Достун жоругу же арактын күчү (сатиралык аңгеме) Айылда айдоочу досум бар. Ушунчалык түнт неме дейсиң, оозунан бейчеки сөз чыкпайт. Ырдатмак тургай, атайын суранып да сүйлөтө албайсың. А бирок, ачуудан жутуп алса барбы-ы, тимеле эч кимге сөз бербейт, мындайда ырдачу болсо токтотуп көр! Көп сүйлөбөгөн үчүнбү (аракты сейрек иччү), кызып алып какылдап-какшап сайрап киргенде угуп калалы дегенсип, айылдаштары ошонун эле оозун карап калчубуз. Ырдаса үнү жакшы болгондуктан кыйкырып коштоп укчубуз. Той-топурда тимеле бийди эч кимге бербейт. Жаш кезде ичип “концерт” коймок тургай ичкенибиз билинип калчу болсо биз токмок жечүбүз, ал болсо мактоо толугу менен…..