Керимбек Кадыракунов: Көргөн көзгө көркүң берип жарашык, Кай жеринде жүрдүң экен дүйнөнүн

Кай жеринде жүрдүң экен дүйнөнүн Ишенимди келбейт менден издегиң, Ынандырбас ыза аралаш биздеги үн. Ашыктыктын арзуу сөзүн арнасам, Сап башында турарың чын тизменин.   Салкын тартып турат быйыл күздө күн, Салбырыңкы санаа артты бизге ким. Ойлор келет оодарылган булуттун оюмунан элесиңди издегим.   Мелжий кеткен көз талытар бийик бет, Аскадайсың көккө умтулган бийиктеп. Чамам жетсе чарк айланып бармакмын, Учкан куштун канатынан кийип кеп.   Капилет күч берер балким бизге дем, Ыкка салып ымаланы түздөгөн. Качан, кайдан кабыларың биле албай, Карыптаймын жоктон үмүт үзбөгөн.   Чиеленген турмуш, күчөп күймөлүүм, Илмек учун толугу менен…..