Абдулла Орипов: Бул жашоодон көңүлү сууган адам, кеселдеген тулпарга окшоп турат

Абдулла Орипов (1941-2016) Дарчы Булут жандап… Асмандын так алдында Кирпиктеги көз жаш сымал дарчы тур. Кылыч мизи – аркан менен ал мында Көзүн жумуп басып кирди – шарт ушул.   Колдогула, кол чапкыла, чап толук?! Кандай чапчаң! Кандай эпчил! Кашайбай… Бизчи… биздин көзү ачыктар баш болуп Даңгыраган жолдо жүрбүз баса албай…   Сагыныч Үзүк-үзүк булуттар, Чексиз асман, Тоо артында төтө жол – айкын белек. Мекендебей… бар түйшүк кетип баштан, Мен бүт-бойдон кашыңа кайткым келет!   Ичтим тагдыр шарабын ачкыл-кычкыл, Сездим асман чапчыган кумар күчүн. Билдим – адам жашабайт жайдыр-кыштыр Сынап толугу менен…..