Жаңылыктар

Өзбек акынынын жаңы китеби Кыргызстанда басылып чыкты

Өзбекстан Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Шухрат Орифтин “44-күз” аттуу жаңы ыр китеби Бишкек шаарында “Мукай” басмаканасы тарабынан жарык көрдү.   Китепти өзбек тилинен  таланттуу акын жана Жолон Мамытов атындагы эл аралык сыйлыктын дипломанты Гүлүмкан Исаева кыргыз тилине которгон.

Китепке Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары, белгилүү акын Атантай Акбаров баш сөз жазган.

Шухрат Ориф өзбек адабиятын башка өлкөлөргө таанытып келе жаткан чыгармачыл акындардын бири. Быйыл сентябрда анын “Mavi erk” аттуу китеби түрк тилинде Анкара шаарында да жарык  көргөн.

Анын ырлары англис, түрк, азербайжан, кыргыз, казак, түркмөн жана уйгур тилдерине которулган.

2025-жылы Шухрат Ориф Өзбекстан Президентинин жарлыгы менен “Достук” ордени менен сыйланган. Ошондой эле түрк дүйнөсүнүн адабий байланышын өнүктүрүүгө кошкон салымы  үчүн эле аралык ТҮРКСОЙ уюму тарабынан да таанылып, атайын медаль менен сыйланган.

About the author

Жазуучулар Союзу