«АЛТЫН КАЛЕМ» адабий сыйлыгы
Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун
“Алтын калем” адабий сыйлыгы жөнүндө
ЖАЛПЫ ЖОБО
Бул жобо калемгерлердин “Алтын калем” улуттук сыйлыгынын негизги максаттарын, тартибин жана өзгөчөлүктөрүн аныктайт.
Кароо сынак “Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу” тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен жыл сайын өткөрүлөт.
Конкурстун уюштуруучулары:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу
- Конкурстун уюштуруучулары төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- Сынакты өткөрүүгө документтерди даярдоо;
- калыстар тобунун ишин аткара турган белгилүү адабият жана искусство ишмерлеринен турган компетенттүү Сынак комиссиясын түзүү;
- Сынактык иш-чараларды өткөрүү;
- жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземин өткөрүү;
- Сынакты жана анын жыйынтыгын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдыруу.
- Конкурстун максаттары:
- кыргыз тилинин нукура көркөмдүгүн, баа жеткис байлыгын, океандай тереңдигин даңазалоо;
- кыргыз тилинде чыгарма жараткан акын-жазуучулардын мыкты чыгармаларын аныктоо;
- калемгерлердин талантын ачууга жана адабий жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү.
3. Сынактын этаптары жана мөөнөттөрү:
Сынактык чыгармалар жарыяланган күндөн тартып ар жылдын 1-сентябрына 31-октябрына чейин кабыл алынат.
Сынактык чыгармаларды окуп чыгуу жана баалоо 1-ноябрдан 30-ноябрга чейин жүргүзүлөт.
Жыйынтык 12-декабрь Улуттук адабият күнүндө чыгарылат.
- Сынакка катышуунун шарттары:
Сынакка Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан жазылган кыргыз тилиндеги чыгармалар кабыл алынат.
Сынакка катышуучулардын жаш курагы чектелбейт. Бирок мамлекеттик Токтогул сыйлыгына ээ болгон акын-жазуучулар сынакка катыша алышпайт.
Сынак жыл сайын өткөрүлгөндүктөн бир жылдын (2026-жыл) ичинде жазылган жаңы чыгарма болушу шарт.
Көзү өткөн авторлордун эмгеги сунушталбайт.
Сынакка катышуу үчүн авторлор сынактык иштери менен катар өзү тууралуу маалымат камтыган билдирмени сынактын чыгармаларын кабыл алуу мөөнөтү аяктаганга чейин тапшырышы керек.
- Конкурстук арыздардын берилиши:
Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун расмий сайты adabiyat.kg (https://adabiyat.kg/?p=295) аркылуу онлайн жөнөтө алат.
Сурап билүү үчүн телефон: 0312 62 39 24, 0554949020
- сынактык адабий чыгарма (поэзия, проза, драма, балдар адабияты, адабий сын, котормо, орус тилинде жазылган чыгармалар).
- катышуучунун сүрөтү.
- Паспортунун копиясы
- Бардык жиберилген файлдардын аталышы катышуучунун аты-жөнүнөн, андан кийин файлдын мазмунуна ылайык башталууга тийиш: (поэзия, проза, драма, балдар адабияты, адабий сын, котормо, орус тилинде жазылган чыгармалар (орус тилинде жазылган чыгармалардын ичинен бир гана жанр боюнча жеңүүчү аныкталат) өмүр баяны, сүрөт, паспорттун копиясы.
Плагиаттык, ачык айтылган уят сөздөрдү камтыган, ошондой эле улуттар жана диндер аралык араздашууну козуткан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чыгармалар конкурска кабыл алынбайт.
Уюштуруучу конкурска жиберилген бардык чыгармаларды жарым-жартылай же толугу менен жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернеттеги веб-сайттарга жана социалдык тармактарга сый акы төлөбөстөн жарыялаганга жана пайдаланууга укуктуу.
Конкурстун катышуучулары конкурска чыгармаларды берүү менен, Уюштуруучулар тарабынан жеке маалыматтарды чогултууга, сактоого, колдонууга, иштетүүгө жана жайылтууга автоматтык түрдө макулдук беришет.
Чыгарманы конкурска жиберген адам авторлугу аныктыгына жооп берет. Конкурстун материалдары кайтарылбайт жана рецензияланбайт.
Уюштуруучу конкурска жиберилген чыгармаларды рецензиялабайт, кайтарып бербейт, авторлор менен талкууга кирбейт.
Уюштуруучу конкурстун шарттарына жооп бербеген чыгармаларды эсепке албайт.
- Конкурстук чыгармаларды каттоого коюлган талаптар:
- Поэзия
— ырлар жана поэмалардын тематикасына чектөө коюлбайт, көлөмү 1 басма табактан баштап 10 басма табакка чейин (А 5 форматта 16 беттен – 160 бетке чейин) болушу керек.
- Проза
- аңгеме, повесть, романдын тематикасына чектөө коюлбайт, көлөмү 1 басма табактан баштап 10 басма табакка чейин (А 5 форматта 16 беттен – 160 бетке чейин) болушу керек.
- Адабий сын
- Тематикалык чектөө коюлбаган бүгүнкү күндөгү адабий процесстин өсүп-өнүгүү, өксүк маселелерин так-таамай чагылдырган адабий эмгектер, ошондой эле авторлордун чыгармаларына жазылган адабий сындардын тематикасына чектөө коюлбайт, көлөмү 1 басма табактан баштап 10 басма табакка чейин (А 5 форматта 16 беттен – 160 бетке чейин) болушу керек.
- Драма
- пьеса, драма, тематикасына чектөө коюлбайт. Көлөмү 1 басма табактан баштап 10 басма табакка чейин (А 5 форматта 16 беттен – 160 бетке чейин) болушу керек.
- Котормо
- көркөм-адабий котормолор, тематикасына чектөө коюлбайт. Көлөмү 1 басма табактан баштап 10 басма табакка чейин (А 5 форматта 16 беттен – 160 бетке чейин) болушу керек.
- Балдар адабияты
- Балдар ырлары, жомоктор, тематикасына чектөө коюлбайт. Көлөмү 1 басма табактан баштап 10 басма табакка чейин (А 5 форматта 16 беттен – 160 бетке чейин) болушу керек.
- Орус тилинде жазылган чыгармалар
- Орус тилинде жазылган поэзия, проза, драма, тематикасына чектөө коюлбайт. Көлөмү 1 басма табактан баштап 10 басма табакка чейин (А 5 форматта 16 беттен – 160 бетке чейин) болушу керек.
- Сынакка берилген чыгармалар мурда китеп болуп чыкпаганы шарт.
- Сынакка сунуш кылынган чыгармалар төмөндөгүдөй форматта кабыл алынат:
- текстик редактор WORD, шрифт Times New Roman, 14 кегль, интервалы 1,5.
- Электрондук форматта жиберилген арыздар төмөндөгү эки форматтын биринде болууга тийиш: WORD же PDF.
Сынактын катышуучуларынын чыгармаларын баалоонун этаптары
Катышуучулардын чыгармаларын баалоо үчүн Уюштуруучу топ 5 (беш) адамдан турган, анын ичинде 3 (адам) мүчө жана 1 (бир) адам төрага, 1 (бир) адам катчылык кылган комиссия түзөт.
Сынакка комиссия ушул Жобонун негизинде иш алып барат жана сынакка түшкөн иштерди баалайт, ошондой эле сынактын жеңүүчүлөрүн жана лауреаттарын аныктайт.
Сынактык чыгармалар сынактын уюштуруучулары тарабынан катталат жана калыстар тобуна автордун аты-жөнүн көрсөтпөй катталуу номерлери боюнча берилет.
Сынактын комиссиясынын ар бир мүчөсү чыгарманы баалоодо тиркелген формадагы рейтингдик таблица менен иш алып барат.
Сынакты баалоо 10 баллдык система боюнча жүргүзүлөт.
Калыстар тобунун чечими менен эң жогорку суммардык балл алган сынактын катышуучулары лауреат болушат.
Жыйынтыктоочу суммардык балл сынактын жеңүүчүлөрүн аныктайт. Уюштуруучу, Төрага жана комиссиянын мүчөлөрү сынактын жыйынтыктоочу протоколун түзөт.
Комиссиянын ишинин жыйынтыгы комиссия мүчөлөрү тарабынан сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине чейин ачыкка чыгарылбайт.
- Жеңүүчүлөрдү жарыялоо жана сыйлоо
Сынактын жыйынтыгын жарыялоо жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи жыл сайын 12-декабрда Улуттук адабият күнүндө өткөрүлөт.
Сынактын жыйынтыгы боюнча лауреаттар сыйланат.