Сүйүнбай Эралиев: Ак Мөөр (соңу)

Сүйүү, сүйүү Оттор өчүп, кеч күүгүмдө жагылган, Үйлөр жымжырт түндүктөрү жабылган. Жар салгансып жаңырыктайт кашка суу, Мончок бүркүп улам жарга кагылган. Асман тунук. Сапар тартып сан жылдыз, Каяккадыр, каяккадыр агылган. Ортосунда араң калкып ай барат, Мис табактай түнкү көрккө тагылган.   Тыноо кагып, тынч көшүлөт капчыгай, Өжөрлөнүп жели кырга чапчыбай. Кайда, кайда?.. Калган белем көрүнбөй, Кызын жазап кырда олтурчу чакчыгай. Кабак чытып карагансыйт сары аска, Жазмыш өзү жасап койгон сакчыдай. Жолборс сүрдүү жондор жатат комдонуп, Кылым ачпай сырын ичке катчудай.   Аяк серппейт Соң-Көл андан ныксырап. Ай кучактап уктап жаткан толугу менен…..