Эгемберди Эрматов: Тургунбай Эргешов жөнүндө

Тургунбай Эргешов Тургунбай Эргешов 1960–70-жылдары басма сөзгө жарыяланган ырлары менен өзүнүн акындык жүзүн көрсөткөн эле. Ошол учурда жалпы хордон анын үнү айырмаланып турчу. Ырларындагы өзгөчө курч саптар окурман катары мени өзүнө тартчу. Тубаса таланттуу акын экендигин адабий чөйрөдө айтып жүрүшчү. Алгачкы чыккан ырлары менен эле элдин назарына илинүү оңой-олтоң иш эмес. ***** Көзү тирүүсүндө бир дагы ыр китеби чыкпады. Буга, биринчиден, акындыктын жолун, тагдырын башкача түшүнүп алып ичимдиктин артынан кеткендиги тескери таасирин тийгизсе, экинчиден, ошол учурда басмада иштеген ичи тар, көралбас, таланттуунун жолун тоскон ортозаар акын сөрөйлөрдүн кесепетинен болду окшойт. Бир нече китептери басмаларда саргайып кезек күтүп жатып, акыры толугу менен…..

Майрамыңыздар куттуу болсун!

Урматтуу асылзаада айымдар, майрамыңыздар куттуу болсун! 8-март Аялдардын эл аралык майрамы менен чын дилден куттук айтып, сиздерге бекем ден-соолук, бакубат жашоо каалайбыз. КРУЖС Башкармалыгы Байдылда Сарногоев Аял, аял Жалаң жакшы, жаманы жок аялдын, Жан жыргалы, жароокери адамдын. Турмуш көркү, дүнүйөнүн туткасы, Yйдүн куту, апакеси балаңдын. Жаман дебей, жакшы дедим баарысын, Акыйкаттап айтпайт дебе калысын. Кетирсе да бир ката эмес, миң ката, Кекээрлебей кечирип кой анысын. Аял, аял.., айтар сөзүм менин миң, Сенсиз секунд жашай албайт көрүндүм. Элжиретип эркелеген назыңа Эркек болбой, таш болсом да эрирмин. Өлүм парз го өкүмүнө көнөрмүн, толугу менен…..