Акын түгөйлөр А.Токтомушев менен Ш.Келдибекованы эскерүү кечеси өттү

15-ноябрда К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында  акын жубайлар Алым Токтомушев менен Шербет Келдибекованын көргөзмөсүнүн ачылыш аземи жана эскерүү кечеси болуп өттү. Иш-чарага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов баштаган акындар – Токтосун Самудинов, Сагын Акматбекова, адабиятчылар – Чоюн Өмүралиев, Самсак Станалиев, Эсенбай Нурушев ж.б. катышты. ТҮНКҮ ГҮЛДӨР …Көп күттүм. Күттүм көпкө… Көпкө күттүм… Кар болуп из түшелек Кадыр түндө, келет деп, бир жарк этип кадимкиңдей. Жарыгым, турна мойнум, жаз саамайым ачылды жылдыз менен түнкү гүлдөр жалгыз сен ачылбадың, мерес болдуң жаз саамайым, жарыгым, турна мойнум. …Көп күттүм. толугу менен…..

Шербет Келдибекова: Балким ысмым сыйрып турмуш пардасын, Селт эткендир капилеттен жүрөгүң.

КӨӨНӨРБӨС НУК Жылтыр шаңы өчөт кездердин, Шүүдүрүмү кетет чөптөрдүн, Дуулай берет тынбай бу тирлик, Жаш көбөйөт, көптөрдү эстеймин.   Туманданып өткөн жаш курак, Жылдар агып, жылга бастырат. Эске салсам мен курлуу энемди, Эбегейсиз жанын карч урат.   Жеткен кими түйшүк түбүнө? Антсе да өмүр ошол тирүүгө. Түпкү эне да бир кез түрүнүп, Түшкөн чыгаар тирлик бийине.   …Жылтыр шаңы өчпөй кездердин, Шүүдүрүмү калып чөптөрдүн, Чаалыгарда кайра дүрт этип, Чарк урунган энемди эстеймин.   Түк кургабай нымы чөптөрдүн, Түпсүз экен нуру кездердин. Агарганда чачым, а балким, Атамдын шол чагын эстээрмин.   толугу менен…..

АЯЛДАН ГЕНИЙ ЧЫГАТ ЭКЕН…

Айтылуу алтымышынчы-жетимишинчи жылдардын адабияты жөнүндө сөз кылуу кызык да, жооптуу дагы. “Кызыгы бул – жашоосун бүтүндөй ырга арнаган адабий муун өмүр тагдырында ырдан башка дагы үй, түйшүк, кызмат, үй-бүлө, мүлк, байлык, оокат деген нерселердин бар экенин анча аңдоос албай, ачкабы-токпу, карандай жанып, өздөрүнүн чакан мейкиндигин аалам менен айкалыштыра карап, батыш менен чыгышка бой созо, жарыкка тойбой, кооздук десе дүйнөнү чылк кызыл-тазыл элестеткен фанат болушкан. Көп окуп, көп изденип, көп жазып, которуп, талдап, эң активдүү аталгандар, бир курдай топ, “маңыздар” тобу Т.Муканов, К.Бейшебаев, М.Төлөмүшов, К.Ботояров, Р.Карагулова өңдүүлөр жетимишинчи жылдары университетти бүтүп, толугу менен…..