Алмазбек Эркебай уулу: Нурлан Калыбековдун поэзиясындагы сандардын сыры

Нурлан Калыбековдун поэзиясындагы сандардын сыры Акын Нурлан Калыбековдун поэзиясындагы керемет кудуретке ээ сандар жөнүндөгү сөзүмдү ислам дининин негиздөөчүсү Мухаммед пайгамбардын “Сандардын сырын чечмелей албаган илимпозго көп нерсе караңгы” деген сөзү менен баштагым келип турат. Сандардын магиясы жөнүндөгү илимди исламда-Абджад, христиандарда-Нумерология, иудаизмде-Каббала деп аташат. Теңир жалгаган сан менен тамгалардын эзотерикалык (жашыруун ыйык сырлар) кулпуланган космостук сырларына ой созуу, кирип келген жаңы Көнөк (Водолей) доорунун, 21-кылымдын нагыз стихиясы. Ошондой таза таасирлердин толкунунда термелген акын, тамгаларды сыйкырдуу сандарга аралаштырып жууругандыгы, адам менен ааламдын шайкештигин тапкан олжолуу табылга. Башканы коюп Манасты айт демекчи, мен, толугу менен…..