АТАНТАЙ АКБАРОВГО «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АКЫНЫ» АРДАКТУУ НААМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ
Белгилүү акын, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Атантай Акбаровго «Кыргыз Республикасынын эл акыны» ардактуу наамы ыйгарылды.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө» жарлыгында айтылат. Жарлык 2026-жылдын 9-сентябрында кабыл алынган.
Атантай Акбаров бул жогорку мамлекеттик наамга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, чыгармачылыктагы үзүрлүү эмгеги жана кыргыз адабиятына кошкон салымы үчүн татыды.
Атантай Акбаров — кыргыз поэзиясында өзүнүн өзгөчө үнү, көркөм табити жана чыгармачылык изденүүсү менен таанылган акын. Анын калемине таандык чыгармалар окурмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө салым кошуп келет.
Акын буга чейин Алыкул Осмонов жана Молдо Нияз атындагы адабий-республикалык сыйлыктардын, Жалаладдин Руми атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болуп, Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (WIPO) алтын медалына жана Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамына татыган.
Атантай Акбаровдун чыгармачылык эмгеги мындан ары да кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө кызмат кылып, жаңы муундагы калемгерлерге дем берет деген ишенимдебиз.