Улан Мамбетжанов: Азыр дале ошол кезди эстетет, Гүл кучактап түшкөн жалгыз сүрөтүӊ

Айылдык кара тору кызга Айылдык бир сулуу бар кара-тору, Ал мени кылып койду жүрөк оору. Багынтып сезимдерди койсо керек, Өзгөчө сулуу болуп ушул жолу.   Эргидим, жашыра албай сезимдерди, Оорутуп, кыйнап бүттү сезим мени. Атайлап башка менен жолуксам да, Негедир андай эргүү сезилбеди.   Кат жаздым, катып турат кабатталып, «Сүйөм», – деп кат бере албайм жакын барып. Карааны көрүнбөсө издей берем, Арактан турган өӊдүү ачуурканып.   Кыйнаба айылдык кыз кара тору, Анткени, кылып койдуӊ жүрөк оору. Сен менден канча ирет качсаӊ деле, Мен сени сүйөм деймин ушул жолу   Сүйгүм толугу менен…..