Марк Твен: Калети окшоштук

Калети окшоштук (аңгеме) Анча жылдар мурун Нью-Йорк штатындагы Соломонка вокзалына келдим. Ал жерден башка бир поездге отуруп, алыска сапар чекмекмин. Жанымда шеригим да бар эле. Вокзалда жык-жыйма, шашылган эле адамдар, байкашымда алар деле мен чыга турган поездди күтүп турушкандай. Кассага бардым да абдан шашылыш экенимди айтып тезирээк мага бир билет таап бер деп өтүнүч кылдым. Кассир айым башын чайкап, билет таба албай турганын айтты. Аламан элдин арасынан кысылып, кыйналып аралап жүрүп вокзалдын бир кызматкерин таап, мага бир орун таап, ушул поездде жөнөтүп коюшун сураныч кылдым. Ал чекесин чүрүштүрүп мени карап туруп, толугу менен…..