Рюноске Акутагава: Караңгыдагы маек

Караңгыдагы маек Үн. Сен мен ойлогондон таптакыр башка адам болуп чыктың. Мен: ага мен күнөөлүү эмесмин. Үн. Ошентип ойлотуп мени чаташтырган сенсиң. Мен. Жок. Мен эмесмин. Үн. Бирок сенин бардык көркөм, керемет нерселерди жакшы көрөрүңдү билем. Же жөн эле жакшы көргөнсүп жүрөсүңбү? Мен. Жакшы көрөм. Үн. Эмнени жакшы көрөсүң? Көркөм чыгарманыбы же өзүң сүйгөн аялдыбы? Мен. Анысын да, мунусун да. Үн. (кекээр күлкү менен) минтип айтуу менен сен өзүңө-өзүң каршы чыккан жоксуңбу? Мен. Каршы чыккан жокмун. Аялды сүйгөн адам байыркы кооз, керемет фарфор буюмун сүйбөшү мүмкүн. Ал фарфордун кооздугун, кереметин толугу менен…..