Ибрагим Түркхан: Султан Раев заманбап жазуучу

Азыркы кыргыз адабиятынын таанымал өкүлдөрүнүн бири Султан Раев абанын бүгүн туулган күнү экен. Ал, Түркияда эки китеби жарык көргөн, көптөгөн мамлекеттерде сыйлык алган заманбап жазуучу! Абаны бүгүнкү туулган күнү менен куттуктап, “Жылдыздарды аралап-Yıldızların Arasında” аталыштагы китебимде ага арнаган бөлүмдү назарыңыздарга тартуу кылам. Султан абага чың ден-соолук, чыгармачылык көптөгөн ийгиликтерди каалайм. “Султан Раев заманбап жазуучу” Чынгыз Айтматов, чындыгында кыргыз адабиятынын эң улуу жазуучусу болуу менен бирге, түрк дүйнөсүнүн жана дүйнөлүк адабияттын да эң алдыңкы жазуучуларынын бири. Айтматов жараткан чыгармалары аркылуу кыргыз адабиятын дүйнөгө таанытып, элинин маданиятын эң сонун чагылдыруу милдетин жогорку толугу менен…..