Шабданбек Кулуевдин эстелиги орнотулду

25-ноябрда Кыргыз Республикасынын Гимнин автору, Кыргыз Республикасынын эл мугалими, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Шабданбек Кулуевди эскерүү болду. Ал 2020-жылы 24-ноябрда 78 жаш курагында дүйнө салган. Эскерүү иш-чараcsнын алкагында “Ала-Арча” көрүстөнүндө эстелиги ачылып, ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков, коомдук-маданий ишмерлер, жакындары жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Шабданбек Кулуев Жумгал районунун Чаек айылында 1942-жылдын 1-январында жарык дүйгөгө келген. Эмгек жолун 1963-жылы Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март, Каракол башталгыч мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1992-жылы Жалил Садыков толугу менен…..

Акын, КРнын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири Ш.Кулуев дүйнөдөн өттү

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев 78 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Акын Шабданбек Кулуев 1942-жылы 1-январда Жумгал районунун Чаек айылында туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1963-жылы Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март, Каракол башталгыч мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1969–1990-жылдары Жумгал районунун Жумгал, М.В.Фрунзе атындагы орто мектептеринде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, директор, 1990–2006-жылдары Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектебинде математика мугалими болуп иштеген. Республикалык “Кыргыз туусу” гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы болуп иштеген. толугу менен…..