Өмүр баркы
Үмүт, эңсөө желесинде бириккен,
Үзүлбөгөн кыялдарга ээрчиткен.
Жолочудай жолдон чыгып жылмайып,
Катарлаша кошо кадам шилтеген,
Оо өмүр сен, кымбатсың ээ бир келген.
Мезгилдердин арасына бекинген,
Мээлжиген бийиктикке сүрөгөн.
Баёо мүнөз балалыкты, жаштыкты,
Өрөпкүтүп өргө карай сүйрөгөн,
Оо өмүр сен, кымбатсың ээ бир келген.
Тагдыр болуп бешенеден сылаган,
Таалай ташын сеники деп ыйгарган.
Турмуштун тар, кенен жолун тандатпай,
Арабаңа салып алып чайпалткан,
Оо өмүр сен, кымбатсың ээ ушундай.
Жолдон чыгып баратканды тескеген,
Жоодураган жашоо сунуп кел деген.
Жомоктогу алтын балык өңдөнүп,
Жокту бардай, бардын баркын сез деген,
Оо өмүр сен, кымбатсың ээ бир келген.
Төрт мезгилдин ашуу төрүн ээлеген,
Төрт мезгилдин төрөсүндөй керилген.
Төгөрөктү төрт айланып кыдырып,
Жылдан жылып, кылымдарга жеткирген,
Оо өмүр сен, кымбатсың ээ бир келген.
Ооба өмүр өлчөөсү жок кымбатсың,
Бирде ысык, бирде муздак ызгаарсың.
Ошентсең да балдай таттуу жашоонун,
Сен маңызы,сен мааниси жыргалсың,
Ооба өмүр өлчөөсү жок кымбатсың.
Сырдашым сен – “Дализар”
Олтурам иште… ойлорум чачкын,
Алыстайт менден аяндуу сырым.
Агылып келчү музамды (ал Дализар) таппай,
Айыптуу жандай санаага баттым.
Кездешүү келбей кемиди күндөр,
Кетилип саатым, кетилди түндөр.
Карегим талып, уйкудан калып,
Издедим сени үзүлбөй күдөр.
Айрылдым кымбат апакем өтүп,
А дүйнө узап кеткен бир кези.
Суранам сенден “Дализар” музам,
Каралуу турган күнүмдө келчи.
Бөлүшө албай кайгынын жүгүн,
Сыздады жүрөк жоктодум кырк күн.
Жан дүйнөм буулуп жарылып чыкпай,
Жаралуу кийик өңдөндүм чиркин.
Таарындың билем “Дализар” мага,
Таарынбай колдоп капага салба.
Билесиң келбейт энекем эми,
Дартыма жалгыз өзүңсүң дабаа.
Күн күтөм сени, түн күтөм сени,
Келесиң билем сеземин аны.
Энекем келбейт жоктотпой ордун,
Болгун сен менин сырдашым эми.
Күн күтөм сени, түн күтөм сени,
Келесиң билем сеземин аны..
Акын дили
Баардык тилде сүйлөйт акындар,
Жан дүйнөсү жумшак асылдар.
Күн нурундай мээрим тартуулап,
Акын дили жашайт миң жылдар.
Мезгилдерди байлап шоокумга,
Мээнеттенет түнкү закымда.
Ай нуруна жуунтуп ырларын,
Анан уктайт ыры жанында.
Махабаттан алып маңызын,
Кош жүрөктүн кошуп кагышын.
Акын дили толкуп чачыла,
Арасында жашайт ырынын.
Сен мен үчүн
Сенде сыйкыр мени өзүнө чакырган,
Сенде сыр бар көздөрүңдө жашырган.
Карай берем карааныңды узатып,
Кайрылчудай кайра артка капыстан.
Сенде нур бар ай жүзүмдү сылаган,
Сенде от бар алоолонтуп тамызган.
Кайрылбасаң кантмек элем чыдайм да,
Карап, карап карааныңды алыстан.
Жакын келсең жан дүйнөмдү эргиткен,
Сенде эргүү жандандырып серпилткен.
Сен мен үчүн теңдеши жок бир жансың,
Эркимди бүт ээлеп алып ээрчиткен.
Мен өзүңдү эпсиз бийик баалаймын,
Төр жайлоосун көңүлүңдүн каалаймын.
Жолукканда сыйкыр чачып турса деп,
Жылуу сүйкүм сөздөрүңдү самаймын.
Сен мага
Жол таппай издеп карыгып,
Капалуу жүргөн кезимде.
Сынына толбой жашоонун,
Санаада турган мезгилде.
Сен мага…
Санаалаш болуп табылдың.
Үзүлүп жанбай бир сезим,
Үмүтсүз жүргөн кезимде.
Аргасын издеп турмуштун,
Алсырап турган кезимде,
Сен мага…
Үмүттөш болуп табылдың.
Көөдөндү кетпес чер басып,
Көмүлүп көңүл турганда.
Түйшөлүп түмөн ойлордон,
Тунжурап чыкпай калганда,
Сен мага…
Тагдырлаш болуп кабылдың.
Таалайым дедиң кол сундуң,
Тагдырга мен да бурулдум.
Тагылган татаал сыноодон,
Таң чолпон сымал суурулдум.
Таалайым дедим кол сундум.
Бактылуу болуп өмүрдүн,
Бал даамын бирге татыдым.
Булактай таза пейлиңе,
Баш ийдим жана багындым.
Алып кетчи
Түн бир оокум. Уйку тынчыган,
Ойлор чырмайт түпсүз чачылган.
А теребел тыптынч мемиреп,
Бака-шака тирлик тынчыган.
Капысынан кылт деп жашынган,
Келет санаа жиптей сызылган.
Уясынан узап кетишкен,
Балдарымды ойлоп сагынам.
Дагы турат санаа туткактап,
Алай дүлөй болуп буркандап.
Тирүүлүктүн түмөн түйшүктүү,
Түсү жүрөт чырмап бучкактап.
Уйку термейт. Санаа бурганак,
Бири кетсе, бири тарбаңдайт.
Алыс, алыс, алыс жактардан,
Толкун уруп шамал аркырайт.
Толкун жээкте шамал аралап,
Жүргөнсүймүн үшүп калтырап.
Жылуулуктун жумшак илебин,
Сезгим келип улам кылчактап.
Айдын нуру жылдыз төгүлгөн,
Жарык нуруң жибер көшүлгөн.
Түйшүгү көп желе ойлорду,
Алып кетчи жашоо көлүмдөн.