Нурали Кабул: Талаа жолу

Талаа жолу (аңгеме) «Буга чейин жер үстүндө аялзаты бар экен, алар жөнүндө кандайдыр бир жаңы сөз айтыш мүмкүн». С.БУФФЕР Жан жыргаткан жылуу топурагы кызыл ашыкка жете келген талаа жолунда оңуп кеткен керза өтүгүмдү сүйрөй кырманга карап жол тартам. Ойлонуп баратканым үчүн анда-санда мүдүрүлө түшөм. А түгүл пединститутка кире албай шерменде болуп айылга кайра келгеним да көзүмө көрүнбөй кетет. Кырманчылардын окууга байланыштуу айткан азил-шакабаларына деле кулак бышты болуп калдым… Окуп адам болгондо Турдукул кеңкелес адам болор эле. Бир техникум, эки институт жана дагы алда кандай курстарды бүтүргөнмүн дейт. Болгон кызматы – толугу менен…..