Байтемир Асаналиев: Көз айнек

Көз айнек Күлсүндүн таенеси бар. Аты – Ракыя. Күлсүн таенеси экөө аябай ынак. Ал апасы жумушунан келгиче шынаарлап анын жанынан чыкпайт. Таенеси да көп учурда небересинин ою менен болуп, айтканын эки дебейт. -Таене, жомок айтып берчи? – дейт Күлсүн, бир оокумда. -Айтса, айтып берейин, алтыным! – деп таене иргилбей макул болот. Анткени, Күлсүндүн таенеси көп-көп жомокторду билет. Анан экөө жумшак орундукка маңдай-тескей олтуруп алышып, түркүн жомоктун кызыгына батышат. Күлсүн бар болгону үч эле жашта. Ошол себептүү, таене да жомокторун аны түшүнсүн деп, азыраак жөнөкөйлөштүрүп айтат. Ал эми Күлсүн болсо аябай толугу менен…..