Мар Байжиев: Ууру катын

Ууру катын (Аңгеме) –О-о! О-у-у! Кармагыла! Кармагыла, тигини! Кармагыла! – деп кимдир бирөө ак калпагын булгалап, айдоо менен сербектеп чаап келе жатты. Анын кашкайган башы күнгө жаркырайт. Картошка отоп жүргөн окуучулар үрккөн улактардай селдейип туруп калышты. –Агай, кимди кармайбыз? – деди кыз. –Ырас эле, бул ким өзү? – Мугалим агай таңыркап далысын куушуруп койду. Балдар биринин сөзүн бири бөлүп кужулдашты. Бир тобу, чаап келе жаткан көк башы Таштан аба, анткени үстүндөгү жашыл чапан экен дешсе, башкалары жок, бул Бөкөн чоң ата дешти. Дагы бирөөлөрү, бул Таштан аба да эмес, Бөкөн толугу менен…..