Эсенбай Нурушев: Бектуруш – синэстетик акын

Азыркы кезде акындар көп. Бектуруш алардан эмнеси менен айырмаланат, өзгөчөлөнөт? Биринчиден, Бектуруш – синэстетик акын. Синэстетика деген дүйнөнү өзүнчө кош кабылдоо, аралаш көрүү, туюу дегендик. Ушундай мыкты сапаттар таланттуу акындарда, айрым төкмө ырчыларда, туйгусу күчтүү сүрөтчүлөрдө болот. Өкүнүчкө карай, мындай изги сапаттар көпчүлүк калем кармагандарда жок, болсо да аз. Ал эми Бектурушта мындай чеберчилик күчтүү. Ал бир эле көрүнүштөн бир нече сүрөт, картинаны көрөт, жаратат. Ушуну синэстетика деп айтат, бул термин адабияттын теориясында дагы бар. “Тосордо” деген ырын мисалга тартам: “Чөккөн тоолор окшошот мис чөөгүнгө, чокуда кар агарат пил сөөгүндөй. толугу менен…..