Англис тилинде жарык көргөн китеп

Лондондо «Hertfordshire-Press» басмасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Наргиза Карасартованын англис тилинде «Leah and Aya The Sewing Doll» аталышындагы китеби  жарык көрдү. Автор “Ачык Евразия – 2022” сынагына катышып, “Публицистика” категориясында биринчи орунду жеңген. Ошол сынактан алган 5000$ менен китеп басылып чыкты. Китеп алгач орус тилинде жазылып, кийин англис тилине которулду. Жомоктор жыйнагынын редактору Тимур Ахмеджанов, иллюстрациясын жасаган Светлана Насынбатова. «Leah and Aya The Sewing Doll» китебинин электрондук варианты Amazon.com сайттарында сатыкка коюлат жана китеп сактоо боюнча дүйнөдөгү экинчи орунда турган – Британиянын китепканасына жиберилет. Бул жомоктордун топтому толугу менен…..

Жаш калемгер М.Матназаровдун “Бай бала” жомок китеби жарык көрдү

Жаш калемгер Марлэн Матназаровдун кенже балдар үчүн жазылган “Бай бала” аталышындагы жомоктор жыйнагы жарык көрдү. Аталган китепке улуттук колориттеги иллюстрациялар камтылган жана коммерциялык максатта сатууга коюлат. Китептин редактору: балдар акыны, жомокчу, энциклопедист 20дан ашуун китептин автору Ысмайыл Кадыров. Сүрөтчүсү: “Tart” жаш сүрөтчүлөр уюшмасынын мүчөсү Мар Амандыков. Китептин 1000 нускада чыгуусуна жеке ишкерлер демөөрчүлүк кылышкан. Жомоктор жыйнагы Бишкек, Ош шаарларындагы китеп дүкөндөрүнө таратылат жана башка конкурстук иш-чаралар өткөрүлөт. Автор китептерден түшкөн акчаны чогултуп, улуттук баалуулукту чагылдырган мультфильм тартууну ниет кылат. Марлэн Матназаров 23 жашта. Учурда Борбордук Азиядагы Америка Университетинин юриспруденция тармагында толугу менен…..

Сулайман Рысбаев: Жакшы ата издеген бала тууралуу жомок

Жакшы ата издеген бала тууралуу жомок (Бүгүнкү күндүн жомогу) Ушул эле биз жашаган чоң шаардын четинде бир эрке тентек бала жашачу. Анын атасы өз эмгеги менен күн көргөн, баласынын да эмгекчил болуп өсүүсүн тилеген карапайым адам экен. Ал эрке баласына күндө акыл кеңештерин айтып, кичинекей болсо да татынакай, кооз, айланасы бак-шактуу үйүндө жашап жатышыптыр. Эрке баласы атасынын тапканын ичип-жеп, сатып берген кийимин кийип, үйдө жүрсө уйкуга, талаада жүрсө оюнга тойбойт. “Окуп жатам” деп мектепке барганы менен, анысын да жарытпайт. Бекерчиликке көнүп, жалкоо болуп чоңоёт. Аны көрүп, атасы бир күнү буларды толугу менен…..