Султан Раев: Топурак

Мурат апасынын акыркы сөзүн укпай калды. Алыскы Швецияда иш сапар менен жүргөн. Мурат узак жолго сапар тартар алдында Ошко келип, апасынын жанында көпкө отурган. Жарым жылдан бери төшөктө узак жатып калган апасынын акыбалы күндөн күнгө оорлоп, өңү өчүп, купкуу тартып, жаак эти шылынып түштү. Кумсарган жүзүндө тирүүлүктүн изи өчүп бараткандай сезилди. Иреңи суз. Ара чоло эриндери бүлк-бүлк этет. Ичинде жыландай уюп жаткан оорунун зардабы, жанын жан алдырбай ичтен катуу бурап, эртели-кеч онтотуп чыгат. Дүйнөсү чарк айланган кемпирди ажал тушап, сары чырмооктой жабышты. Көзүн жумса эле көргөн актыгы шүүдүрүмдөй кулап, жумулган толугу менен…..

Султан Раев: Эмне дейм сизге, эжеке?

Сабактын бүтөрүнө беш мүнөтчө калган. Эжеке мурдунун учуна түшүп калган көз айнегин жогору түртүп: — Балдар, эртең чогулуш болот. Бардыгыңар ата-энелериңер менен келишиңер керек, курулай шылтоолоп, «колу бошобой калды, иши чыгып калыптыр»,— деген сөздөр болбосун,— деди. Анан эжей мени бир карап алды да сөзүн улантты: —Асанкулов, сен да эсиңен чыгарба, өткөндөгүдөй шылтооңду койгун, сүйлөштүкпү?— деп өзгөчө белгилеп койду. Аңгыча коңгуроо кагылды. Балдар жанатан бери ушуну эле күтүп тургандай эжейдин сөзүн аягына чыгарбай, бири-бирин жаалап сыртка чу коюшту. Мен партадан көңүл кош турдум. — Асанкулов, сен эмне, ооруп калгансыңбы? Ырайың да толугу менен…..

Султан Раев: Туман

(Энем  Касиеттин  жаркын  элесине  арнайм) Урматтуу жүргүнчүлөр! Аба ырайынын шартына байланыштуу Бишкек–Ош 113-каттамы эртеңки саат 9.00гө которулду! – диктордун үнүн укканда Мусанын бешене териси тырыша түштү. Эки күндөн бери калың туман түшүп, бир да самолёт абага көтөрүлгөн жок. Бу кабарды уккан башка жүргүнчүлөр да ичинен кейип, ачуусу кашайып, учуп кетебиз деген үмүттөрү таптакыр үзүлдү… айрым териси жука, чыдамы жоктор билеттерин тапшырып, кассада отурган кыздар менен урушуп да кирди. Күнөө билет саткан кыздарда болбосо да, эки күндөн бери карайлап, жол акмалаган немелер күтүүдөн тажап, ачуусун ушулардан чыгармак болду. Кээ бирөөнүн айткан толугу менен…..