“Беш акын” теледолбоорунун экинчи жеңүүчүсү аныкталды

КР Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан уюштурулган “5 акын” теледолбоорунун 2-көрсөтүүсү жыйынтыкталды. Долбоорго катышкан беш акындын ичинен калыстар тобунун чечими менен акын, журналист Атахан Кожогулов жеңүүчү болду. Катышуучуларга беш талап коюлган: 1. Эки ырын көркөм окуп берүү, 2. Автордун калемине таандык обондуу ыр аткаруу, 3. Түрк тилдүү элдердин акындарынын биринин ырын тапшырма боюнча которуп келүү, 4. акындыктан тышкары таланты менен тааныштыруу, 5. КРУЖС тарабынан даярдалган суроолорго жооп берүү жана эч жерде жарыяланбаган жаңы ырын окуу. Бул жолку көрсөтүүдө толугу менен…..

“Беш акын” теледолбоорунун жеңүүчүсү К.Урманбетов

“Беш акын” теледолбоорунун биринчи көрсөтүүсү ийгиликтүү өттү. Биринен бири өткөн мыкты таланттар К.Урманбетов, Б.Сарыгулова, Ж.Саалаев, М.Осмонкулова, А.Темировалар ат салышып, жыйынтыгында Кыялбек Урманбетов жеңүүчү болду. Кыргыз Эл акыны К.Култегин төрагалык кылган К.Кадыракунов, А.Өмүрканов, Ү.Култаева, Г.Шакирова, С.Орозобекова, М.Токторов, Ж.Маматова, А.Исмаилов – тогуз адамдан турган калыстар тобу таланттарга өз баасын берип отурду. Көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырган кечеге катышкан бардык акындарга, калыстарга, уюштуруучуларга, КТРКнын эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз. Жеңүүчү болгон Кыргыз эл акыны Кыялбек Урманбетовду чын дилден куттуктайбыз жана мындан аркы чыгармачылыгына ийгиликтерди каалайбыз.