Кыял Тажиева: Чагалдактын жан дүйнөгө түшүргөн чакчалакейи

Чагалдактын жан дүйнөгө түшүргөн чакчалакейи (Кыргыз -Түрк Манас университетинин 4-курсунун “У войны не женское лицо” (реж. Ч.Замирбеков) спектаклинен алган таасир туурасында) Кеч болчу. Эшик суук. 705 театрынын алдында турдук… Кудум экинчи дүйнөлүк согуш жөнүндөгү дүйнөгө даярданып турганыбыздай айлана дагы өтө сүрдүү жана сырдуу эле. Эски типтеги беш кабат үйдүн жер төлөсүнүн эшиги ачылды. Көрүүчүлөр кирген соң жер төлөнүн коридоруна тыгылдык. Сыртта согуш жүрүп, биз баарыбыз ушул жерде баш калкалап тургандай абалга туш болдук. Ооба, дароо жаш кыз жертөлөнүн эшигин бекитип, душмандар кирип кетпесин деп жыгачтан жасалган щит менен, анан шаты толугу менен…..