Сүйөркул Тургунбаев: Мен өзүмдү эмир сезчүмүн, Баратканда сага жанашып

Бийик ойлор Көөдөнүңдө канча баккан гүлүң бар, ал гүлдөрдү сен бапестеп өстүрсөң. алар күтөт сенден мөлтүр тамчылар мөлтүр тамчы – сенин тунук ойлоруң шол ойлордон гүл барчалар ачылар ошол бийик идеялар шоораты Ата-Журттун асманында жаркырап салют сымал шоола чачып атылар элге, жерге той түшкөндөй чачырар.   Кыздары бышып мөлтүрөп -Кыякка кыяк кышмы-шыяк кыздары бышып мөлтүрөп азгырган тарап кайсыл жак?   Кулангабыз беренден кубандырган сөз чыгат: -кызыктырган ар убак Кызыл-Ай деп аталат Кыздаркандын айлы жак.   -Оң тарап да, сол тарап Жийденин жыты буркурап. Куштардын үнү чулдурайт Ушул жактын дайынын Жашырбастан толугу менен…..

Чыңгыз Айтматов: Адабий тажрыйба – өтүкчүнүн өнөрү эмес

(«Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат» китебиндеги асыл нускалар)   ***** Ар бир адамдын өз Мекени бар. «МЕКЕН» деген сөз кыргызда – ата-бабанын жери, туулуп-өскөн жер дегенди билдирет. Ал, албетте, гүлбакча эмес. Абдан сагындырып, бир көрүүгө куштарланткан Талас жергемди ак-карасы аралаш жаткан өз келбетинде көз алдыма элестетүүгө аракеттенем. Эгер мен аалам койнун аралаган космикалык саякатта жүрүп, жер жөнүндө ойлончу болсом, сөзсүз аны өз айылым Шекердин образы аркылуу элестетерим бышык. Анткени, менин башатым – ушул Шекер. Ушул жерде аталарым жана бабаларым жашаган. Ушул жерде мен жарык дүйнөгө келип, турмуш тааныгам, өз толугу менен…..