Эрнис Турсунов: Кыргыз эл – Күнгө жакын эл эмеспи, Кыр-кырда улар өңүп, кийик кууган

Ах, кыргыз жери! Эр жигит, сабыр кылып тургун бир аз, Эл-жерин айта кетүү акынга парз. Улуу тоо – кырк миң булак оргуган жер, Урпакка мекен болуп калганы ырас. Бактылуу улуу тоодо туулгандар, Бул тоолор бабалардан калган мурас.   Асыл жер кыргыз жери бел-белестүү, Акынга ал бир дастан эң элестүү. Аскасы, ар бир жаткан борчук ташы, Абалтан кыргыз жүргөн жер эмеспи. Андыктан, төр жайлаган кыргыз эли, Ат жалын тарта билген эл эмеспи.   Дүйнөнүн чокусунда бийик турган, Дүркүрөп тоодон оту күйүп турган. Сүт көлү булак болуп ийип турган, Үйлөрү булуттарга тийип толугу менен…..