II Түрк дүйнөсүнүн жаш акындар фестивалы өттү
Азербайжандын маданий борбору Шуша шаарында II Түрк дүйнөсүнүн жаш акындар фестивалы өттү. Эл аралык маанидеги маданий иш-чарага түрк дүйнөсүнүн алты өлкөсүнөн келген жаш акындар катышты.
16–17-июль күндөрү «Вагиф поэзия күндөрүнүн» алкагында Азербайжандын маданий борбору Шуша шаарында Эл аралык ТҮРКСОЙ түрк маданияты уюмунун, Азербайжан Республикасынын Маданият министрлигинин жана Гейдар Алиев фондунун колдоосу менен «II Түрк дүйнөсүнүн жаш акындар фестивалы» уюштурулду.
Фестиваль түрк дүйнөсүнүн жаш калемгерлерин бир аянтчага чогултуп, жалпы адабий мурасты даңазалоо, маданий байланыштарды бекемдөө жана чыгармачылык кызматташтыкты өнүктүрүү багытындагы маанилүү эл аралык иш-чарага айланды.
Фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземине Азербайжан Республикасынын Маданият министри Адил Керимли, Эл аралык ТҮРКСОЙ түрк маданияты уюмунун Башкы катчысы Султан Раев, Анкара Социалдык илимдер университетинин ректору Муса Казым Ариджан, Түркия Жазуучулар союзунун төрагасы Мухаммед Энес Кала, Азербайжан Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Салим Бабуллаоглу, Кыргызстандын Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Атантай Акбаров, Өзбекстан Жазуучулар союзунун өкүлү Дилфуза Каршибоева, Түркмөнстандын Маданият министрлигинин өкүлү Акмурат Режепов, Азербайжандын Эл акыны Вахид Азиз жана түрк дүйнөсүнүн белгилүү акын-жазуучулары, окумуштуулары жана маданият ишмерлери катышты.
Кыргызстандан жаш акындар Мелис Маматжанов, Ырысгүл Изатова жана Максат Жангазиев катышып, Молла Панах Вагифтин атындагы төш белги менен сыйланышты.
Фестивалдын ачылышында сөз сүйлөгөн ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев Шуша шаары түрк дүйнөсүнүн маданий эс тутумунда өзгөчө орунга ээ экенин белгиледи.
Ал мамлекеттерди чек аралар бөлүшү мүмкүн экенин, ал эми маданият, искусство жана поэзия адамдардын жүрөгүн бириктирерин баса белгиледи. Ошондой эле Юнус Эмреден Молла Панах Вагифке, Абайдан Махтымкулуга жана Жолон Мамытовго чейинки жалпы адабий мурас түрк дүйнөсүнүн эң күчтүү руханий байланыштарынын бири экенин айтты.
Султан Раев ТҮРКСОЙ уюму жаш акындарга жана жаш чыгармачыл инсандарга өзгөчө маани берерин белгилеп, былтыр Кыргызстандын Ош шаарында залкар акын Жолон Мамытовдун урматына алгачкы ирет өткөрүлгөн фестивалдан кийин быйыл Шушада уюштурулган экинчи иш-чара бул демилгени салтка айландыруудагы маанилүү кадам болгонун белгиледи.

На вашем сайте нет Метки, поэтому здесь нечего показывать.
Фестиваль алкагында жаш акындар Шуша шаарында өткөн поэзия кечелерине, маданий иш-чараларга, панелдик талкууларга жана чыгармачылык жолугушууларга катышты. Ошондой эле фестивалдын катышуучулары Шушанын тарыхый жана маданий жайларын кыдырып, Азербайжандын бай адабияты жана маданий мурасы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
