Байтемир Асаналиев: Балдар! Балдар, сүйүнчү!

Шүүдүрүм Тамчылар мөлтүрөйт, Таң эрте чөптөрдө. Аябай таңданды, Айнура көргөндө.   Моюнга тагуучу, Мончок… деп ойлоду. Берметтей тамчылар… Бетин жууп ойноду.   Аңгыча чачырап, Алтын күн нурлары. Сан жеткис шүүдүрүм, Заматта кургады.   Куурчак Ырдатышса – ырдаймын. Ыйлатышса – ыйлаймын. Кичинекей кыздарга Кирпигимди ымдаймын. Алар менен кошо ойноп, Айтор, кечке жыргаймын.   Үн Бузуп үйдө тынчтыкты, Шуулдаган үн чыкты. Сарман менен Шарапат, “Самолёт” – деп талашат. Ысык жашын көлдөтүп, Самоор экен карасак.   Кимиси балбан? -Мен күчтүүмүн – деп Мурат, -Мен күчтүүмүн – деп Турат, Ортосунда экөөнүн Ойда күчөп эрегиш, толугу менен…..