“Жигердин” Бишкектеги поэзия күндөрү: Чыгармачылык сапар достук маанайда жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте уюштурган “Жигер” чыгармачылык борборунун Бишкек шаарындагы поэзия күндөрүнүн соңку иш-чаралары катары О.Ибраимов менен жолугушуп, И.Арабаев атындагы КМУда поэзия кечесин өткөрүп, ИСИТОдо жыйынтыктоо болду. Кенен токтоло кетсек, 3-апрелде саат 10:00 дө Кыргыз-Түрк-Манас университетинде cынчы, адабиятчы, котормочу, мамлекеттик жана коомдук ишмер О.Ибраимов менен жолугушуу болуп, “Жигердин” калемгерлеринин алдын-ала берилген китептери боюнча талдоо жүргүзгөн О.Ибраимов, чыгармалар боюнча, жалпы эле жаштардын чыгармачылыгы боюнча пикирин айтып, жандуу маек жүрдү. Күндөгүдөй эле, 15:00дө И.Арабаев атындагы КМУда өткөрүлгөн поэзия кечесине күбө болгон зал толугу менен…..

“Жигердин” Бишкектеги поэзия күндөрү: 2-күнү Ата-Бейитте, А.Токомбаевдин үй музейинде, КМКТАУда болду

Кыргыз Республикасынын Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте уюштурган “Жигер” чыгармачылык борборунун жаш таланттарынын Бишкек шаарындагы поэзия күндөрүнүн 2-бөлүгү Ата-Бейит мемориалдык комплексине баруу менен башталды. Андан соң А.Токомбаевдин үй музейине экскурцияга барып, улуу инсандын өмүр жолу, чыгармачылыгы менен кеңири таанышты. Иш-чаранын жүрүшүндө мерчемделгендей, саат 15:00дө Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде поэзия кечеси өткөрүлүп, жетекчилери баш болгон КРУЖСтун мүчөлөрү, “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын, Жаңы толкун” адабий клубунун жаштары, студенттер, жалпы ыр сүйүүчүлөрү күбө болду. Ошондой эле, ара-чолодо теле радиолорго маек берүүгө, ырларын толугу менен…..