Талантаалы Бакчиев: Аман Саспаевдин “Каныкейдин алтын билериги” жөнүндө

Аман Саспаевдин “Каныкейдин алтын билериги” жөнүндө “Манас” эпосунун мотивинде 1991-жылы жазылган көркөм адабияттын аңгеме жанрындагы бул чыгарма С.Каралаевдин вариантындагы үчилтиктин биринчи бөлүгүндө баяндалган – “Каныкейдин ордосун Абыке, Көбөштүн талап кетиши” аттуу окуянын негизинде жазылган. Жазуучунун С.Каралаевдин вариантына кайрылгандыгынын себеби да бар. Биринчиден: 1958-1960-жылдардагы кыскартылган курама варианттан жана С.Каралаевдин, Ж.Мамайдын айтуусундагы варианттан сырткары бул окуя башка варианттарда (1991-жылга чейин) жарык көрө элек эле. Экинчиден: окуя биринчи менен экинчи бөлүктөрүнүн ортосундагы байланыштыруучу окуя болуп эсептелинет. Ал эми негизинен окуянын өзү, мааниси жана мазмуну жагынан көбүнчө экинчи бөлүккө жакыныраак. Үчүнчүдөн: кыскартылган курама вариантка толугу менен…..