Лайли Үкүбаева: Улут сыймыгы – улуу аалым Хусеин Карасаев

Хусеин Карасаевдин 120 жылдыгына карата Улут сыймыгы – улуу аалым Хусеин Карасаев Кыргыз элинин улуттук сыймыгы, улуу аалым, Кыргызстанда түркология илимин негиздегендердин сап башында турган алгачкы окумуштуу-лексиколог, агартуучу, кыргыз журналистикасы, фольклористикасынын башатында турган, алардын көз жарып, калыптануусуна зор эмгек жасаган, кыргыз котормо адабиятынын өнүгүшүнө алгачкылардан болуп салым кошкон ар тараптуу инсан, чыгаан педагог, кыргыз элиндеги өрнөктүү үй-бүлөнүн эталонун жараткан мээрман ата, сүйүктүү жар Хусеин Карасаев агайыбыздын быйыл 120 жылдык мааракеси. Х.Карасаев агай белгилүү илимпоз, замандашы Зияш Бектеновдун 80 жылдык юбилейинде минтип айткан экен: “Адам баласы өзүнүн көзү тирүү кезинде өзүнө толугу менен…..