Толкун Ади уулу: Жарым эс

Жарым эс Асман күмбөзүнүн бир капталы бузулуп карарып, тигил алыстагы бийик тоолордун башына шатыратып жамгыр төгүп жатты. Ал эми береки түздө болсо асман көгөрүп ачылып, күн жаркырап тийип турду. А ушул эле асманы ачылып турган кең саздын жээгиндеги сайдын шар суусунда бир жаш келин сууга чөмүлүп жатты, анын суу болуп кеткен жука ак көйнөгү терисине бек чапташып, жаш келиндин толукшуп, чытырап турган аппак денеси кудум суудагы күмүш балыктай жылтылдап адамдын көзүн уялтып турду. Бир убакытта келинчек бет маңдайындагы өзүнө ырсайып карап турган эркек кишини көрө коюп катуу чочуп кетти да, толугу менен…..