Догдурбек Юсупов: Көл толкуну

Көл толкуну “Көз жетпеген көктүгүңдүн үстүндө, Күнөөсү жок толкунуңду сагынам”   Айлык сапар кетсең дагы агылып, Жүз көрүшөр ырыстуу күн табылып. Жыл айланбай кайра келем кайрылып, Ысык-Көлдү жан боорумдай сагынып… (Алыкул Осмонов) *** Онду бүткөндө журналист болот элем, акын болот элем деп, Кыргыз улуттук университетинин филфагына тапшырып, жакшы эле келатып, төртүнчү сынактан кулап калдым. Бир жыл орто мектепте улук пионердик жетекчи болуп иштеп, кийинки жылы Пржевальск педагогикалык университетинин литфагына тагдыр буйруп өтүп кеттим. Өтүүмө мектептеги менин мурдагы класс жетекчим, орус тили мугалими, кадимки Чыңгыз Айтматовдун кайнежеси Анипа Урматова эже түздөн-түз толугу менен…..