Эрнис Асек уулу: Тайгаланып кеткен Бакыт жүрөктөн. Тайыз сууга чөгүп өлгөн Ишеним

Кубаныч менен кайгынын, ачуу менен таттуунун, өмүр менен өлүмдүн “жарк” дей түшкөн учкундары Гитара Үнү чыкпайт, созолонбойт негедир, тыңшагансыйт ойлуу олтурган ээсин. 1987 Кемпир жана кумган Карган кемпир олтурат даарат алып, бырыш колго суу куят эски кумган. 1987 Музоо Колдорума тийип кетип суу тумшугу, колдорум самап кетти быдыр тилин. 1987 Абышка Күн табында олтурду бир картаң чал, аптап күнү соолуп жаткан көлчүктөй… 1987 Ширенке Көпкө жатты бир кычыкта ширенке, аягында калды жалгыз күйгөн тал. 1987 Кагаз Жүрөк эле алакандай бир кагаз, Окулду да, ошол замат тытылды. 1987 Жаздык Эки колдун толугу менен…..