Жунай Мавлянов: Нан (аңгеме)

Нан (аңгеме) Мындан үч-төрт күн илгери Жаныбек жаңы таамил алма багынын бир четинде чычкан кулагындай бариктерин эртели-кеч жүргөн желге жалмалатып турчу жалгыз түп талдын көзүнө карабай, эки түз кадасын кыйган болучу. Кабыгын аарчып таштаганга тез кургаса керек, кечинде жакшылап чыңдалган эки кетменди аларга аштап кийгизди да, бүгүн күн али нурлуу жүзүн ааламга көрсөтө элек маалда, биринин артынан экинчисин удаа тамдын тебөсүнө ыргытты. Жан жыгачы күнгө күйүп, эскиси жеткен шатыга бут койгондо майланбаган арабанын күпчөгүндөй андан «кыйыч-кыйыч» эткен жагымсыз добуш чыгып турду. Белгилүү Бозбунун зааркы жели… Эрте менен кечинде ал тараптан толугу менен…..