Айсулуу Көкөева: АЙ
Устатым Салижан Жигитовдун жаркын элесине арнайм.
Ушул аңгемемди өзү окуп, пикирин айткан эле.
Сабак да бүттү. Бүгүн да пол жууганы калсамбы? Кимдин нөөмөтү болду экен бүгүн? Суранайын дедим, мугалимге келип.
— Эжей, бүгүн полду мен жууюнбу?
— Эмнеге? Апаң ооруп жатпайбы. Бар үйүңө.
— Жок. Бүгүн бир аз жакшы эле. Калсам болобу? – деп жалоорудум.
— Макул. Өзүң бил. Таңыркап карап, бурулуп кетти.
Кечке илээлеп суу алып келип, бир саатча жуудум. Эми үйгө барам. Досканы аарчып, гүлдөргө суу куюп коёюнчу.
Ошентип акыры үйгө келдим.
— Шүмүрөйүп кайда жүрөсүң… Эми араң келдиңби… Таргылдын баласы эчак эле келген. Конуп эле калсаң болмок мектепке! –деп апам урушуп алып, кайра ары бурулуп, төшөгүн кымтылап уйкуга кетти. Таргылдын үйүндө телевизорду койсо урушпайт, тобу бар. Биздикин апам койдурбайт, “мээмди чакпай өчүр” деп.
Мен чайымды ичип бүтүп апамдын дакилерин жууй баштадым. Сасык, кан менен ириң аралаш. Дары сасыйт. Апамды жайында чиркей чакпайт. Эмнеге деп сурасам: “Чакса өзүлөрү каныма уугуп калат да” деп каткырып калат.
Дакилерин жууп, мештин үстүндөгү кермеге салпылдатып илип койдум.
Каш карайган сайын апам баягы онтогонун баштады.
— Ой, оо, жаным ай, ой шорум, эмне мынча мени кыйнадың!? Алып эле кетсеңчи, Кудай! Чоң Кудай! Ой, жаным ай… Ушул сөздөр орун алмашылып айтыла берет, кайталана берет. Кээде ушуларды кечке кайталай бергенден да улам ооруп жатабы деп ойлоп кетем. Ошондой болсочу?! Жаралары ириң-кан чыпылдап, даки жабышып, карт болуп катып, кычышып, тызылдатат. Апам чыдабай тырмактарын матырып алып тырмайт. Апамды жалгыз калтырып коюп эшикке чыктым. Ай толуп турат.
Чоң тамдын бооруна жөлөнүп турдум. Айдын бетин дайыма далайга карап турам. Анан ай дааналат. Адамдардын сөлөкөтү көрүнөт. Дагы карай түшсөң адамдар шаңданып параддан өтүп бара жаткансып, колдорундагы желектерге чейин кыймылга келишет. Мен укпаган күү менен жыргап-куунап жатышкансыйт.
-Иий, Кудай, эмнеге менин апам оорукчан? Эмнеге ыйлайт? Эмне үчүн? Сыргайымдар дайыма, дайыма ата-энеси менен киного, майрамдарга, тойлорго барышат! Апам айыгып кетсинчи. Бат эле айыксынчы… Айды караган бойдон солуктап ыйлап жиберипмин.
Демимди ичиме жыйсам, дубалдын ары жагында бирөөлөр күңкүлдөп жатышат. Кыз менен жигит бири-бирине жагымдуу үн менен бир нерсе айтышууда. Акырын дубалга жармашып эптеп-септеп, ай нурунда өзүм көрүнбөгөндөй болуп аңдысам, өбүшпөптүр. Тыңшап угайын десем, күңгүр-мүңгүр сөздөрүн деги эле түшүнө албай койдум.
Апам айыкса кошуна кыздар менен сайга барып таш терип келмекпиз. Сууга түшмөкпүз. Көпөлөк куумакпыз. Бирок бир врач апамды эч качан, эч качан айыкпайт деген.
Кайра барып дубалга асылып калдым. Жок. Дагы эле өбүшө элек. Билбейм, баяраак өбүшкөн окшойт, эмнени сүйлөшүп бүтө албай жатышат экен? Булар да менин тынчымды алып, оюмду бөлүп, же ары эмес, же бери эмес. Кинодогудай өбүшөт болду бекен – деп, бир аздан кийин кайра ылайык таш коюп обдулуп турганымча кызы такасы менен тык-тык басып, шарт эттире… биздин эшикти ачып, шарак эттире жапты. Тааныбай калган ит бир эки ырылдады эле, башка жеген окшойт, кыңшылап эле калды.
— Ха… урушуп кеткен окшойт. Өзүмдөн аңдыйын деген оюмду эстеп алып уялып кеттим. Үйгө чуркап кирип келдим.
— Кайда жүрдүң? — деди эжем жооп күтпөй ары бурула.
Сабак жасаганга отурдум. Алгебранын ичине географияны салып окуп жаттым эле, эжем алып койду. Талант эмне кылып жатты болду экен? Мен там башына чыгып жүзүм отосом, ал астыда чүкө атып ойнойт. Же дарбазасын май менен майлайт. Кээде, апамдын көңүлү жай болгондо мени эшикке жиберет. Анда баарыбыз бекинбечек ойнойбуз. Көзүм менен кайтарып отурам. Апасы: “Кел, келин бала” – дейт, мени көргөндө. Жа-аман уялам да.
Бир окуяны эстеп кеттим. Эжемдин мурда сулуу болгон жыртык гольфасынын баштарын түйүп алып кийип жүрө берем, байпак кылып. Алар болсо мен баскан сайын кошо чуркап жүрүшөт. Ким көрмөк эле… Бир күнү Таланттыкына көлөч кийип алып бардым. Унутуп калыпмын байпакты. Улам кир дейт эже. Кирдим… апасы экөөбүз тең бутумду карап турдук. Унчукпай! Таза эле болчу.
Жакшы көргөн жигиттин, же баласын жактырган кошунанын үйүнө эжесинин жыртык гольфасынын башын түйүп алып кийип барбаш керек.
Бир күнү түш көрдүм. Түшүмдө аны кыздар ээрчип алыптыр, бирөөсү аны катуу сүйөт экен. Эртең менен ойгонуп алып, терезеге атын жазып, улам өчүрүп, ичим ачышып ыйладым. Эмнеге дейм да. Анын атасы да бар, жаш…
Бая күнү уят болду го, өзү кызык. “Эже-е, Эже-е” деп чакырат. Чыгып, “Эмне!?” – десем, “Эже керек эле” дейт. Таягын таянып алып, онтоп жатып бир топтон кийин апам чыкты. “…Ии, Талант, келдиңби балам? Ой.., менин, ушул ооруп жатканымды билесиң, мени чакырбай эле, Жийдени чакырбайсыңбы? Мага караганда жеңил эмеспи. Убара кылбай. Аа, жугундуңду итке куюп кой”, — деди апам.
– Жок! — деп кызарып кетти ал. – Бул эт, силерге. Чараны кыйшайтып көрсөттү. 3-4 килдей чийки эт экен. Мен антип арданганы үчүн абдан каткырып күлдүм. Талант ого бетер оңтойсуз абалда калды. Апам:
– Колундагыны ал, бошотуп бер. Күлөт да – деди мага. – Ыракмат Талант. Апаңа ыракмат айтып кой, балам, — деп бурулуп кетти. Менин колум анын колуна тийип кетпесин деп абдан этияттык менен табакты андан алып, үйгө кирип кеттим. Биз эч качан бири-бирибиздин атыбызды үн чыгарып айтпайбыз. Биздин үн-сөзсүз макулдашылган сырыбыз. Муну эч ким билчү эмес. Апам дагы. Ит ажылдап жатат… Чуркап келип күзгүнү карасам бети-башымдын баары ботала.
— Ии, жейге кийим! Шак карадым. Апам мени “жерге кирим” деп эркелеткендегиси. Иретсиз, ак аралашкан, саксайып, түйдөктөгөн чачын карт толгон колу менен матырып сылап койду. Мени карап туруптур. Дарыга боелгон жыгач таягына жөлөнүп, бетиндеги бырыштарынын ичинен жылмайып карайт. Баятан бери байкап турган тура. Уурум кармалгансып, оңтойсуз абалда калдым.
– Бетиңди жууп ал. Тигиң күтүп калды, — деди тамашалап. Намыстанып кеттим. Эмне үчүн жууйм!? Ага жасанган жокмун. Кайсарым кармап кетти.
– Анан жуунам. Кир болом баары бир, көзүмө бир нерсе кирип кетти – деп сопсоо көзүмдү сүрө баштадым.
– Болбойсуңбу!. Күтүп жатат. Бер табагын. Итти ажылдатпа! – деп жини келип керебеттин четине онтой отурду. Бетимди жуубай, чарасын ыргытчудай болуп карматып, жаман көзүм менен карап, шарт бурулуп кеттим. Ал таң калгандай карап калды. “Кет, жогол, болбосо этиңди алып келип, берип салам” – дегим келди.
Кирсем апам жатып алыптыр. Мени сынагансып карайт. Бир нерсе дейин деп камданып, умсунуп, кайра ырайымды көрүп сүйлөбөй койду. Ошондо эмнени сурайын деди экен?
Андан бир топ күн өткөндөн кийин апамдын курбусу Клава келиптир. Тегерек тарагы менен сейрек, куу чачтарын артка таранып алат. Апам: “Давай, погадай мне Клава” – деди. Анысы: “Щас” – деп, менден карта күттү. Бердим.
Карталарды көп убак бою түрдүүчө тизди, үңүлүп отурду, анан бир убакта: “Таак, ну, Айна, болезнь неизлечимая, у тебя. Через полгода умрешь. Дочь твою отец заберет. А ее родные”- дейт мени көрсөтүп. “Вот так”. “Да?” деди апам, унчукпай оор ойго чөмүлүп кетти. Ошол күнү аз эле онтоду.
Китепти жаап, уйкуга жөнөдүм. Бөлмөмө кирип жаңы эле уктайын деп жаттым эле, бир убакта апам катуу онтой баштады. Оюм чачылып, терезедеги айдын жартысын карап жаттым.
– Ичиңизчи, кичине эле. Анан кантип айыгасыз? – деген эжемдин үнү угулат.
– Ой, кокуй ой… Оо шорум. Шорум ай, анан ушинтемби? Катыгүн ай, мен өлсөм силер шордобойсуңарбы. Экөөң кайда самсыйсыңар? Жетим атанып тиесиңерби күйөөгө? Жаным ай…
Жиби үзүлгөн шурудай болуп оюм онго бөлүнүп, апамдын өлгөнүн элестете албай жаттым. Бир топ убакыт өткөндөн кийин эжем кирип келди. Көзүмдү жума салдым. Бир нерсе унутса керек. Чырак жандырат го. Жок. Акырын жаныма келип, бетимден өөп, чыгып кетти. Деми ысык. Атүгүл жүрөгүнүн кагышын уккансыдым. Мурдун шор тартып алды. Кайдан пайда болду билбейм. Ичимде бирөө өлгөнсүп, жаздыкка жүзүмдү буруп алып, өксүп, эчкирип жаттым.
Апа… апа… ап-па… Чын эле апамдын өлүшү мүмкүнбү?… Корком. “мен өлсөм эрге жетим атанып тиет турбайсыңарбы” – дегени коркунучтуу сезилди.
Көзүмдүн жашы түгөнүп, башым кеңгиреп, акырын туруп терезеге келдим. Ай көрүнбөйт. Айда адамдар майрамдап кетип калгандай сезилет. Айда ошондой!