Поэзия

Бектуруш Салгамани: Кечээ гана сүлкүлдөп жүргөн бакта, кайда менин күз деген коңур атым?

Кайда менин күз деген коңур атым?

Сөөлөтүнө, көркүнө тоюп дайым,

сук артчусуң көргөнүң, жолукканың.

Кечээ гана сүлкүлдөп жүргөн бакта,

кайда менин күз деген коңур атым?

 

Туйлачу ээлеп тоо, кыр, бак, шүдүгөрдү,

токчулуктун, төр, дандын жыты келчү.

Тула бою, тердиги – күмүш эле,

токуганмын күн түспөл күмүш ээрди.

 

Күмүш – жүгөн, чылбыры башындагы,

күмүш, мистен болчу – үртүк, жабуулары.

Шыңгырачу да күмүш үзөңгүсү,

шуулдап турчу жел, шамал жалындагы.

 

Күндөп-түндөп айкырып, кишинечү,

кишинесе жер, асман титиречү.

Чапсам дегем көк бөрү, улактарда! –

чыктым бактан табалбай изин эми.

 

Уктап турсам жок, кайдан табам энди?

Уурдаган ким? Белгисиз кала берди…

…Басып жаткан ак тооктой жумурткасын,

басып жатат аппак кар кара жерди.

 

Мен сага алма жөнөтөмүн

Курсташым Фатима Абдаловага

Алма жыты “бур-р” деп кокту, сай, кыр, түз,

Абшыр-Сайда алма терип жүрдүк биз.

Кургак, саргыч эриндери кеберсип,

коюн-кончун шуудуратып кымтыйт күз.

 

Азыр мында алма терип жүргөндө,

Арсланбап шаркыратмасы түштү эске.

-Бул экөөнүн жер астында киндиги

бир эмеспи? – деп шекшиндим бул кезде.

 

Кооз бурчу го Арсланбап дүйнөнүн,

көздөн учат жаңгак терип жүргөнүм.

Толгон жерди көрсөт Кудай, а бирок ,

туулган жерден аягымды үзбөгүн.

 

Жаңгак бышып, жүрдүң бекен эңиштен

жалбыракты шилеп жаңгак терип сен.

Теңирим, көп жердин даамын таттыр да,

топуракты буйругун өз жеримден.

 

Көктө туулуп, өлсө жерди жазданган,

куштар “кыйкуу” салып өтөт асмандан.

…Апшыр-Сайдан мен сага алма жиберем,

а сен жаңгак жөнөт Арсланбаптан.

 

Түшүмө кире берет бир боз тулпар

Түндөрдү титиретип бир боз тулпар,

түшүмө кирип келет далай жылдар.

Чаап жөнөйм кишинетип күндү көздөй,

чаңында оролушат учкан куштар.

 

Жер шарын майыштырып сала жаздап,

жаңыртып аскаларды, талааны аттап,

жүгүрөт мухиттерден чаң чыгарып,

жарыктын ылдамдыгын артка таштап.

 

Угулат дүлөйлөргө жаңырыгым,

сокурлар көрөт нурун жарыгымын.

Чабамын күндү бойлоп, айды айланып,

чайпалтат кылымдарды жарып ырым.

 

Алдымда жок шерлери мурункунун,

артымда жок эрлери бүгүнкүнүн.

Боюма сиңет жыты жылдыздардын,

бийиктик салам айтат сунуп гүлүн.

 

Ойгонуп кетип көктү карайм да, анан

ой-тоодон зыргыганды самап калам.

Өзүңдү минип алып боз тулпарым,

өңүмдө күндү беттеп качан чабам?

 

Моюн

Мен сүйгөн, мен көп чыккан эң бийик жер –

атамдын моюну эле кичинемде.

Мойнуна көтөрүшкөн дагы кимдер,

миң ойлоп түшүралбайм бирин эске.

 

…Өзүм да ата болгом маалы келип,

уулумду мингизчүмүн моюнума.

Күлгөндө – төбөм ылдый “шыр-шырр” этип,

кубаныч агып түшчү коюнума.

 

Жаш кетти – салып өчпөс кайгы мөөрүн,

жатат ал муздак, кара жерди жаздап.

– Тебелеп албайын деп кокус сөөгүн! –

турпакты дагы басам этияттап.

 

Кетпестен өңү-түсү, кылыгы ойдон,

кем болуп кең дүйнөнүн толугу да,

уулума кошуп жерди бүтүн бойдон

көтөрүп жүрөм эми моюнума.

2018-ж. 6-август.

 

Айыл четиндеги талаа

…Чөңөр, тикен кирип бутума,

чуркачу элем тээ бир учурда.

Жолдоруңда тозгон чаңдардын

жыты турат дале мурунда.

 

Камышзары житкен Салгаман,

көп жыл өтүп келип кайрадан,

көңүлүмдүн жашыл төрүнө

кыялымда жыргап мал жаям.

 

Мал кайтарчу курдаш балдардын,

малы түгүл, өзүн таппаймын.

…Кырдан ары кулап баратат,

күлүп чыгып, күлүп баткан күн.

 

Куур тепти, ордо, чимирик,

уюм тууду ойноп, киринип…

Тал бешикке таккан тумардай,

турат баары көңүлдө илинип.

 

О алыста күндүз, түн, кечте,

ошол көркөм жылдар жүрдү эсте.

Эх, андагы биздин оюндар

эстен чыгып барат бул кезде.

 

Бажырайган тунук элеси,

балалыктын ыйык Мекени –

Салгаманда жоготкондорду,

Салгамандан таппайм мен эми…

 

Базарга барганда

Азык-түлүк сатып алсам деп келдим,

айтылууда калпы, чыны кептердин.

Неберемдин эзикнаар жытындай

нес кылат – ов жыты анделектердин.

 

Кер мойлоочон коонун мактап какылдайт,

кара катын коңшусуна ажылдайт.

Башкалардын бактысына окшобос

бакытты издейм, ал биерде сатылбайт.

 

Кетким келет үйгө, келет ыр жазгым,

Күрү-гүүдөн, ызы-чуудан кыйналдым.

“Кыйындардын” көчүгүнө кирбедим,

-Кирем! – деген менен деле сыйбасмын.

 

Чоң чиновник, же беделдүү Кеңештин

чалкалаган Төрагасы эмесмин.

Анда-санда сыртка чыксам  “…ович!” – деп,

алып жүрбөйт машинада мени эч ким.

 

Мен тууралуу көп ушактар айтылар,

-Мыкты акын! – деп оозго алышсын жакшылар.

Арсыздардын аткан огу жетпеген

алыстыкта мен эңсеген арзуулар.

 

Түбөлүккө таркабай ыр базарым,

турса экен! – деп ичтен самап барамын.

…Бири кетсе, бири келип, күрү-гүү,

базар – дүйнө, жүрөт сан миң адамың.

 

Алтын арман поэмасынан

*****

Таң сөөмөйү менен түртүп ойготту,

тиктейм кышкы кыймылы али жок жолду.

Жоргосунан жаңылбаган жаңы күн,

жарыгына чайкайт талаа, тоолорду.

 

…Баарын кайра жатам эстеп – кечинде,

бирге түнөп бактуу кыштак четинде,

бука сымал жайытынан кайтпаган,

барбай калгам ошол түнү мен үйгө.

 

Жаным балкып өпсөм аруу жүзүңөн,

жаңырып сай кыргоолдордун үнүнөн,

бөдөнөлөр экөөбүздү аңдышкан,

бүргөн, мия, беделердин түбүнөн.

 

…Биздин ишке болгон күбө, себепкер,

биздин күлкү сиңген ал түн, теректер,

бедаңыз, сай бою, август сага да

бүгүнкүдөй, азыркыдай элестээр.

 

*****

Бүт жер шарын келген өңдүү айланып,

бир паровоз гудок чалат сүйүнүп.

Турганда түн менен таңдай айкашып,

түшүм кетти калтек жиптей үзүлүп…

 

Уйкусурайт жымжырттыкты сүйгөн түн,

утурумдук күрү-гүүдөн жеңилдеп.

Түшүп алып поездине күндөрдүн,

тура калып чыккым келет сени издеп.

 

Көздөрүбүз тажачу эмес тиктештен,

көңүлүм зар – өңүмдө бир көрүүгө.

Вагондордой бир-бирине чиркелген,

бир-бирине жетпей күндөр өтүүдө.

 

Токтоо билбес бул убакыт дегениң,

туяксыз ат, канатсыз куш экен го.

Сагынып мен көпкө жашай берейин,

сагындырып сен да жүргүн эсен-соо!..

 

Жыргайм жамгыр жаап жатса

Балык көздүү тамчыларды сүйөрүн

бардыгы айтып чөп, гүлдөрдүн, бактардын,

жыты “бур-р” дейт – күн, ай, Асан-Үсөндүн,

жылдыз, булут,чагылган, кар, асмандын.

 

Ойготууда чагылгандар тоо ичин,

ок жыландай, от жыландай атылып.

Боз айгырдай жаанга тоскон соорусун,

боз үй турат боорунан суу сарыгып.

 

Кетти белем тайгаланып мөңгүдөн

кулап өлдү коктуга бир чагылган.

Көлөкөлүү көк теректер өсчү дөң,

кужулдашчу куштары жок калышкан.

 

Жылдыз, булут, чагылган, күн, кар, айдын

жыты турат буркурап бүт аймакта.

Жамгыр алып түшөт жытын алардын,

жаным ээрип жыргайм жамгыр жаап жатса.

 

About the author

Жазуучулар Союзу