«Ракмат койчу, чабанга»

Адабиятчы Садык Алахандын залкар акын Райкандын термелери жөнүндөгү макалалар түрмөгүн жарыялоону улантабыз. Бул ирет “Рахмат койчу, чабанга” деп аталган термеси жөнүндөгү макаласын сунуштайбыз. «Ракмат койчу, чабанга» Залкар Р.Шүкүрбековдун кийинки термеси болуп «Ракмат койчу, чабанга» деген чыгармасы эсептелет. Сөз болуп жаткан жанрдагы чыгармаларынын эң кыскасы. Бирок, козгогон проблемасы өтө бийик, мазмуну терең деп тартынбай эле айтсак болот. Акын аткарган иши, жасаган жумушу өтө оор койчу, чабандарды «ырыстуу сонун адам» деп атап, анан алардын түйшүктүү эмгегин өтө иш билги мүнөздө көркөм баяндап берет. «Чү» деп сөз баштаганда эле момундай сабалаган саптарга туш толугу менен…..