Омор Султанов: Өмүрүмдө жаңылышкан кездерим, Жолдон калган жүргүнчүгө окшошот

Акындар «Акындарга кыйын го, Түнөрүшүп жай басат? Дайым ойлоп жүрүшүп, Калышат го аз жашап?»   Жаңыласың, жан досум, Оорубасын көңүлүң: Акындар бизден көп жашайт, Ырына берип өмүрүн.   Сүрөтүмө Көз айырбай неге тиктеп турасың? Эгер сага айтсам сөздүн ырасын: Кылым кыркып, далай жылды кайчылап, Мен картайып, сен керектен чыгасың.   Сонун жылдар келет, кетет, күтөбүз, Сен да эскирип, мен да эскирип бүтөбүз. Эгер менин жакшы ырларым бар болсо, Эскирбейбиз узак жашап үчөөбүз.   Ак кууну көрүп… Ысык-Көл жайытына ак куу жайып, Көңүлдүн кирин жууп, жээкке чайып. Эреркеп өрдөктөрү алдейленип Толкуну толугу менен…..