Сабина Сайгун «Залкар изи» медалы менен сыйланды

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы адабий-маданий байланыштарды өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон салымы үчүн акын, жазуучу жана маданий ишмер Сабина Сайгун Эл аралык коомдук «АЛАКА» фонду тарабынан «Залкар изи» медалы менен сыйланды.

Сыйлык Сабина Сайгундун эл аралык адабий жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү, эки өлкөнүн адабият өкүлдөрүнүн ортосундагы чыгармачылык жана кесиптик байланыштарды чыңдоодогу активдүү ишмердигин баалоо максатында ыйгарылды.

Сабина Сайгун эки өлкөнүн адабий коомчулугунун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кыргыз адабиятын Азербайжанда таанытууга жана эл аралык деңгээлдеги адабий-маданий демилгелерди ишке ашырууга салым кошуп келет.

Ошондой эле анын ишмердигинде Кыргызстан менен Азербайжандын акын-жазуучулары, адабий бирикмелери жана маданий уюмдары менен кесиптик байланыштарды түзүү, чыгармачыл кызматташтыкты кеңейтүү жана маданий диалогду бекемдөө багыттарына өзгөчө көңүл бурулат.

«Залкар изи» медалы менен буга чейин Казакстандык акын-жазуучулар Ниязбек Нышан уулу, Ахылбекова Гагиза Каракалпакстандан Оразбай Сэтбаев, Ошанова Толкун ж.б. сыйланган.

Эл аралык коомдук «АЛАКА» фонду Сабина Сайгундун адабиятты жана маданиятты өнүктүрүүгө багытталган ишмердигин жогору баалап, мындан аркы чыгармачылык жана коомдук иштерине ийгиликтерди каалайт.