан өскөнсүң дешет. Мен тез-тез ооруп, кээде алар эмне кылаарын билбей, айласы кетчү экен. Ошонун бүт толуктагансып мен кийин тынымсыз кыймылда болдум. Мен тынчы жок, чабалактаган бала болуп өстүм. Кантип анан чабалактабайм, кантип тынч отурам? Ай-ааламда бүт тыбырчылап, кыбырап-кыймылдап жатса, бардыгы агып-ташкындап, күйүп-жалындап жатса, дүйнөнүн бүт айкырып-чыңырып, ыйлап-сыктап, каткырып күлүп, сүйүүгө толуп, кайгыга батып, кыскасы, жан кирип жашап жатса, анан мен кантип жөн отурам? Өзгөчө мага окшогон тентек бала кантет, эгерде менин ичимде ушунчалык көп күкүрт күйүп, ушунчалык оор темир салмактанып турса, жез, калай, ыроо… айтор, табияттагы заттардын бардыгы ичимде кайнап турса, керек болсо, алар менен бир ГЭСти иштетсе болмок. Эмнеге ГЭС экенин кийинчерээк түшүндүрүп берем. Кыскасы, мен алыстагы аппак мөңгүлөрдөн жаралгам, куркурап аккан суулардан жаралгам, бийик тоолордун чокуларынан күрүлдөп келип, жерге буркан-шаркан түшкөн шаркыратмалардан жаралгам, жайыттардын буруксуган чөптөрүнөн, шалбаалардын аңкыган гүлдөрүнөн жаралгам.
Ошол кезде өлкөнүн кинотеатрларынын бардыгында «Кенч аралы» аттуу кинофильм көрсөтүлүп жаткан, ошондуктан биз бардыгыбыз деңизге жана алыскы аралдарга саякат тууралу кумарланып жүргөнбүз. Англиянын Бристол шаарында башталып, кенчтин бир бөлүгү дагы эле аралда кала бергендиктен башкы каарман Жим Хокинс анын кайсыл жерде жайгашканын атабаган жерлерде уланган окуялар бизди ушунчалык азгырды дейсиң, мен курактуу кичинекей балдар деле дароо деңизчи болуп чыга келди. Бизден улуурак балдар болсо кичинекей көлчөктө киринсе дагы минтип ырдап баштачу:
Бир өлүктүн сандыгына он беш киши,
Ой-бой, анан болгону бир шише ром ичимдиги!..
Чынында, мен ырдын сөздөрүнүн бүт эле түшүнө берген эмесмин, анткени менен ал окуялардан мен деңизчи деген дүйнөдө дагы бир кесип бар экенин билип калдым. Түшүмдө дайыма деңиз мейкиндиги, кемелер жана ар кандай балыктарды көрчүмүн. Менин дагы алгач тестиер деңизчи, андан соң чыныгы деңизчи болгум келди. Бир буту чолок, тартагай Жон Силвер Жим Хокинсти:
– Сен туура жолду тандапсың, балам. Чыныгы адмирал тестиер деңизчиликтен баштайт, – деп жөндөн-жөн үйрөтпөйт эле да.
Тилекке каршы, кичинекейимде деңиздин өзүн мен, албетте, көргөн эмесмин, бирок ошондо эле аны аябай жактырып калгам. Мүмкүн, ошол кезде атам менен апам мага деңизчинин баш кийимин сатып беришкендиги буга себеп болгондур. Ал чыныгы деңизчинин баш кийимине окшош эле, тегерете кара тесме менен оролуп, алды жагында ак тамгалар менен «ДЕҢИЗЧИ» деп жазылган.
Ошентип менин деңизчи болгум келди. Бирок мен анда беш гана жашта элем, тегерегимде болсо бир дагы деңиз жок. Эми кантсем? Кантип деңизге жетсем? Ушинтип кайгыга батып, ойлонуп отуруп, мен кагаздан кеме жасап алдым, анымды үйүбүздүн алдынан агып өткөн арыкка коё бердим. Өзүмдү мен тим эле бир деңиз адмиралындай сезип калдым. Барбаросса же Коллиңвуддун эле өзүмүн![1] Ал эми ак кемем кесилишке чейин көчөнү бойлоп барып, анан оңго бурулуп кетти. Ошол жерден коңшу көчөгө чейин жетип, ал биздин шаарыбызды кыйгачынан кесип өткөн чакан бир суунун айлампасына илинди. Кемем ал жактан ойронго учурап, чоң таш менен шагылга урунуп, шаркыраган толкундун арасында жоголду.
Кемени кырсыктуу сапарга узатып коюп, мен кайра үйүмө кайттым. Бирок жолумду сепилге окшош зоңкойгон бир килейген там тосуп турду. Ал эски тамдын үстү ошол кезде бизде сейрек учуроочу чопо кыштар менен жабылган эле. Жартылай урап калган дубалдары айлананы кабагын бүркөп тиктеп, байыркы уламыш-жомоктордогу байлардын сепилдерине окшоп турчу. Бул жерде Аскат деген кашы коюу, сакалы сары бир карыя сүрөтчү жашачу. Ал ушунчалык көөнө, картаң болгондуктан биз аны жомоктордогу бир сыйкырчыдай кабыл алчубуз. Биз андан коркуп, чалдын тамынан алысыраак айланып өтүп жүргөнбүз, бирок ошол күнү мен кемеме алаксып отуруп, тамдын жанынан кантип өтүп кеткенимди дагы байкабай калыптырмын.
Артка кайтайын дейм, бир жагынан корком, бир жагынан үйүмдөн алыстайм. Мына, азыр эле үйдүн ээси чыга калып, мени колуман сүйрөп кете тургандай сезилет. Мен бүжүрөңдөп басып, туш тарабыма кылчактап келе бердим. Бир маалда так колумун учу жагынан куркураган бир үн чыкты. Зорго келе жаткан жаным төбөмө чыгып, мен артымы карабастан учкан бойдон чуркап жөнөдүм.
Өңү-башым өтө бузулуп кетсе керек, алыстан көрө калган Рай-акем мени карай шашыла жүгүрдү.
– Эмне болду? Кокуй, эмне болуп кетти? – дей берди ал мени көкүрөгүнө бекем кыса. – Эмнеге мынча кубардың? Эмне болду?
Мен ошол замат бугумду чыгара боздоп жибердим. Акемдин көкүрөгүнө жабышып алып, мен жаңгап ыйладым. Ыйлайм дагы, кайра аны бекемирээк кучактайм.
– Деги эмне болду, кокуй? Атпайсыңбы бирдеме деп, – Рай-акем түшүнбөй аң-таң.
Бир аз басылгандан кийин мен эмне болгонун айтып бердим:
– Тиякта… Тиякта бир сыйкырчы жүрөт, – деп эптеп кобурадым мен. – Ал мени… мени сепилине сүйрөп кетем деди. Анын үнү… үнү жаман экен…
– Сенин көзүңө бирдеме көрүнсө керек, – деп соорото баштады акем. – Ал ит окшойт. Коркпо, экинчи аякка барба. Айтмакчы, сен аякка эмнеге бардың?
– Менин кемем ошоякка агып кетти, – деп түшүндүрдүм мен.
– Кемеңи ушуерге агызсаң болбойт беле? Өзүбүздүн эле көчөдө ойнобойсуңбу?
– Ушуерден эле агызгам, – деп, бир аз басылгандан кийин айттым мен. – Бирок кемем деңизге жетеби көрөйүн дегем.
– Каякка? Каякка? Деңизге дейсиңби? – акем чыдабай каткырып күлүп жиберди эле, менин жиним келип кетти: мен коркуп жатсам, анын шылдыңдап күлгөнү эмнеси?
– Ооба, деңизге, – деп, салабаттуу сүйлөдүм мен. – Эмнеге күлөсүз? Мен эмне, күлкүлүү бирдеке дедимби?
– Сен өзү деңизди көрдүң беле? – Рай-акем чыдай албай, курсагын бекем мыкчып алды.
– Көргөм.
– Каерден көрдүң эле?
– Кинодон.
– Мейли анда, сени кинодон көрдү дейли, – акем күлгөнүн бир аз токтотту. – Анан сен аны ушу жака-белде дейсиң да, а?
– Ооба.
– Анда сен кемеңи ошо деңизге коё берем дедиң да, ошондойбу?
– Ошондой.
– Бирок жака-белде эч деңиз жок да.
– Эмнеге?
– Эмнеге дейсиңби? Анткени деңиз деген суу толо килейген мейкиндик, – анан ал түшүнбөй калганымды өңүмдөн байкап, мага түшүнүктүү тилде сүйлөдү. – Билесиңби, бизде деңиз болуш үчүн ириде килейген аңды казыш керек. Анан аны суу менен толтуруш керек. Түшүндүңбү?
– Ийи, – дедим мен. – Эмнеге аны эч ким казган эмес?
– Анткени анын эч кимге кереги жок, – деди акем.
– Бирок башкалар казып коюптур го, – деп өжөрлөндүм мен. – Башкалар казып, эми алардын балдары деңизге суктанып, кемелерин сууга коё берет экен. Анан чоңойгондо алар алыска сапар тарткан кеме башчылары, деңиз адмиралдары болушат. Менин да деңизчи болгум келет. Эмнеге силер бизге деңиз даярдап койгон жоксуңар?
– Ээ, иничегим, сен бизди эмне… жалкоо дегиң барбы? – Рай-акем мени тигиле карады. – Сен билесиңби, деңиз болуш үчүн канча казыш керек? Ага эч кимдин алы жетпейт. Деңизи барлардын бүт кошкондо да күчтөрү жетпейт.
– Башкалардын аталары балдарына деңиз жасап таштаптыр го, – деп, көгөрүп алдым мен.
– Ээ, сага сүйлөгөн мен да акмакмын!..
Акем колун шилтеген бойдон короого кирип кетти, мен болсом көчөдө кала бердим. Мага деңиз гана керек эле, ошондуктан мен ошол деңизге кемемди коё бериш үчүн бүт күчүмдү жумшаганга даяр болчумун. Ошол эле күнү мен дароо ишке кириштим. Мен деңизди өзүм казмак болдум. Мен талыкпай-чарчабай, тынымсыз каза бердим. Урпактары үчүн деңиз казып даярдап койбогон ата-бабаларыбыздын эң чоң катасын мен өзүм жалгыз оңдомок болдум. Мен үч кишинин, балким, беш кишинин ордуна иштеп жаттым. Менин чыныгы деңизчи болгум келди, ошондуктан мен ал оюмду ишке ашыруу үчүн бүт күчүмдү жумшадым.
Рай-акем бак жактагы жерден баштоону сунуш кылды, анан секинден кеңейте бересиң деди.
– Ошентип биздин багыбыз деңиз мейкиндигинин тең ортосу болуп калат, – деп көндүрдү ал мени. – Кийин кыргыз деңиз аскеринин башаты биздин үй болгон деп сыймыктанып айта жүрөбүз.
Мен акеме ишендим, ошондуктан анын жөн эле тамашалап койгону оюма дагы келбептир. Акемдин айтканына ынанып, мен бактын ичин каза баштадым. Бирок ошол эле күнү кечинде атам бардыгын билип калды. Тамактанып отурганыбызда ал өз иниси Рай-акемден сурады:
– Бактын ичин сен казып атасыңбы? Бирдеме курайын дедиңби?
– Эмне?! – соболду укканда Рай-акем чакап кетти, ал ошол замат мен тарапты тиктеп, анан агасынан, менин атамдан, сурады. – Каерде казылуу экен? Мен байкабаптырмын.
– Тиги… дааратканага баратканда, – атам колун жаңсап койду.
– Анан канча казылыптыр? – Рай-акем күлүп жибере таштады.
– Бир топ эле казылыптыр, – деди атам. – Аерге сен бирдеке салайын деп атасыңбы?
– Жо-ок, – Рай-акем байкатпай жылмайып, мени карап, көзүн кысып койду. – Жок. Бирок бир кичинекей адамга ал аябай керек, Ал сөзсүз ошоерге бир килейген аңды казат.
– Ал аңдын кимге кереги бар экен? – атам кайрадан сурады дагы, бардыгыбызды бир сыйра тиктеди.
Анын тиктегенинен качып, мен башымды чоң термостун артына ката койдум, бирок атам баары-бир мени көрүп калды.
– Сенби, Туту? – деп сурады атам. – Аңдын сага эмне кереги бар?
Бардыгы мени таңгалып тиктеп турду.
– Эмнеге унчукпайсың, балам? – атам катуурак айтты. – Жертөлө салайын дедиңби?
– Окшобойт, – деп, күңк этти Рай-акем.
– Көлчөк кылайын дедиңби?
– Жакындады, – Рай-акем уурту менен күлүмсүрөп койду.
– Көлмөбү?
– Дагы жакыныраак.
– Көлбү?
– Дагы бир аз калды.
– Анан дагы эмне? – атам чыдабай кетти.
– Айт… бол эми, айтпайсыңбы, Туту, – деп башын ийкеди Рай-акем.
– Деңиз, – дедим мен акырын.
– Эмне?! – деп таңгалды атам.
– Эмне дейт, кокуй?! – деп чоочуп кетти апам.
– Эмне?! – деп таңыркады бир туугандарым.
– Деңиз! – деп, эми сыймыктана сүйлөдүм мен.
Ушул жерден бардыгы чалкасынан түштү. Апам гана мени жылмайып карап, акырын башыман сылады дагы, анан сүрдүү сүйлөдү:
– Анын эмнеси бар экен? Бу эмне… тиги «ДЕҢИЗЧИ» деген жазуусу бар баш кийимин бекер кийип жүрүптүрбү? Эми балама, албетте, деңиз керек. Келечекте балам, керек болсо, деңиз аскерин башкарат, а, балам?
– Жок, мен биринчи деңизчи болом, – дедим мен. – Андан кийин гана деңиз башчы болом.
Ошондо атам дагы сүрдөй түшүп, менин колумду бекем кысты.
– Азаматсың, уулум, – деди ал. – Сендейлерди мен абдан сыйлайм. Силер бирдемени ойлодуңбу, максатыңа жетиш үчүн чечкиндүү иш баштайсыңар, – анан дагы ал кошумчалады. – Бирок, уулум, сен көпкө чейин казасың го дейм, аябай көпкө.
– Мейли, – дедим мен.
– Сен бактын ичин бүт казышың керек, – деп, сөзгө аралашты Рай-акем.
– Ага деле мейли, – мен тайманган жокмун.
– Сен шаардын бүт казышың керек болот, – деди апам.
– Буга деле макулмун.
– Сен өлкөнүн бүт казышың керек болот. Өлкө деген кандай чоң, билесиңби? – деп жыйынтыктады атам.
– Мен баарына макулмун.
– Апе-ей, анан биз каякка барабыз, кокуй? – деп таңгалды апам.
Буга мен эмне деп жооп берээримди билбей койдум. Бардыгы унчукпай калды. Мен дагы башымды шылкыйтып, үн чыгарбай отурдум.
– Мен таптым… эмне кылышты таптым, – бир маалда атам сүйүнүп кетти. – Биз Тутуну мектепке жиберишибиз керек…
– Бирок буга али эрте да! – апам каршы болду.
– Азырынча бу даярдоо сыныпына барат, – деди атам. – Аерден Туту жазып-окуганды үйрөнөт. Кат тааныбай туруп, ал кантип деңизчи болмок эле?
Бардыгы башын ийкеп калды.
– Бирок балам бакчага барган эмес го, – апам таңыркап жатты. – Ал азыр окуганды билбейт да.
– Эчтеке эмес, мектептен үйрөнөт, – деп бүтүм чыгарды атам. – Ошондуктан даярдоо сыныбы да, себеби атайын бала бакчага барбагандарды окутат экен, – атам мени жалт коюп бир карап алды. – Билимсиз эч ким деңизчи болалбайт.
– Андай болсо, мейли, – апам макул болду.
– Мына, – атам кебин улады. – Анан окуп-жазганды үйрөнгөндө, Туту жаарапияны[2] дагы билип калат. Антпесе сууда каякка сүзөрүн кантип билмек эле? Сен каякка сүзүштү билесиңби?
Мен башымды чайкадым.
– Көрдүңбү, дагы сен компас деген эмне экенин билишиң керек, ааламдын төрт тарабын, кургактыктарды, деңиз-мухиттерди өздөштүрүшүң керек… Кыскасы, дагы көп нерселерди үйрөнүшүң керек. Түшүндүңбү?
– Ооба, – деп, күңк эттим мен.
– Күзүндө мектепке барасыңбы? – деп сурады атам.
– Макул, – мен башымды ийкедим.
– Азаматсың! – деп мактады мени атам. – Чуңкурду биз азырынча көмүп коёлу, а?.. Убактылуу… азырынча эле… сен мектепти бүткөнүңчө… Мейлиби?
– Мейли, – деп макул болдум мен, бирок ичимен каршы элем, анткени мен аны бир күн кечке казгам да.
Биз ушундай чечтик. Сентябрда мен мектепке барышым керек, жакшы окуп, бир нече тилди үйрөнүп, жаарапияны дагы жаттап, андан кийин гана мен деңизчи боло алам.
Мектепке бара турганымды угуп көчөдөгү балдар мени чындап сынакка алды. Бир күнү нанүштөдөн кийин мен демейдегидей эле эшигибиздин алдындагы орундукта отурсам, жаныма көчөдөгү балдар келип кошулду.
– Туту, сен чын эле мектепке барасыңбы? – деп жабыла сурады алар.
– Ооба, – дедим мен.
– Анда айтчы, «жадыбал» деген эмне? – Жүрөр ошол замат сурады.
Мен эмне деп жооп берээримди билбей калдым, анан чынын айттым:
– Билбейм…
– Билбейсиңби,йа? – балдар каткырып күлдү. – Анан сен кантип мектепте окуйсуң?
Бирок менин багынгым келген жок.
– Мейли! Мен аны мектептен үйрөнөм. Мен мектепке ушуну, дагы көп нерсени үйрөнгөнү баратпаймынбы, – деп тайманбай жооп бердим мен, анан кошумчаладым. – Аерден мен деңиз жөнүндө да үйрөнөм…
– Деңиз дейсиңби? – балдар биринин артынан бири таңыркады. – Анын сага эмне кереги бар?
– Силер эмне, билбейсиңерби? Мен деңизчи болом да.
– Койчу, эй! – балдар ого бетер каткырды. – Сен кайсы деңизде сүзмөк элең? Бизде деңиз жок да!
– Табам, – мен ишенимдүү жооп кайтардым. – Мен… мен… керек болсо, мен аны өзүм казам…
– Эмнени? Эмнени казасың? Өмүр бою казсаң да, сен аны бүтө албайсың, – дей баштады менден улуу, ошондуктан билерман балдар.
– Бүтөм, – деп алардын сөзүнө көнбөй койдум мен. – Башкалар казыптыр го, мен да казам.
– Баары-бир бүтө албайсың, – деп, көгөрүп туруп алды балдар дагы. – Башкалардын деңизин, мүмкүн, бабалары, чоң аталары, аталары, балдары, неберелери казган болуш керек. Сенин чоң атаң болсо биерден алыс жашайт. Атаң болсо күнүгө ишке кетет. Ошон үчүн сен жалгыз килейген аңды казып бүтө албайсың.
– Жок, бүтөм, – мен аз жерден ыйлап жибере жаздадым. – Баары-бир мен өзүмө деңиз казып алам.
– Мүмкүн, казып аласың, бирок анүчүн өмүрүңүн бүт коройт, – билерман балдар дагы өз айтканынан кайтпай койду. – Анан карыганыңан кийин сен деңизде сүзө албай каласың.
– Сүзөм эле, – менин дагы кежирлигим биротоло кармады.
– Сүзө албайсың, – балдар каптап кирди. – Чалдар деңизде сүзбөйт. Сакалы агарып, жерге чейин самсалаган чалдын сууда сүзгөнүн сен көрдүң беле?
– Робинзон Крузочу? – деп эстей койдум мен.
– Бирок ал жаш кезинде ээн аралга сүзүп барып, анан ошоерден карыган да.
– Анда мен сакалымы өстүрбөй коём.
– Баары-бир. Сен карып, алсыз болуп каласың. Сенин тиштериң түшүп калат. Сен оор нерселерди көтөрө албайсың. Анан оор нерсени көтөрө албаган чалдын кемеде кереги эмне?
Ошол оюма эч келбептир. Карыганымча көп убакыт бар, мага болсо деңиз азыр керек эле. Деңизди менин эртерээк көргүм келет. Ошондуктан бир күнү мен Рай-акемден кайрадан сурадым:
– Деңиз өзү каякта?
– Сага кайсы деңиз керек? – суроомо суроо менен жооп берди акем. – Дүйнөнүн ар тарабында деңиз бар. Сенин кайсы деңизге баргың келет: Сары деңизгеби же Кара деңизгеби, Балтика деңизинеби же Ак деңизгеби?
– Билбейм, – деп кобурадым мен, ошондо деңиз тууралу эч нерсе билбегениме өзүм ардандым.
– Ана, көрдүңбү, кайсы деңизде сүзөөрүңү өзүң да билбейт экенсиң, – деп үшкүрүндү Рай-акем. – Демек, сен мухиттер жөнүндө да эчтекени уккан эмессиң да, а? Инди же Арктика мухиттерин уктуң беле? Атлантика же Тынч мухитинчи?
– Жок.
– Уюлдар тууралу уктуң беле?
Мен кайрадан башымды чайкадым.
– Көрдүңбү, аларды да укпапсың, – Рай-акем оор үшкүрүндү. – Анда сен көп нерсени дагы үйрөнүшүң керек экен, түшүндүңбү?
– Ийи, – мен дагы акеме окшоп үшкүрүндүм, анткени билимсиз мен эч жакка бара албай турганымды түшүндүм.
Ошол жылы күзүндө мен даярдоо сыныпына бара баштадым. Бир күн мурун атам мени чачтарачка алып барды, тигил менин чачымды алып, маңдайымдын үстүнө кичинекей көкүл калтырып койду. Мурун такыр баш кылып салчу, бирок бул жолу чачтарач маңдайымдын үстүнө көкүл калтырмак болду.
– Азыр балдардын баары ушундай кылат, – деди ал.
Атам макул болду, ошентип маңдайымдын үстүндө кичинекей көкүл калды. Күзгүгө каранып, мен дагы ыраазы болдум. Ошентип мен жаңы көкүлгө ээ бойдон мектепке бара баштадым.
Эртеси күнү биринчи сентябрда мен ак көйнөк, кара шым, кара пайабзал кийинип алып, мектепке жөнөдүм. Азырынча китеп баштыгым жок болчу, анткени даярдоочу сыныпка эч ким китеп алып барбайт экен. Анын үстүнө биз азырынча мектептин өзүндө эмес, андан башка жактагы бир үйгө бардык. Ал килейген терезелери бар, каалгалары көп чоң мектеп эмес, кадимки эле киши жашаган там экен. Мага ошонусу жакпай калды, бирок дегеле жакпаганы – мугалимибиз менден бир аз узунураак кичинекей бир аял экен. Чачтарын ак басып, анысын дагы эжекеси артына түйүп алыптыр. Ал бизди карай басып келип, мени колуман алды дагы, акырын сурады:
– Кана, таанышып алалы. Атың ким?
– Туту, – дедим мен.
– Бул өз атыңбы же эркелеткен атпы? – деп сурады эжеке.
– Өз атыңы айтпайсыңбы, – деди атам.
– Туту, – дедим мен кайрадан.
Атам эжекеме чын атымды айтты, тигил унчукпай калды. Ошону менен мектепте дагы мен Туту деген ат менен жүрдүм. Сыныпта биз көбүнчө ойноп, ырдап, сүрөт тартчубуз, ал эми жаарапияны эмнегедир бизге окуткан жок. Деңизге карай жолду кантип табам деп, менин шаштым кетти. Ошондо мен кайрадан баягы менин эң ишенимдүү маалымат булагыма кайрылдым – ал Рай-акем болчу.
Ал мени көчөгө ээрчитип чыкты дагы, өзү түндүк тарапты карап туруп, анан колу менен түз көрсөттү:
– Мына, түз кете берсең, Арктика мухитине барасың.
Анан тескери бурулуп, аркасын көрсөттү:
– Биякка түз кете берсең, Инди мухитине жетесиң.
Дал ошондой эле кылып, ал батыш менен чыгышты дагы көрсөттү:
– Тиягы Атлантика, биягы Тынч мухити. Эми түшүндүңбү?
– Түшүндүм, – деп, башымды ийкедим мен. – Бирок тоолорду мен кантем?
– Ээ, иничегим, сен алардан өткүн да. Сен ириде тоолордун бүт өтүшүң керек, анан ошондо деңизди көрөсүң, – деди дагы, анан Рай-акем үйгө кирип кетти.
***
Эртеси күнү эле мен жолго чыктым. Мен түндүктү карай жөнөдүм. Эмнегедир мен түндүк жөнүндө көбүрөөк угуптурмун. Атам мага биздин элибиздин жери тээ Арктикага чейин созулчу, анда ал Тартар мухити деп аталчу, ал эми биздин өлкөбүздү башка элдер Улуу Тартар атачу деген. Жаарупалыктар бизди ушинтип атаган, биз болсок өзүбүздү кыргыз эле атачубуз.
Батыш, чыгыш же, эң кур дегенде, түштүк дегенди мен дегеле уккан эмесмин. Себеби бизди чет өлкөгө эч коё берчү эмес. Эжелеримден гана бир аз Индустан жөнүндө уккам, анткени алар дайыма атаман инди киносуна барып келеличи деп суранчу. Бирок мен Индустанды кыздар үчүн өлкө деп ойлочумун. Ошондуктан мен түндүккө карай жөнөдүм. Атам бир кезде колдонуп жүргөн асынма баштыкты мен аркама артынып алдым. Жаңы алып бер десем, сырымды бардыгы билип калып, жолго чыгарбай коё турган. Баштыгымда эки токоч нан, бир картык коюу сүт, биртике шириндиктер менен чай куюлган шише бар. Кечээ дүкөндөн атам алып келген жарым кадак шириндик менен кошо дагы бир картык сүттү мен агаларыма, эжелериме калтырдым. Башкалар дагы жесин да!
Жолдон мен бир дагы унаага түшкөн жокмун: атам артыман бирөөлөрдү жөнөтсө, менин ишим оңунан чыкпай калабы деп чоочуркадым. Ошол күнү кечке жуук мен зорго жакынкы бир кыштакка жеттим.
Тегерегимдин бүт талаа, андан нары тоолор болчу. Талаада уй, кой, эчкилер оттоп жүрөт. Ээн-эркин жүргөн ушунча көп малды мен биринчи жолу көрүп жатканымдан, мага бардыгы абдан кызыктуу болду. Шаардан мен жалаң кишилер, тамдар, дүкөндөрдү гана көрчүмүн.
Талаанын четине отуруп алып, малдын оттоп жүргөнүнө мен көпкө чейин көз салдым. Ал жерден мен баштыгымдагы нан менен чайымдан ооз тийдим. Коюу сүткө тийген жокмун, анткени мен дагы узак жол жүрүшүм керек эле.
Бир маалда бир килейген капкара ит мени карай чуркап келе жатканын көрдүм. Мен коркуп кетип, бутума тура калдым, бирок иттин ээси менден бир аз улуурак бала экен, ал итин артка чакырып алды.
– Балтек! Токто! Артка! Артка дейм! – деп кыйкырып жатты ал, колундагы таягы менен итке тап берип.
Ит унчукпастан ордуна барды. Бала болсо мага жакындап келип учурашты.
– Салам! – деди ал жылмайып. – Балтектен коркпой эле кой, ал жакшы ит. Болгону малды коруйт. Атың ким?
– Туту, – дедим мен.
– Мен Акиммин. Каяктан келатасың?
– Шаардан.
– Сен шаардыксыңбы? – Аким мени суктана тиктеди. – Каякка баратасың? Же адашып жүрөсүңбү?
– Адашкан деле жокмун, – деп чычаладым мен. – Жөн эле саякатка баратам.
– Сен мектепке барбайсыңбы? Сени издеп аткан болушу керек.
– Мен мектепке барып эле жүрөм, – мен ого бетер чычаладым. – Мага болгону азыр деңиз керек…
– Эмне? Эмне дейсиң? – Аким таңгалды.
– Деңиз дейм. Ал эмне экенин уктуң беле?
– Ал эмне?
– Ал деген суу толо килейген мейкиндик, – деп Рай-акеме окшоштуруп айттым мен.
– Ай, ата десе… Анда бизде деле деңиз бар, – деп бир сүйүндүрдү мени Аким. – Ал тээ бөксөнүн артында чалкып жатат.
Анан Аким мага жолдун наркы бетинде зоңкоюп турган бир дөбөнү көргөздү.
– Болгону биз аны көл деп коёбуз, – деп тактады ал.
– Жок, мага сөзсүз деңиз керек, – деп көгөрүп туруп алдым мен.
Деңиз эмес, көл болуп чыкканы мени абдан өкүндүрдү.
– Мен деңизге баратам, – деп сыймыктана мактандым мен. – Чындан чоң деңизге. Ал алыс жакта, ошон үчүн мен шашылышым керек.
Мен жолумду уламак болдум.
– Коё тур! – Аким өзү отурган жерге чуркап барды дагы, ал жерден бир нерсени алып, кайра келди. – Ме, муну алып ал. Уй-койлоруму кайтарбаганда, мен да сени менен кошо деңизге бармакмын.
Ал мага бир шише сүттү сунду. Болгону шишени биздин үйдөгүдөй жылтырак менен жаппастан жөнөкөй эле гезиттен ороп, оозуна тыгып коюптур.
Сүттү салып, мен баштыгымдан шириндиктеримен бир кокуч алып чыктым дагы, аны Акимге сундум. Тигил сүйүнгөн бойдон малын кайтарганы кетип калды.
– Жайында сабактар бүткөндө, мен да сени менен барам! – деп кыйкырды ал мага алыстан.
Мен кайрадан сапарымды уладым. Мен көп жол бастым, бирок деңиз дагы эле көрүнгөн жок. Мен чарчадым, уйкум келди, бирок мен эч токтогон жокмун. Атам менен Рай-акем айткан Ала-Белге чыгып алсам эле болду. Аны эң бийик ашуу дешкен, ошондуктан мен андан өтүшүм керек. Ала-Белден өтсөм эле нары жакта Арктика мухитине бир аз калат.
Бирок ашууга мен жетпей калдым: уйкум келгендиктен мен куурайдын түбүнө жатып уктап кеттим. Түшүмө деңиз кирди, ал көкмөк экен, үстүндө ак кеме сүзүп бара жатыптыр. Кемеде мен, атам, апам, ага-инилерим менен эже-карындаштарым жүрөбүз. Рай-акем дагы кеменин үстү жагына отуруп алып, канжасын түтөтүп жатат. Мен болсо көк көйнөкчөн, деңизчинин чыныгы баш кийимин кийип алып, кеменин уч жагында буйрук берип турам. Толкундар чайпалтып, күн дайыма кулап түшчү жердин кырына бизди улам алыстата алып кетип бара жатат. Акыры биз дагы жердин учуна жеттик, ошондо кеме күн менен кошо ылдый кулап түштү, бардыгыбыз мухиттин эң түбүнө томолонуп учуп жөнөдүк. Мен кемени токтотмок болуп тырышам, нары-бери бурууга аракет кылам, ошондо…
– Коё бер дейм, балам!.. Карасаң муну…
Анан бир аздан кийин:
– Кибиреп алып, тырышчагын кантесиң… Аз жерден унааны оодарып жибере жаздады.
– Иничегим өзүнчө бир укмуш, – дагы бирөө бырс этип күлдү. – Өзү уктап атат да, унааны башкарып коёт…
– Карасаң муну, мурдуңду урайын! – кайрадан атамдын үнү угулду. – Деңизге баргычылын мунун! Сен да кыйраттың, каяктагы бир балекеттин баарын үйрөтүп!.. Андан көрө тамгаларды үйрөтпөйт белең… Окуганды үйрөнө албай атат да, анан дагы «деңизге баййам» деп коёт.
– Мен кайдан билипмин? – Рай-акем актана баштады. – Бу сууга чейин барат да… келет дебедимби… баягыдай болуп. Ана, тиги Оморду кичинекейинде бир жолу базарга алып барып келип койдум эле, эс тартканынча ал Ошко барып келдим деп жүргөн.
– Токтот андай оюнуңду! – атам каардуу сүйлөдү. – Бир күнү чындап Ошко же деңизине кетип калат, анан жүрөбүз… темселеп издеп… кимди ким көрдү, Байгараны там басты деп…
Биз үйгө жеткенде гана мен ойгонуп кеттим, сүйүнүп чуркап чыккан апам мени атамдын колунан ала койду.
– Садагаң болоюн, балам! – деп ыйлап жиберди ал, анан мени жуурканга ороп жатып, балбалактай сурады. – Каерден таптыңар муну?
– Аралда жолдун боюнда жатыптыр, – деди атам. – Бүкчүйүп, сууктан бүрүшүп алыптыр.
Апам ого бетер шолоктоп, ыйлап жиберди.
– Эмне кылганыңар, оңбогурлар? – деп башыман сылап жатты бышактаган апам. – Муну кимиңер буга үйрөтө койдуңар?
Рай-акем күнөөсүн сезип, башын жерге салды.
– Токтоткула! Уктуңарбы, экинчи муну тамаша кылганыңарды токтоткула! – апам бакырып-кыйкырып, мени бекем кучактап алды.
Ошондо мен биротоло ойгонуп кеттим. Көздөрүмдү сүртүп, туш тарабымды карасам, жанымда апам отуруптур, мен аны мойнунан кучактадым.
– Апа! Апаке, мен деңизде сүзүп келдим! – кубанганымдан кыйкырып, мен бир туугандарымды сыймыктана тиктедим. – Мен, керек болсо, кемени башкардым, анан биз баарыбыз жердин четине чейин сүзүп барып келдик!..
– Мына, дагы бирөө Ошко барып келди! – деп күлүп жиберди Рай-акем, анан апамдын кабагы бүркөлө түшкөнүн көрүп, ошол замат унчукпай калды.
Калгандары жылмайгандан дагы коркуп отурду. Мен болсом кубанычымды көкүрөгүмө батыра албай, жолдон көргөндөрүмдү айтып берип жаттым. Атам, апам, ага-инилерим, эже-карындаштарым көңүлдөрүн кунт коюп, менин баянымды угуп отурду. Бүт айтып бүткөнүмдөн кийин алар менин ден-соолугум менен акыл-эсимден кабатырланып, дагы бир балээ болуп кетпесин деп, эртеси атам экөөбүздү ооруканага жөнөтүштү. Дарыгер, албетте, атамды жоошутуп, мындай нерселер балдардын бардыгында эле болоорун айтты.
Ошол окуядан кийин мен үйдөн качканымды токтоттум. Даярдык сыныпты ийгиликтүү аяктап, мен андан кийин чыныгы мектепке бара баштадым. Анын килейген терезелери менен жайнаган каалгалары бар экен.
***
Сентябрдын биринчи күнү укмуштай!
Аттадым босогосун мектебимдин,
Кубанычым көкүрөккө батыра албай
Биринчи сабагымды эстедимби?..
– деп үналгыдан заңкылдап угулуп турду ыр, мектептин бурч-булуңуна чейин жаңырып. Атам колуман ээрчитип алган, ак көйнөк, кара шымчан, бирок бул жолу колумда татынакай китеп баштыгым дагы бар болчу, мен башка балдарга кошулуп ириде саялуу көчөнү, андан кийин жарыкка толо имараттын кенен далистерин бойлоп келе жаттым.
Окуу башталгандан бери эле мен сабактарымды жакшы окуп кирдим, аппак жылмакай кагазга жакшы үйрөнүп калган тамгаларды жана сөздөрдү мен сыя менен татынакай кылып жазып жүрдүм. Эми гана бизге чыныгы дептерлерге, чыныгы учтар менен жазганга уруксат берди, ошондо гана мен дептерлердин чакмагы, кыйгач сызыгы болорун, учтардын дагы түрдүүсү бар экенин билдим. Мектептен мен сүрөт тартканды дагы үйрөндүм, анда дагы жакшы үйрөнүп алып, мен башка балдарга үйрөтө баштадым.
Албетте, мен өзүмдүн балалык кыялымды дагы унуткан жокмун: мүмкүнчүлүк болгондо эле ар кандай китеп жана кинолордон деңизге байланыштуу сөздөрдү үйрөнө бердим. Ошентип мен мектепте окуп жүргөнүмдө эле брашпил, бугшприт жана бакборт[3] деген эмне экенин билим калдым. Андан тышкары, мен жолборско окшош мышык кемелердин ойронуна себепкер болорун, ал эми сүйлөгөндү билген учкуч балыкты укпай койсоң, анда деңизде адашып каларын билдим. Эми эки сөзүмдүн бири эле «Үстү жакка чыккыла!», «Аркандарды бошоткула!» же «Шайтан алгырдыкы!» деп турчу болдум. Кандай гана болбосун, мен кемени деңизге сөзсүз коё берем деген өз оюман эч кайткан жокмун. Ошол кезде эле мен «Робинзон Крузонун жоруктары», «Кенч аралы», «Капитан Изи» жана башка китептердин бардыгын окуп салгам.
Менин мектептеги турмушумдун бүт деңиз тууралу кыялга батып, жашоомдогу ар бир окуя деңиз толкундарынын түсүнө боёлгон. Көчөдө болобу, мектепте болобу, ар бир менин колум тийген иш ар кандай жолдор менен деңиздин илебине илинчү.
Ал эми мектепти бүткөндөн кийин мен аскерге кеттим. Мен Кара деңизде кызмат өтөдүм. Мен бир кезде өзүм тилеген ар кандай кемелерде сүзүп, ар кандай өлкөлөрдү көрүп келдим.
Биз айлап-жылдап деңизде сүзүп жүрчүбүз, алгач кеменин чайпалганынан менин жүрөгүм айланып жатты, бирок мен чыдадым, анткени бардык нерсеге көнүш керек экен. Көнгөндөн кийин, анан жеңилирээк болот.
Үч жылдан кийин мен кызматымды аткарып бүтүп, үйүмө кайтып келдим. Болгону мен мурунку шаарыма эмес, жаңы курулган жерге келдим, себеби Музтөр, ооба, баягы биз чоңойгон Музтөр ошол маалда суунун астында калган. Ал суу чоң ГЭСти камсыз кылган көл болуп калыптыр. Мына ошондуктан мен баянымдын башында ГЭС менен барабар күч тууралу кеп кылгам. Килейген ал курулуш жөнүндө ошол убактагы журнал-гезиттердин бардыгы жазып, үналгы менен сыналгылардын бүт байма-бай кабарлап турган.
Ошентип менин сыныпташ жана досторумдун балачагын эстеткен шаар эми жок болчу. Биз төрөлгөн, биз өсүп-чоңойгон, биз мектепте окуган шаарыбыз суунун астында калып, эми ал ГЭС менен кошо курулган жасалма суу сактагычтын түбүндө көмүлүп жатты. Бак менен эгин талааларына толгон, шаркырап аккан дайралары менен майда жана чоң көлдөргө толо, чакан болсо дагы аба майданы бар бейпил өрөөндүн бүт эми килейген көл басты. Чалкыган ал көл деңизге окшош эле, ошондуктан үч жылдан кийин көргөн атам мени бекем кучактап, жээкте жайгашкан биздин үйдө туруп, колу менен жасалма көлдү карай колун жаңсады.
– Мына, деңиз эми жаныңда, – деди ал. – Деңиз аскериңди эми кура берсең болот, – ушул жерден ал каткырып күлдү. – Эсиңдеби деңизди издеп качканың, деңиз кылам деп, килейген аң казганың? Мына, эми тилегиң ишке ашты. Эми өзүң биринчи деңизчи, өзүң биринчи адмиралсың…
Мен жылмайып, башымды ийкедим. Ооба, менин мүдөөм ишке ашты. Мен дайыма деңизди эңсей берчүмүн, деңиз эми мени өзү тапты. Эми биздин өз деңизибиз бар, мен бул жерде биринчи деңизчимин. Жок, бала чагымдагыдай биринчи адмиралмын. Барбаросса же Коллиңвуддан эч кем эмесмин.
Түшүмдө карайган аскалар көрүнүп, деңиздин килейген аппак толкундары күрүлдөгөндө, Капитан Флинт аттуу тоту куш чыйылдаган үнү менен: «Пиастрлар! Пиастрлар! Пиастрлар!!!» – деп тынымсыз кыйкырганда, мен түнкүсүн кара терге түшүп, чоочуп ойгонбойм.
Тескерисинче, мага деңизди эстетип, сырттагы көлүбүздүн толкундарынын шарпасы угулуп турат. Андан кийин биринин артынан бири толкундар кумдак жээкке томолонуп келет, ал эми эски Музтөр тараптан соккон мелүүн, нымдуу шамал мага деңиздеги желаргыны элестетет…
Ал эми бала чагымды эстесем…
Бала чагың менен коштошкон өтө кайгылуу,
Ак кемең кетип калды, эми артка кайтпайт.
Эскерүү деген сезим эң таза, эң муңдуу,
Өмүрүң өткөн сайын жалгыз сени калтырбайт…
Ошентип бала кезимдеги ушул окуядан мен талашсыз бир акыйкатты түшүндүм: эгер адам баласы бир нерсени өтө эңсеп кааласа, анан ал ага өтө умтулса, анда ошол мүдөөсү сөзсүз ишке ашат. Мына ушундай экен!
[1] Барбаросса, Коллиңвуд – атактуу адмиралдар.
[2] Жаарапия – география.
[3] Брашпил – якорду көтөрө турган пышаң; бугшприт – кеменин уч жагындагы кыйгач устун; бакборт – кеменин сол капталы.