Самат Уранкай: Базар дүйнө

Базар – дүйнө “Жол… жол… жол! Жылып коюңуз, өтүп кетейин. Жол! Жол!”- деген тачкечилер такымды шылый, биринин артынан бири шашыла өтөт. Жылыга ушул маалда Дордой базарынын соодасы кызыйт. Жаңы окуу жылына даярдык көрүү үчүн балдарын ээрчиткен ата-энелер, менчилеп ээрчитпей “эндей”, жалкы келип, таңдан бери таманы тешиле кыдырып жүргөндөр оголе көп. -Ак көйнөктөр канчадан?.. -Шымды да сизден алсак канчага бересиз?.. -Бизде тигилгенби? -Мындан чоңу барбы?.. -Баасын түшөсүзбү? -Жол, жол! Өтүп кетейин… -Жол!.. Сооданын жолун тапкандар, жол сураган тачкечилер, балдарын байпагынан баш кийимине чейин кийинтип, бакытын тилеп, мектепке берип, түбөлүгүн түздөөгө, жолун түптөөгө толугу менен…..