Курсан Пахыров (Чандеки): Ынтызарлыктын ырлары

Окурман ой бөлүшөт Ынтызарлыктын ырлары (Бүүрайма Худайбердиеванын “Сирень гүлдөгөндө” деген ыр жыйнагына пикир) Колумдагы сырты жупуну “Сирень гүлдөгөндө” деген ыр жыйнакты окуп отуруп издегеним табылгандай, көңүлүм жайлана түштү. Атайын сатып алган сырты кооз 400-500 беттик олчойгон ыр китептерден көңүлгө болорлук, купулга толорлук эч нерсе таппай шаабайым сууп турганда, бул сырты көрүмсүз, арзан кагазга басылган ырлар топтому жан-дүйнөмдү жандантып, сезимдеримди бир кыйла сергитип кеткендигин белгилеп кетишим керек. Алдын ала эле айткым келгени, жыйнакка баш сөз жазган акын Бакытбек Мукарамов айткандай: “…Бүүрайма эженин ыр ааламы маңызындагы таасирдүүлүгү, фалсафалак ой жүгүртүүсү, жанга майдай толугу менен…..