Некролог

КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Зулайка Мурзатаева каза болду. Зулайка Мурзатаева Токтогул районунун Чоң-Арык айылында 1951-жылы туулган. 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепте кыргыз тили, адабият мугалими, окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары болгон. З.Мурзатаеванын 1991-жылы “Жалбыз жыты” аттуу алгачкы китеби жарык көргөн. Андан соң “Кайрылып учпас каркырам”, “Ыр булак” китептери чыккан. Бир катар ырларына обон жазылган. Ал билим берүүдөгү эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы”, “Методист-мугалим” наамдары менен сыйланган. 1998-жылдан бери Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Акын Токтогулда жашап, агартуу тармагында толугу менен…..