Садырбек Турдубек уулу: Арышымды кере чуркап алайын, Арабаны чечкилечи бир азга!?

*** Маданиятты ичип алып мас болдум, Мактап турдум чаңын дагы таш жолдун. Апийимдин сүтүнө окшош – поэзия, Алды жашын мендей далай автордун.   Бөлөктөрдүн оюн, жолун жолдобой, Бөөдө наалат, кылча кыйкым ойлобой. Кууйм ойду миң кайталап бир сөздү, Кудай атын зикир кылган молдодой.   Толсо экен деп улуу ойго ар сабым, Тоодой ойдон, алтын сөздү чайкадым. Байып жүрүп, ырдан каухар таап алып, Байкабапмын жыртыктыгын байпагым.   Циклоп же эгиз тоолор Көрө албастык айынан оңолбогон, Көркоом болдук капкара ой ойлогон. Циклоп мени суктантып турат бүгүн, Бир көзүнө бир көзү жоо болбогон. толугу менен…..

Садырбек Турдубек уулунун “Ыракета” ыр китеби жарык көрдү

Жаш төкмө жана жазгыч акын Садырбек Турдубек уулунун “Ыракета” аттуу ырлар жыйнагы “Улуу тоолор” басмасынан 1000 (миң) нускада жарык көрдү. аталган жыйнакка автордун мекенди аздектөөгө, ата-эненин кадырына жетүүгө үндөгөн ырлары, махабат темасы жана турмуштун ар кыл кырдаалдарына ой жүгүрткөн чыгармалары камтылган. Китеп жалпы окурмандар үчүн арналат. Андыктан, жаш калемгерди алгачкы ийгилиги менен куттуктап, кең келечек каалайбыз! Алгачкы эмгегиң кут болсун! Демиңе дем кошуп, чыгармачылыгыңа шык болсун! Садырбектин ыр дайрасынан ырахат алам дегендер болсо, жакынкы аралыкта китеп дүкөндөрүнөн таба аласыздар. Ыр дайра Жан дүйнөнү чөл кылбас акындар – СУУ, Асылдар бу… толугу менен…..