Рубаилер ***** Окуйм ушул дүйнөдө мен – жалганда, Турмуш катаал, мугалимим андан да. Карысам да шакиртимин турмуштун, Али эрте устат наамын алганга. ***** Ай-ааламдын түбү кайда? Табыштап Чечкиле – деп Кудай берген табышмак. Акылмандар түрлүү оюн айтышып Адашууда. Кайдан сырды табышмак? ***** Чаң сапырган балага сен бакырба, Мындай дегин, салып аны акылга: “Алдагы чаң – Кей-Кубаддын жүрөгү, Күлүн балам, Парвиз хандын сапырба!” ***** Буга чейин өттү айдын нечени, Кайтпас болду акылманы, чечени. Таманыбыз басып жаткан топурак, Сулуу кыздын карегидир кечеги. ***** Тагдыр күчтүү, аны эч ким толугу менен…..